Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

30 - Августа  2018 | 9 : 39427
Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

            

                 Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков атындагы филармониянын жамааты  “Келин алуу” салттык сахналаштыруусун жергиликтүү коомчулукка, мекеме-уюмдардын жамааттарына тартуулашты. Аталган жамаатка моралдык жана коомдук колдоо катарында өткөн бул саамалыкка катышкан бир топ мекемелерге терең ыраазычылыктар айтылды.

               Ал эми билеттерин алып келбей койгон областтык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба аймактык башкармалыгына, Газ чарба башкармалыгы, областтык Архив башкармалыгы, “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмү жана  Жалал-Абад шаардык мэриясына көпчүлүктүн көңүлү канааттанбады. Кайра областтын намыс-арын коргоп, жүзүн сактап, таанытып келе турган жогорку маанидеги маданий иш-аракетке ушунчалык кайдыгер караган тарап катары бааланды.   

               Ырасында да жакшы иш кылышпады. Себеби көчмөндөр оюну жөн гана ооз учунан айдап койчу жел эмес, ал дүйнөлүк мааниси жогору, Кыргызстандын, анын ичинде областтын, жергиликтүү башкаруудагы уюмдардын биримдигин, ынтымагын, уюшкандыгын сынаган улуу саамалык. Мындай ишке белсенип, аймактын намысына чабылган тараптарды колдобой коюу – акылга сыйбаган мамиле. Андайлардын кош көңүлдүүлүгүн коомдук мамилеге кайдыгерлиги, же өзү билемдиктин ашкан чеги дебегенде эмне демекпиз. Ылайым жолдору болушсун...

 

Нурумбет Алишев, Жалал-Абад шаары

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн  бала бакча ачылат Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

Былтыркы жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы  №52870 аскер  бөлүгүн расмий ачылуусуна келгенде, аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган.  Өлкө башчы...

9 - Июня  2016 | 11 : 30580
Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды

Жалал-Абад шаарында электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселесин  ишкерлердин катышуусундагы тегерек үстөлдө талкууланды Жакында  “Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин электрондук-санарип кол...

6 - Июня  2016 | 17 : 39530
Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди

Социалисттик Эмгектин Баатыры Шамшидин Сүйөркулов атындагы борборлоштурулган аймактык оорукананы медициналык кызматкерлердин республикалык тармактык профсоюздарынын өкүлдөрү көрүп чыкты. Мамлекетибиздин ...

6 - Июня  2016 | 17 : 421810
Төрт бөлмө жаңы  ачылды Төрт бөлмө жаңы ачылды

Тогуз-Торо районунун №4-Иса Иманбердиев атындагы орто мектептин мугалимдери мектеп окуучуларына тереңдетилген билим берүүгө умтулууда. Бул багытта мектепте өткөн жумада жаңыдан төрт класс-кабинет  ачылды. Бул...

6 - Июня  2016 | 17 : 44494
Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту

Бүгүнкү күнгө чейин Жалал Абад областында 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту. Мугалимдер, медиктер жана  соц кызматкерлер жеңилдетилген кредиттен үй-жайга ээ болуп келсе, эми жалпы эле бюджетте иштеген...

7 - Июня  2016 | 12 : 491301
159 миң 28 турак жай камсыздандырылды 159 миң 28 турак жай камсыздандырылды

Жалал-Абад областында 200 миң турак жай камсыздандырылыш керек болсо 159 миң 28и мамлекеттик камсыздандыруудан өтүү. Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана  айрыкча шаар жерлеринде үй жайын камсыздандыргандар...

7 - Июня  2016 | 12 : 52398
Кургак учук көбөйдү Кургак учук көбөйдү

 Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери беш бала кургак учук менен ооруду. Былтыр бул дартка тогуз бала кабылган болчу. Чоң адамдардын да  кургак учукка чалдыгуусу көбөйгөн. Быйыл беш айдан бери 35 жаран ооруса, ...

9 - Июня  2016 | 12 : 3823