Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

21 - Сентября  2018 | 11 : 23458
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

 

Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын, көчөлөрдүн аттары жана үй номурлары жок. Ишти алып баруу үчүн атайын кабинет бөлүнүп, эмерек, интернет, компьютерлер менен толук камсыздалбаган. Бул жөнүндө областтык өкүлчүлүктө өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов алып барган  эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча болгон жыйында айтылды. Ошондой эле бул жыйында камсыздандыруу ишинин жүрүшү тууралуу да маселе каралды.

Эл каттоого даярдык мактаарлык эмес

КРнын Өкмөтү 2017-жылы 23-октябрында  “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” №690- токтомун кабыл алган. Аны ишке ашыруу максатында  Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты  2017-жылы  9- ноябрында №238-токтомун чыгарып, өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов башында турган областтык комиссия да түзүлгөн.  Район-шаарларда да ушундай комиссия түзүлүп, алар1-июлга карата даярдык иштеринин эч кандай жылыштарын кабарлашкан эмес. Алар 1-2-отурумун өткөрүп кою эле жым болушкан. Айылдардын аттары, жакын жайгашкан аймактардын чек аралары тактала элек. Комиссия мүчөлөрү эмне иш кылышарын билишпей, алакан жайып отурушат. Натыйжада иштин жүрүшүн ылдамдатуу биринчи сентябрга белгиленген. Даярдык көрүү ишин солгун деп баалаган областтык статистика башкармалыгынын жетекчиси Жандаралы Садыралиев төмөнкүчө маалымат берди:

-Учурда ар бир айылды инвентаризация кылуу керек. Башкача айтканда айылда канча көчө бар, анын канчоосунун аты бар, аты жок,аты бар көчөлөрдүн канчоосунда ат коюлган табличкалары бар, канчоосунда жок, эгер аты менен кошо жазылбаса канчоосунда нумерациясы бар же, жок. Жакын жайгашкан айылдардын да чек арасын такташ керек. Алигиче каттоо ишин жүргүзүүгө толук жабдуусу менен кабинет бөлүп бербеген Жалал-Абад шаарында 414 көчө аныкталып, анын ичинен 59 көчөнүн аты жок экени маалым болгон. Таш-Көмүр шаарында 115 көчө аныкталып ,анын 52си  аты, номуру менен камсыз болгон. Калгандары 50 пайыздан төмөн камсыздалган. Ушул жылдын 31-декабрына чейин калган иштерди бүткөрүү зарыл. Базар-Коргон районунда да 58 калктуу конуштун 53ү инвентаризациядан өткөн. Жалпы аныкталган 635 көчөдөн 562 көчөгө ат коюлган. Калган 72 көчөгө ат берүү маселесин  таз арада чечүү керек.  Ноокен районундагы 55 калктуу пунктта 586 көчө аныкталып, анын ичинен 483 көчөгө ат коюлган. Аты бар көчөлөрдүн 316сына номурлар берилген. Жыл аягына чейин булар да толукталып бүтүү зарыл. Чаткал, Аксы, Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунда да айрым айылдардын аттары, үй номурлары такталбаган учурлар бар. Кара-Көл шаарынан  иштин жүрүшү боюнча эч кандай  жооп жок. Деген менен Ала-Бука районунда  жана Майлуу-Суу шаарында алкоого аларлык иштер болгон. Ала-Букадагы 42 калктуу конушта 617 көчө аныкталып, баары ат, номурлар менен камсыздалган. Майлуу-Сууда да 76 көчөнүн аты, номуру жазылган тактайчалар илинген. Бир да түшүп калган же, толук аты, номуру жазылбаган тактайчалар жок. Иш алып баруу үчүн жергиликтүү бийлик атайын жабдылган кабинет бөлүп берген.

Ушундай маалымат берген Жандаралы Садыралиев 1-ноябрга чейин район-шаарлардын статистика бөлүмдөрүндө жана айыл өкмөттөрдө эмерек, компьютер, интернет  жана байланыш каражаттары менен камсыздалган кабинет бөлүнүп берилиш керектигин баса белгиледи.  Бул жерде иштей турган кадрлар 1-ноябрдан баштап ишти башташ керек. Областардын,  райондордун, айыл аймактардын, шаар тибиндеги поселкалардын жана айылдардын ортосундагы административдик-аймактык чек араларын тактап, андагы көчөлөрдүн жана турак жай массивдеринин аталыштарын, үй ээлигинин, батирлердин номерлерин да тартипке келтирүү зарыл. Бул ишке аким-мэрлер, айыл өкмөттөр жапа-тырмак киришип, кол кабыш кылуусу абзел.

Жыйында Сузак, Базар-Коргон, Тогуз-Торо жана Аксы районунун жетекчилерине элди жана турак жайларды каттоо ишине даярдыктарды жандандыруу тапшырмалары милдеттендирилди.  

Камсыздандырууда каталар бар

Жалал-Абад областында жыл башынан бери 6 миң 538 турак жай  камсыздандырылды. Август айынын акыркы күндөрүндө областтык  өкүлчүлүктө билим берүү тармагынын жыйынында бул маселе да кошумча каралып тиешелүү аймактарга милдеттенмелер берилген. Мына ошол милдеттемелер жакшы натыйжасын берди.  Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун областагы жетекчиси Закиржан Анарбаев августагы жыйын бир кыйла эффективдүү болгонун баса белгиледи.

