Дин эркиндиги эмнеге алып барат?

16 - Июня  2016 | 17 : 262236
Дин эркиндиги эмнеге алып барат?

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан өкүлдөр жана бир катар эксперттер областтагы жергиликтүү  дин кызматкерлери, билим берүү тармагынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган фокустук топ менен “Тегерек столдо” баарлашып кайтышты. Анда  орчундуу жана глобалдуу маселеге айланып бара жаткан  “Кыргызстанда диндин саясатташуусу жана радикалдуу диндин келип чыгышы” жөнүндө кеп салышты.  Эки саатка жетпеген баарлашууда аябай көп суроолор  талкууга коюлуп, кыска  жана так жооптор алынып жатты. Модераторлук милдетти аткарган аталган комиссиянын тышкы эксперти Жеңишкүл Молдокеева айым адегенде мындай иш-чараны өткөрүүнүн максаттарына токтолуп, ушул жерде ар бир берилген суроого ачык жана так, орчунду ойлор айтылуусун белгилеп кетти.

 

Талаштан тактык жаралат

 

Жогоруда аталган мамлекеттик комиссиянын өкүлү Рысмамат Матиев азыркы күндө республиканын бардык аймактарында дин эркиндиги кандай жолго коюлгандыгы, элдин арасында динге болгон көз караштар, анын саясатка, коомго тийгизген таасири боюнча сурамжылоо, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи. Буга чейин алар  Ош жана Баткен областтарында болуп, бир катар суроолорго жооп алышкан.  Өлкөбүздүн Президенти тарабынан 2014-жылы атайын мамлекеттик  Программа  жана Концепция кабыл алынган. Эң алдын ал иш мерчеми элге кандай жетип жатат, ички мамлекеттик түзүлүштө диндин тийгизген таасири кандай деген сыяктуу маселелер да орчундуу коюлуп жатат. Ар бир жарандын ою эске алынуу менен алдыда дагы  атайын  мамлекеттик программа түзүлмөкчү. Ушул жерден “бул маселе кеч козголуп жаткан жокпу? Эмне үчүн мурдараак киришкен жоксуңар? Акыркы кездеги  Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар тарабынан коюлган маселе жана ага карата Чубак ажы Жалиловдун жарыя кылган видео кайрылуусунан кийин кыймылдай баштадыңарбы?” деген сыяктуу суроолор жаады. Бирок, Рысмамат мырзанын айтымында “бул маселе быйылкы жылы гана эмес, мурдатан эле козголуп келет. Ага карата Концепция иштелип чыгып, талкууга да коюлган. Эми ошол талкуудан тактык жаралып, турмушка аша турган иш мерчемдер белгиленет.”

 

“Ислам дини өнүгүү жолунда”

 

Областтык казияттын, Сузак райондук  мечитинин кызматкерлеринин айтымында “бизде дин эркиндиги бар. Баш Мыйзамыбызда  “дин мамлекеттен бөлүнгөнү” айтылып турса да, биздеги бардык диндерге эч ким тоскоолдук келтирбейт. Дин багытындагы мурдатан талаш-тартыш болуп келген жагдайлар жолго салына баштады. Мисалы, ажылыкка баруу иретке түштү, мурда бир эле адам бир нече жолу ажы сапарына барып келчү. Азыр андайга жол берилбей, бир адам бир гана жолу баруусу керек. Намаз окуу  убактылары да такталды. Орозо кармоо эрежелери, убактысы, тартиби да иретке түштү. Мечиттер көбөйүп, улуулар эмес, жаштар да  барып, беш убак намаз окуп, өздөрүн ыйман, адеп-ахлактуулукка тарбиялап жатышат”.  Ушундай ойду улаган Сузак райондук мечитинин имамы Жунус Ибраимов мырза болсо,  “ар бир мечитке көзөмөл катуу экендигин, имамдардын билими, жасап жаткан иши  кезек-кезек текшерилип, алар мамлекет тарабынан маяна алып жаткан соң, кылган иши боюнча отчёт беришет. Азыр жаштар ичкиликтен тойду, кылмыштуулуктан тойду. Жалаң гана ыйман жолуна түшүп жатканына неге кубанбайбыз?” деген суроо койду.  Ошол эле учурда башка дин агымындагылар жаштарды, айрыкча мектеп окуучуларын азгырып, дисктерди, оюнчуктарды, кээде акча таркатып жаткан жагдайлар бар экендигин айтып, бирок, факты келтире албады.

 

Бир максат, бирдей аракет керек

 

Бейөкмөт уюмунан келген Асылбек Кочкорбаев диний коркунучтар, анын кесепеттери, коомго тийгизген терс жагдайлары кайдан келип чыкканын айтса, областтык билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Акылбек Токтосунов  областта 465 мектеп болсо, мечиттин саны алты жүздөн ашканын, светтик билимге караганда айрым жерлерде диний билим берүү жогорулап бара жатканын белгиледи. Диний эркиндиктен пайдаланып, жума намазга мектеп окуучулары эркин барып жатышканын мисал менен айтып өттү. Апрель-май айларында  областтын бир катар райондорундагы мектептерге  атайын рейддик текшерүү  жүргүзүлгөн  учурда  окуучу балдар жума намазга кетип, класста жалаң кыздар калган  көрүнүшкө күбө болушкан. Балдарды эч ким токтото албаган. Ата-энелер да балдарын эркин коюп, айрымдары мечитке баруусуна ачык эле жол берип жатышат.

