Мурадил ДАНИЯРОВ, ырчы: “Шоу дүйнөсүнөн өз ордумду таптым”

18 - Августа  2016 | 13 : 124479
Мурадил ДАНИЯРОВ, ырчы: “Шоу дүйнөсүнөн өз ордумду таптым”

Алдына койгон максатына ак эмгеги менен жетип жашаган жигит бардык кызга жагат. Андай мырзага түгөй болуш - ар бир кыздын кыялы. Бүгүн дал ушундай мүнөздөмөгө ээ, ар дайым тынымсыз кыймылда жашаган “Сулуулар кайдан жаралат”, “Бул сүйүү” “Кыз-Жигит” жана башка  чыгармалары менен эл оозуна алынып, жаңы ырчылардын катарын толуктап келе жаткан таланттуу аткаруучу, обончу жана да аккордеончу жигит Мурадил Данияров менен маек курдук.

 

ЫРЧЫ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
Туулган жылы –  1993-жыл, 22-ноябрь.
Туулган жери – Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Карача айылы.

Хобиси – ыр жазуу, ырдоо.

Билими – жогорку юридикалык.

Жактырган түсү – боз, ак, кара.
Жактырган тамагы – манты, палоо.
Жактырган суусундугу – анардын ширеси.
Кыздардагы баалаган сапаты – кичи пейилдик, адамгерчилик, ыймандуулук.

Учурда – жеке аткаруучу, ырчы. Бойдок.
 

 

-Адегенде ырчылардын балалыгына көз чаптырмай салтыбызды четтеп өтпөйлү...

-Менин балалыгым туулуп өскөн кичи мекеним Базар-Коргон районунун Карача айылында өттү. Балалык дегенде эле баарынын көз алдына ата-энесинин жанында эркелеп жүрүп, чоңойгон күндөр элестесе керек. Бирок, мен кичинекей кезимде ата энеме эркелебей чоңойдум. Анткени,  үй-бүлөдө эң улуусумун, менден кийин карындашым бар болгондуктан ата-энеме эркелөө мен үчүн ыңгайсыз болчу.  Бирок, тентектик жагым бар эле. Үйгө досторумдун ата-энелери келип, “балаңды кой деп койбойсуңбу?”- деп айта беришет эле. Кийинчерээк окууну бүтүп, эс тарткандан кийин тентектигим калды.

 

-Ырчы болуу балалык тилегиңиз беле,  же талантыңызды эс тартканда байкап, анан ырчылыкка баш койдуңузбу?

-Ырчы болууну бала чагыман бери кыялданып келгем. Бирок, кыялдануу менен эле ырчы боло албайсың. Анткени,  ырчылык үчүн талант да болуусу керек. Мен жаш кезимден тартып,  музыка дүйнөсүндө чоңойдум. Мектепте кандай сынактар, майрамдар болбосун аккордеон менен ырдап калчумун. Анан окууну бүткөндөн кийин шартка байланыштуу ата-энемдин каалоосу боюнча юридикалык окуу жайга тапшырып калдым. Бирок, өнөр деген өнөр экен бир жерде жөн турбай, ырдоого болгон ынтызарлыгым артып, борборго келип Нурзат Токтосунованын “Нур” мектебине барып, ал жерден сабак алып калдым. Ошол жерден анан чыгармачылыкка болгон кызыгуум күч алып, чыгармачылык чөйрөгө баш отум менен киришип кеттим.

 

 

 

-Ыр дүйнөсү сиздин жеке дүйнөңүзгө кандай бурулуш жасай алды?

 

-Чыгармачылык чөйрө мага аябай чоң таасир калтырды. Шоу дүйнөгө келип, ордумду  таптым десем болот. Айтып коёт эмеспи, “өзүңө жаккан жумушту аткарсаң гана ийгилик жаралат” деп. Негизи жан дүйнөм музыканы абдан сүйгөндүктөн уйкудан ойгоноор замат колума аккордеон алып, кубулжута ырдай каламын. Бирок, чыгармачылык деген чоң милдет болгондуктан аны  аткаруу үчүн көп аракеттерди жасап, изденүү менен жоктон барды, бардан санды чыгарсаң гана табылга өзүнөн-өзү пайда болот. Кудайым буюрса, азыркы учурда кыргыз элим күткөн мыкты ырлардын үстүнөн иштеп жатам. Жакынкы күндөрү ага эл өзү күбө болот.

 

 

-“Бул сүйүү” аттуу  чыгарманы кантип ырдап калдыңыз?

