«Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

27 - Июня  2018 | 9 : 38506
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                    

 Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 62 мамлекетинде гана улуттук кан запасы 100% камсыздалган, ал эми калган 40 өлкө азыркыга чейин үй-бүлөлүк жана акы алган донорлорго көз каранды. Алардын арасында Кыргызстан да бар. Кан борбору донорлордун санын көбөйтүү максатында ар кандай  акцияларды өткөрүп келет. Бирок ага карабастан донорлордун саны жыл сайын азайып жатат. Жалал-Абад облусундагы кан борборундагы кандын запасы жана алардын түрлөрү тууралуу “Кызыл-Ай” коому менен биргеликте маалымат жыйында адистер кабар беришти.

Дүйнө боюнча ар бир секундада ар кайсы курактагы адамдардын ден соолугунда кан куюуга аргасыз болгон  жагдайлар жаралат. Алардын бири Сузак районуну тургуну Малика Мырзахамдамова 12 ээли ичегисинде жара пайда болуп, кан кетип ооруп, алсыз жатып калган. Аны  оор акыбалда ооруканага алып келишти .  Бирок ,дарыгерлер “биз эптей албайбыз ,биз билбейбиз”- дешти.  Анан тез арада Ошко алып келишти.Мындай абалдарда акы албай, өз эрки менен кан тапшырган донорлор жардамга келишет. Бейтаптын 6 бир тууганы кан берүү менен өмүрүн сактап калышкан.

Жалал-Абад областтык кан борборунун бөлүм башчысы Айчүрөк Капарованын  маалыматында” бейтаптырды кан плазма менен камсыз кылуу  ооруканада тартыш .Ошондуктан бир туугандары ташырууга туура келет. Кан борбору акыркы учурда Кыргызстанда ыктыярдуу кан донорлору азайып, ооруканаларда кан тартыштыгы сезиле баштагандыгын, адамдар түрдүү оорулар менен ооругандыктан кан тапшырууга келгенде албайбыз. “ Учурда биздин борбордо 10л запас кандар бар. Бирок кээде сейрек кездешүүчү  топтордогу кандар кездешет 15% адамдар отрицательный булар бизде эле дефицит болот. Ошон үчүн бизде отр. «Р» массалар жетпей калат”-дейт..

 

 

Кыргызстанда мурда  кан борборуна күнүнө 80-90 донор кан берип келсе, азыр бул сан 15-20га чейин төмөндөп кеткен.  Мындай жагдайдан чыгыш үчүн кан борборунун адистери  бардык каалоочуларды кан тапшырууга чакырышат. “Биз бардык жарандарыбызга ушул оорулуу адамдарга, жабыркалуучуларга, кан керек болуп калышы мүмкүн. Ошол учурда келип, кан тапшырып кетүүңүздү суранабыз,. -  деди Жалал-Абад областтык кан борборунун бөлүм башчысы Айчүрөк Капарова 

Туугандарына кан берген донорлор - биринчи орунда, ал эми акысыз, өз каалоосу менен тапшыргандар - экинчи орунда, андан кийин - активдүү резервдеги донорлор турат. Өнүккөн мамлекеттерде акысыз кан тапшыргандар - биринчи орунда, Кыргызстанда болсо тескерисинче. 2012-жылдын майында КР Өкмөтү тарабынан республиканын  саламаттык сактоо тармагын реформалоо боюнча “2012-2016-жылдарга “Ден соолук” деген аталыштагы Улуттук программа кабыл алынган. Аталган программанын негизги максаты – республиканын калкынын ден соолугун коргоого шарт түзүү жана чыңдоо болуп саналат.

      Эгер ушул улуттук программа мамлекеттик деңгээлде кабыл ала турган болсо,баардык министирликтер, ведомстволор ушул жагынан бизге жардам беүүсү керек. Ошондо дагы теле коммуникация да бар, ошондо бекер кан тапшыргандардын саны көбөймөк.

 

Мыйзам боюнча, бир кан берүүгө - 300 сом, плазмага - 500,

иммундук плазма тапшыргандарга - 700 сом төлөнөт. Кайрымдуулук багытын коздоп  кан тапшырса болот. Ушул тапта өлкөдө 3049 ардактуу донор катталган. Биринчиден, ардактуу донор деген наамга тактыктуу болуу үчүн 30 ирет бекер, акысыз кан бериши керек. Ал үчүн донорлор ассоциациясы ай сайын 1000 сомдон жөлөк акча  болуп берет. Жарандар бир нече текшерүүдөн өткөн соң гана кан тапшырууга болоорун айтышат. 52жаштагы Жалал-Абад областтык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мите-курт изилдөө лабораториясынын бөлүм башчысы Тамара Бектенова 15жылдан бери студент кезинен тарта кан  тапшырып келген. Айтымында эч кандай зыяндуулугу жок жана ал тескерисинче ден-соолукка пайда алып келээрин айтат. Ушул күнгө чейин 80 литрге жакын кан тапшырган.

