Физик өлүмдөн кийин жашоо бар экенин далилдеди

1304

Түндүк Каролина медициналык университетинин профессору, биоцентризм теориясына таянып, өлүмдү биздин аң сезим жараткан иллюзия деп атады.

Роберт Ланц, өлгөндөн кийин адам переллелдик дүйнөгө өтөт деп айтты.

Изилдөөчүнүн айтымында, адамдын өмүрү мультиааламда, кайра гүлдөп өсүп турган көп жылдык өсүмдүккө окшош. Биз көргөн нерсенин баары, биздин аң сезимдин аркасы менен гана бар, деп санайт окумуштуу. Родерт Ланц, адамдар өлүмгө ишенет, анткени аларды ошондой үйрөткөн, же болбосо, өмүр ички органдардын иштеп турушу менен гана ассоциация болот. Ланцтын оюнда, адамдын өлүмү өмүрүнүн абсолюттуу токтошу эмес, параллелдик дүйнөгө өтүшү менен түшүндүрүлөт.

Физикада эчактан бери эле, Ааламдын ар кандай вариациядагы учу-кыйры түгөнгүс саны бар экени тууралуу теория бар. Болот турган нерсенин баары башка жерде болуп жатат, демек, өлүмдүн болушу да мүмкүн эмес.

Ланцтын айтымында, өмүр Ааламды жаратат, биз ойлоп жүргөндөй, тескерисинче эмес жана өлүм аркылуу өзүнүнүн жашоосун улантат.
Anan.kg