Аксыда дарыгерлер жетишсиз

1 - Июля  2016 | 13 : 391447
Аксыда дарыгерлер жетишсиз

Райондогу медициналык мекемелер менен ооруканаларга жогорку маалыматтуу, адис жыйырма врач жетишпей жатат. Акимдин орун басары З. Калматованын  билдиришине караганда бюджеттен каржыланган медициналык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү Аксы районунда иштөөгө бөлүнгөнүнө карабай, алар бул жакка келбей жатышат. Ал эми медициналык жогорку окуу жайлардан татыктуу билим алган жаш дарыгерлер көп айлык акы иштеп табуу максаты менен  Россия Федерациясына кетип калышууда.

Районго акыркы ирет, 2014-жылы балдардын бир дарыгери келген. Андан бери бөлөк мамлекеттерден,  же Бишкектеги медициналык академияны, болбосо Ош, Жалал-Абад шаарларындагы мамлекеттик университеттердин медициналык жогорку окуу жайларын аяктагандардын районго келип иштегендери боло элек. Буга дейре элдин саламатчылыгы үчүн эмгектенип келген врачтардын көбү улгайышып, ардактуу эс алууга чыгышса да дарыгерлердин жетишсиздигинен иштөөгө туура келүүдө. Далил иретинде райондун Үч-Коргон айылындагы аймактык ооруканага хирург дарыгер жоктугун айтса болот. Андай дарыгер аргасыздан областтык клиникалык ооруканадан чакыртылып, же жиберилип турат.

Андан тышкары Ак-Суу айылындагы аймактык ооруканага терапевт адистиги бар жаш врач керек. Азыр иштеп жаткан дарыгердин жашы да бир топко барып калды. Аксы районунда райондор аралык  Чаткал жана Ала-Бука райондорун да кошо тейлеп келаткан  бир оорукана, анын алты филиалы, үй-бүлөлүк дарыгерлердин он беш тобу, фельдшердик-акушердик 43 пункт элдин саламаттыгын сактоо үчүн иштеп жатат. Райондо медициналык кызматкерлердин  кесиптик майрамы кечээ белгиленди.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Кургак учукту дарылоодо кайдыгерликке барбайлы Кургак учукту дарылоодо кайдыгерликке барбайлы

  Улуттук “Кургак учук IV” программасы иштеп жатат Кургак учук оорусунун жугуштуу коркунучун кескин түрдө азайтуу максатында Жалал-Абад областындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде...

22 - Сентября  2016 | 17 : 101708
Оорулууга дем берген борбор Оорулууга дем берген борбор

  Оорулууга дем берген борбор   Жалал-Абадда “Диабетсиз балалык” ресурстук борбору бар. Кант оорусу менен жабыркагандарга моралдык колдоо көрсөтүшөт. Азырынча түштүк...

18 - Ноября  2016 | 10 : 33868
АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ? АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?

АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?   Кыргыз табыптары ысыгы өтүшүп кетип ооругандарды 40 күнгө чейин суу ичирип оорусунан сакайтып келген. Өткөн аптада япониялык окумуштуу ачка жүрүүнүн пайдалуулугу...

23 - Ноября  2016 | 12 : 252123
Дарыгерлер бар болсун Дарыгерлер бар болсун

“Ден соолук кадырын оорукчан жан билет” дегендей мен экинчи топтогу майып катары ден соолуктун кадырын жакшы билем. Ал эми ден соолукка ара кирген инсандар – дарыгерлер. Ар дайым дарыгерлердин жардамы менен...

30 - Декабря  2016 | 9 : 11868
Төрөт үйдө эне балага аппараттар алынды Төрөт үйдө эне балага аппараттар алынды

Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнө оорулуу аялдар жана оорулуу ымыркайлардын өмүрү үчүн өтө зарыл болгон  11 даана аба өткөрүп берүүчү  концентратор алынды. Бул тууралуу   областтык...

13 - Января  2017 | 10 : 20445
ОРВИ оозду ачтырды ОРВИ оозду ачтырды

           Өткөн жылы Жалал-Абад областында ОРВИ менен ооругандардын саны 44,4 пайызга жогорулап кеткен. Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун маалыматына...

20 - Января  2017 | 11 : 58754
Сузакта салык жыйналбай, көп ымыркай чарчап калган Сузакта салык жыйналбай, көп ымыркай чарчап калган

    Сузак районунда өткөн жылы  ымыракайлардын чарчап калуусу көп катталган. Салык жыйноо жаатында да артка чегинүү байкалат. Ушундай ийгилик кемчилдигин ачыктаган Сузак райондук админстрациясы 2016-жылы...

20 - Января  2017 | 12 : 20711