Мамлекеттик ипотеканы бардык жарандар пайдалана алат

1098

“Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак жай программасына эми бардык жарандар катыша алат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрага орун басары Урматбек Кокочаров айтты.

Мамлекеттик турак жай программасына буга чейин негизинен бюджеттик мекемелердин кызматкерлери катышса, мындан ары каржылоо механизмдери өлкөнүн бардык жарандарына бирдей шартта жеткиликтүү болот”, — деди ал.

Негизги басым Бишкек жана Ош шаарларына гана эмес, аймактарга жасалат. Программа тиешелүү министрликтер менен макулдашылып бүттү, август айынан баштап иштей баштайт.

Пайыздык чен жылдык 4%га чейин төмөндөтүлөт. Ошондой эле мурда алынган ипотекалык насыялардын да пайыздык чени 4%га чейин түшүрүү каралып жатат. Ижара жана ипотека насыянын мөөнөтү 25 жылга чейин узартылат.
Maralfm.kg