-Август айынан кийин камсыздандыруу ишинде алгылыктуу жылыштар байкалды. Айрыкча мекеме-ишканалардын кызматкерлери үйлөрүн камсыздандырышты. Июль айында 400 турак жай камсыздандырылган болсо, август айынын этегинде 1139 үй камсыздандырылды.  Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында көзгө көрүнөрлүк жылыштар байкалган. Шаардагы салык кызматы, соц фонд, архитектурадагы кызматкерлер 100 пайыз турак жайын камсыздандырышты. Айрым айыл өкмөттөрдө да бул иш жакшы жолго коюлган. Аксы районундагы Кара-Суу, Жаңы-Жол айыл өкмөттөрүндө жарандар камсыздандыруу ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасашкан. Ошол эле мезгилде Аксы, Үч-Коргон айыл өкмөттөрүндө абал өтө төмөн. Ала-Букадагы Балтагулов, Көк-таш айыл өкмөттөрү да мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Ноокен,  Базар-Коргон райондору камсыздандырууда жакшы натыйжа берген. Айрым Акман, Сейдикум сыяктуу айыл өкмөттөрү чеке жылытпайт. Сузак району боюнча Сузак, Кыз-Көл, Багыш жана Барпы, Таш-Булак айыл өкмөттөрүндө жакшы жылыштар байкалууда. Мындагы Ырыс, Ленин айыл өкмөттөрү камсыздандырууну капарына ала элек. Тогуз-Торо районундагы айрым Тогуз-торо, Атай сыяктуу айыл өкмөттөрдө каталыктар, кемчилдиктер көп. Жада калса жашоочулардын үйлөрүндө кызыл китептери жок.  Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарлары камсыздандыруу ишине азырынча камырабайт.

 Айтмакчы турак жайларды камсыздандырууда дагы бир жеңилдик каралды. Жайынын тех паспорту, кадастрдык планы жок жарандар айыл өкмөттөрдөн берген чечимдин негизинде турак жайын камсыздандырса болот. Бир короонун ичинде эки турак жай болсо да, бир турак жай деп эсептелип камсыздандырыла турган болду. Дагы бир кошумчалай турган нерсе, көпчүлүк жарандар азыр турак жайым жок деген справканы мамкаттоодон алуу аракетин жасап жатышат. Ошондуктан аким-мэрлер, айыл өкмөт башчылары сиздер менен биргеликте ушуну токтотушубуз керек-деди Закиржан Анарбаев.

Жыйындын жүрүшүндө М. Акматов жогоруда аты аталган айыл өкмөттөрдүн  жетекчилерине камсыздандыруу ишин алдыга жылдырууну катуу да, жумшак да айтып  милдеттендирди. Антпесе республика боюнча эсептегенде,  камсыздандыруу иши капа кылып, арткы орунда каларыбызды баса белгиледи.

                                Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майда эмес маселелер арбын Майда эмес маселелер арбын

Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүндө өткөн коллегияда жарандарды турак жай менен камсыз кылуу, административдик башкаруунун  абалы  ошондой эле  тарых жана маданият жылындагы аткарылып жаткан иштер...

6 - Июня  2016 | 18 : 71018
ВИЧ илдети баш ооруга айланууда ВИЧ илдети баш ооруга айланууда

  Област аймагында бүгүнкү күндө  708 атуул ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алган, анын 76сын жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт. Мындай маалымат областтык саламаттыкты сактоонун координациялык кеңешменин Ноокен...

6 - Июня  2016 | 18 : 111302
Секелектердин тагдыры сестентет Секелектердин тагдыры сестентет

Областта акыркы үч жылда 15-17 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу көбөйдү.  Ага мисал иретинде 2013-жылы 146 кыз үй-бүлө курган. Андан кийинки жылы 205 кыз мектепти бүтпөй турмуш жолуна аттанган. Былтыр  212 өспүрүм кыз...

6 - Июня  2016 | 18 : 42833
Үй курганга жер берчи Үй курганга жер берчи

2009-жылы республикада сугат аянттарды турак-жай үчүн бөлүп берүүгө мораторий жарыяланган. Ага чейин өлкө аймагында 38  миң  адам  айыл чарба жерлеринин сугат жайларына 42 миӊ турак  жай куруп алган. Бирок,...

7 - Июня  2016 | 12 : 451023
Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады

Жалал-Абад шаарынын  Ленин көчөсүн кеңейтүүнүн  экинчи этабы башталды. Борбордук жолду кеңейтүү  жумушун колго алган шаар бийлигинин  аракетин  шаар жашоочулары гана эмес,  областтын  калкы да...

10 - Июня  2016 | 16 : 40531
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН? ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН?

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы быйылкы 17-майда Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 26-июнундагы №41 жер аянтын сатуу жана сатып алуу...

15 - Июня  2016 | 10 : 31318
Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө

Жалал-Абад шаарында  21-22-июнь күндөрү  айыл чарба азыктарын жарнамалоону жана областка инвестиция тартууну көздөгөн  II Эл аралык  бизнес форум   болуп өттү.  Анда  айыл чарба азыктарынын...

27 - Июня  2016 | 12 : 221655