Ал эми азыркы учурда коомчулукта кан берүү менен ден-соолукка терс тааасирин тийгизет деген көз караш сиңип калган. Мындай ойго 2008-жылдан бери ынтырдуу түрдө кан тапшырып келген Нурсултан Рустамов төмөндөгүдөй жооп берди. “Акысыз кан берсе, зарыгып келген адамдарды төрөт үйлөрүндө, гемотология бөлүмүндө кандардын запасы көп болсо ооруларды сактап калганга бут шарттарыбыз болот. Дагы бир жолу кайрылып кетемин Эч кимге зыяны жок  кайра пайдасы гана бар”- дейт, ал.

 

КРнын Улуттук Кызыл-Ай коомунун өкүлү Зафарбек Абидовдун маалыматында. Көбүнчө жол кырсыгына учураган жарандар кан жоготуу менен жеринене каза болуп калып жатышат. Андыктан биздин коом Ош-Бишкек каттамында жүргүнчүлөрду ташып эмгектенген айдоочуларды жана Жалал-Абад обласстык жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүнүнүн 40ка жакын кызматткерин атайын окуудан өткөргөнбүз. Анда кырсык болгон учурда алгачкы жардамды кантип көрсөтүү керек? Бейтап көп кан жоготпоо үчүн жер жардам келгенге чейин алгачкы жардамды көрсөтүүнүн этаптарын окутуп практика жүзүндө көрсөтүп бергенбиз. Андан сырткары мамлекеттик мекесе уюмдарга, аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлерге, күч түзүмүндө эмгектенген кызматкерлерге барып түшүндүрүү иштеринен соң ыктыярдуу түрдө кан тапшырууда жана кан компонеттерин чогултууда көмөктөшүп келүүдөбүз- дейт, ал.

 

 

      Донорлор берген кан алгач Гематология борборунун, ортопедия жана травматология, онкология борборлору менен төрөт үйлөрүнүн бейтаптарына жиберилет. Учурда республика аймактарында дайыма кан тапшырып жүргөндөрдүн саны - 30 миң, Бишкекте - 10 миң. Бирок Канга болгон муктаждыкты азырынча толтура албай атабыз.    Дүйнөлүк саламаттык уюмунун стандарты боюнча миң адамга 40 донор туура келиши керек. Ал эми Кыргызстанда миң адамдан болгону 6-су  донор болуп кан тапшырышат

 

Элиза АКЖОЛТОЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майда эмес маселелер арбын Майда эмес маселелер арбын

Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүндө өткөн коллегияда жарандарды турак жай менен камсыз кылуу, административдик башкаруунун  абалы  ошондой эле  тарых жана маданият жылындагы аткарылып жаткан иштер...

6 - Июня  2016 | 18 : 71018
ВИЧ илдети баш ооруга айланууда ВИЧ илдети баш ооруга айланууда

  Област аймагында бүгүнкү күндө  708 атуул ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алган, анын 76сын жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт. Мындай маалымат областтык саламаттыкты сактоонун координациялык кеңешменин Ноокен...

6 - Июня  2016 | 18 : 111302
Секелектердин тагдыры сестентет Секелектердин тагдыры сестентет

Областта акыркы үч жылда 15-17 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу көбөйдү.  Ага мисал иретинде 2013-жылы 146 кыз үй-бүлө курган. Андан кийинки жылы 205 кыз мектепти бүтпөй турмуш жолуна аттанган. Былтыр  212 өспүрүм кыз...

6 - Июня  2016 | 18 : 42833
Үй курганга жер берчи Үй курганга жер берчи

2009-жылы республикада сугат аянттарды турак-жай үчүн бөлүп берүүгө мораторий жарыяланган. Ага чейин өлкө аймагында 38  миң  адам  айыл чарба жерлеринин сугат жайларына 42 миӊ турак  жай куруп алган. Бирок,...

7 - Июня  2016 | 12 : 451023
Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады

Жалал-Абад шаарынын  Ленин көчөсүн кеңейтүүнүн  экинчи этабы башталды. Борбордук жолду кеңейтүү  жумушун колго алган шаар бийлигинин  аракетин  шаар жашоочулары гана эмес,  областтын  калкы да...

10 - Июня  2016 | 16 : 40531
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН? ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН?

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы быйылкы 17-майда Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 26-июнундагы №41 жер аянтын сатуу жана сатып алуу...

15 - Июня  2016 | 10 : 31318
Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө

Жалал-Абад шаарында  21-22-июнь күндөрү  айыл чарба азыктарын жарнамалоону жана областка инвестиция тартууну көздөгөн  II Эл аралык  бизнес форум   болуп өттү.  Анда  айыл чарба азыктарынын...

27 - Июня  2016 | 12 : 221655