 

-Бул чыгарма Акбар Кубанычбековдун калемине таандык. Аталган чыгарманы окуп жүргөн кезимде поэзия кечесинде мугалим эжейим мага жаттап кел деп тапшырма берген. Убакыт деген тез эле өтүп, поэзия кечесине бир күн калды. Эмне кылаарымды билбей,  түнү менен даярданып олтуруп, акыры аягында жүрөккө сиңирип алдым. Ошентип, жүрөккө жеткен ыр болгондуктан өзүм обон чыгарып, азыркы убакта бул чыгарма өз угармандарын таап жаткан учуру.

-Жү­рө­гү­ңүз­дүн ээси барбы?

 

-Азырынча эрте деп ойлойм Азыркы учурда убактымдын баарын чыгармачылыкка жумшап жаткандыктан бош убактым жокко эсе. Баары өз убагында болгону жакшы деп ойлойм.

 

-Клиптериңизге күбө болуп жүрөбүз. Бир клип тартыш үчүн канча каражат сарптайсыз жана аны ким каржылайт?
 

- Чыгармачылыкка аралашканыма аз эле убакыт болгондуктан клиптерге, ыр жаздырганга кеткен каражаттардын баарын ата-энем берип турат. Андан сырткары жакын санаалаш досторум да колдон келген жардамын берип аябайт. Мени ушул даражага алып келген ата-энеме учурдан пайдаланып ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Ар дайым аман болуңуздар, силер бар - менин бактым бар.

Чыгармачылыкта колдоп эле чектелип калбастан кеп-кеңешин берип турган агаларым, эжейлерим абдан көп. Алардын ичинен баса белгилеп кете тургандары -  ырчы, обончу аткаруучу агабыз Мирлан Баеков жана кыргыз элинин сыймыгы болгон алып баруучу, ар тараптан төп келишкен Нурзат Токтосунова эжебиз ар убак колунан келген жардамын берип турат.

-Азыркы учурда теле-радиодон тынымсыз аккордеон менен ырдаганыңызды көрүп жүрөбүз. Аккордеон менен ырдай баштаганыңызга канча убакыт болду?

-Бала кезимен бери аккордеонго абдан кызыгам. Алгач үйрөнүү мен үчүн абдан татаал болду. Бирок, кызыгуумдун натыйжасында аз эле  убакыттын ичинде үйрөнүп кеттим десем болот. Азыркы тапта эстрададан сырткары аккордеон менен той-тамашаларга да барып, элдин кызматын кылуудамын.

Маектешкен: Элиза КАПАРОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Өнөрлүү жубайлар өргө баратат Өнөрлүү жубайлар өргө баратат

Таштанбек Сооронбаев Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалдуу-Сай шаарчасынын №8-орто мектебинде узак жылдан бери мугалим болуп иштейт. Ал балдарга музыкалык билим берүү менен чектелбей,  өз аймагындагыларга көп...

6 - Июня  2016 | 18 : 381480
“Мен-кыргыз жаранымын” “Мен-кыргыз жаранымын”

Ушундай аталышта областтык Барпы атындагы театрда этно-маданий фестиваль болуп өттү. Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясы демилге...

7 - Июня  2016 | 12 : 182948
“Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу “Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу

“Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу Каарман тууралуу  Аты, жөнү- Турсункулов Камчыбек Саипович Туулган жылы - 1956-жыл, 8-июль. Туулган...

9 - Июня  2016 | 11 : 591203
Фестиваль үнү жаңырды Фестиваль үнү жаңырды

Аксы районунун Аксуу айыл өкмөтүндө областтык "Керемет жерим-Кыргызстан!" аттуу фестивалга катышуучулардын оюн-зоогу,жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн  көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу райондун акиминин орун...

21 - Июня  2016 | 16 : 42768
Көк-Иримге  Көк-Иримге "Ыр кесе" тийди

Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүндө "ыр кесе" болуп өттү. Бул тууралуу 21-июнда райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева билдирди. Анын айтымында анда айыл өкмөттүн аймагында жашагандардын...

21 - Июня  2016 | 16 : 491795
Мекенимди даңктаймын Мекенимди даңктаймын

  Быйылкы “Маданият жана тарых” жылына карата областта бир катар маданий иш чаралар өтүп келет. Жакында дагы бир маанилүү ыр майрамы болот. Жалал-Абад  шаардык Маданият бөлүмүнүн башчысы  Салтанат...

23 - Июня  2016 | 11 : 6998
“Чагылгандай” чарк эткен китеп “Чагылгандай” чарк эткен китеп

Азырынча аты  чыкпаса да, кыргыз адабиятында  жарк этип тааныла элек болсо да, өз алдынча сатира жана тамсил жанрында жазып, турмуштагы болгон оош-кыйыштарды, жакшы менен жамандын ортосундагы айырмачылыктар...

24 - Июня  2016 | 11 : 25905