-Мектептеги “Адеп сабагында” деле мечиттеги керектүү акыл-насааттар айтылат. Окуучу милдеттүү билимди толук алганга чейин  мындай  жагдайга аралашпай турса болот эле, дин адамдары да жаштарыбыздын эртеңки келечегин , алардын билим алып, кесипке ээ болуусун, кийинки турмушун өз алдынча улап кетишин  ойлошсо, ата-эне, билим берүү тармагы менен бир максатта иштешсе, - деди ал. Ушундай ойду  Сузак районунун мектептеринен келген  мугалимдер да колдошту.

 

Дин саясатташып баратабы?

 

Мамлекетибиздин калкынын сексен пайызын түзгөн мусулман динин тутунган  жарандар үчүн ислам ыйык жана улуу. Ошол себептенби, акыркы кезде  ислам дини саясатташып баратканы ачык эле байкалат. Эл ичинде дин адамдарынын аброю көтөрүлүп, алардын сөзү өтүмдүү болуп баратканын да жашырбайбыз. Дааватчылар эл аралап, шарияттын жолун айтса, ага муюп эле калышат. Жаназа түшүрүлүп жатса да,  шарияттан сүйлөнөт. Мектепке караганда мечиттин саны көп. Ал жерде ким эмне деп, кандай шарияттан кеп урганын териштирген деле күч жоктой. Анан эң башкысы “саясатка  дин аралашпайт” делгени менен, тымызын, ачыкка чыкпай, имам-молдокелер  “баталарды” беришип, кайсы бир партиянын кызыкчылыгын  коргоп, колдоп жатканын байкап эле  калбадыкпы. Чубак ажы Жалиловдун  видео кайрылуусу эле эмнени каңкуулайт? Ушул өңүттөгү орчундуу суроолордун айланасында кызуу талкуу, талаш жүрдү. Ар кандай жугуштуу, адам өмүрүнө коркунуч алып келе турган  дарттын алдын алуу, эмдөөлөрдү жүргүзүүдөгү тоскоолдуктар, бир катар диний көз караштагы адамдардын ымыркайларды эмдетпей, анын кесепетинен ар кандай терс окуялар жүз бергендиги тууралуу  дарыгерлер кеп салышты. Мектептерге “Дин таануу” сабагын киргизүү зарылдыгы, мектеп окуучусун балакатка жеткенге чейин мечитке тартканды токтотуу, бирдиктүү  мектеп формасын сактоо сыяктуу маселенин айланасында мугалимдер  сөз козгошту.

 

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузакта заманбап мечит ачылды Сузакта заманбап мечит ачылды

  Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн орун алган Арал айылында жаңы мечит курулуп, ишке берилди. Анын ачылышына арналган салтанатка айыл өкмөтүнүн, областтын...

8 - Августа  2016 | 16 : 391455
Жалал-Абадда дин уюмдарынын иши талкууланды Жалал-Абадда дин уюмдарынын иши талкууланды

    Жалал-Абадда дин уюмдарынын коомдун жакшырышына карата жүргүзүп жаткан иштери мурдагы жылдарга караганда кыйла активдүү болуп калды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясында өткөн дин...

8 - Февраля  2017 | 12 : 6895
"Бир момунга –бир дарак" аттуу айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү акциясы...

                Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарчасында, Курманбек, Көк-Арт жана Кара-Алма айыл округдарында  КМДБнын №68 буйругунун ишке ашыруу...

14 - Апреля  2017 | 4 : 2407
Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси... Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси...

Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси менен жеринен таанышып, шаархатибияттын иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, кириш-чыгыш каттоо журналынын абалы, көктөмөлөрдүн...

18 - Апреля  2017 | 4 : 171772
Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен 6 баланын энеси... Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен 6 баланын энеси...

   Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен шаардагы атасыз алты балалуу, турмуш шарты оор, жакыр жашаган Токтобаева Зиягулгө үй-бүлөгө 300 миң сомго үч бөлмөлүү батир сатып...

18 - Апреля  2017 | 4 : 19651
Диний агымдар коркунучтуу Диний агымдар коркунучтуу

                      Такталган маалыматтарга караганда учурда Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик 19 уюм бар. Алардын ичинен экөө...

19 - Апреля  2017 | 4 : 552659
Базар-Коргондогу имам хатибдер бирдиктүү формага өтүштү Базар-Коргондогу имам хатибдер бирдиктүү формага өтүштү

    Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун борбордук “Ак-Тайлак ата” мечитинде айыл округдун баш имамдары, жума мечиттин имам хатибдери менен  кезектеги  жыйын өтүп, буга чейинки имам...

24 - Апреля  2017 | 2 : 50626