Аймактарда иштер аткарылууда

7 - Октября  2016 | 17 : 92272
Аймактарда иштер аткарылууда

СУЗАК. Өкмөт башчы С. Жээнбеков Кызыл-Туу айыл аймагындагы жерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө токтомго кол койду. Токтом Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн жабыркагандарга жана жер көчкү коркунучу бар башка участоктордо жашаган жашоочуларга жер участокторун берүүгө  багытталган. Ага ылайык Кызыл-Туудагы 35 гектар кайрак айдоо жери “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулат. Ал жерге электр линиялары тартылып, каржылоо булагын аныктоо тапшырмасы жергиликтүү бийликке берилди.

 

ТАШ-КӨМҮР. Шаарда жашаган багар-көрөрү жок, улгайган адамдарга көмүр таркатылууда. Мэриядан билдиришкендей жоопкерчилиги чектелген “Тегене” ишканасы мындай адамдарга жыл сайын жүз тоннадан көмүр жеткирип берет. Өткөн аптага карата муктаж адамдардын үйлөрүнө 40 тоннадай көмүр таркатылды.

 

КАРА-КӨЛ. Шаардын ички жолдорун оңдоо жумуштары Серый көчөсүнөн башталды. Анда жол жамалып, анын үстүнөн жаңыдан асфальт жаткырылмакчы. Мэр И. Еркеев кабарлагандай каракөлдүн ички жолдорун оңдоого жергиликтүү бюджеттен 10 миллион 600 миң сом бөлүнгөн.

 

АКСЫ. Кербенде 500 адамга сый тамак берилип, концерт көрсөтүлдү. Райондук администрация аким М. Айдаралиев аларды карылар күнү менен куттуктагандыгын жана жүз жаштан ашкан карыялардын үйүнө барып, Президенттин атынан бөлүнгөн каражаттарды тапшырганын кабарлады. Райондо жалгыз бой жана жашоосу оор карыларга 200 тонна көмүр берилди. Аксыда кылымдан ашык жашаган 11 карыя, токсондон жүз жашка чейинки 171 адам жана район боюнча 9794 ардагер бар.

 

АЛА-БУКА. Балтагулов айыл аймагында 8-октябрда күрөш боюнча Эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Акимдин орун басары К. Үсөнбаева мелдештин жеңүүчүлөрүнө айылдык спортчу жаштардын сыйлыктары тапшырылганын билдирди. Эл аралык бул турнирди  райондун Ызар айылындагы  жергиликтүү жаштардын спорт федерациясы уюштурду. Анда Тажик Республикасынан, Ош, Баткен, Талас областтарынан жана башка жактардан келген 255 балбан өз салмактары боюнча күч сынашты.

 

ТОКТОГУЛ.  Райондун маданият үйүндө 7-октябрда мугалимдердин кесиптик майрамы болуп өттү. Ага 400 педагог катышты. Аларды акимдин орун басары Айна Нават кызы куттуктап,  алдыңкы 26 мугалимге райондук мамлекеттик администрациянын Ардак Грамоталарын жана 2 педагогго Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак Грамотасын тапшырды. Белгилөөчү жагдай Токтогул районундагы билим берүү мекемелери Жалал-Абад областындагы билим берүү мекемелеринин арасында 1-орунду жеңип алышкан.

 

Ырысбай Абдраимов

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Цефей” мектеби иштөөдө “Цефей” мектеби иштөөдө

      Аксы районунун борбору  Кербен шаарында 2014-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Цефей” мектеби иштеп келет. Анын түзүүчүсү Бактыбек Калиевдин айтымында 2003-жылы  “Цефей”...

6 - Июня  2016 | 18 : 19893
“Алиманын” чеберлери “Алиманын” чеберлери

     Ушул учурда бир канча жылдардан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Бурул Нармырзаева айым жетектеген “Алима” тигүү цехинин даңазасы ашып турган кез. Анткени, андагы жыйырма  чебер...

6 - Июня  2016 | 18 : 241157
Чаткал жаңылыктары Чаткал жаңылыктары

               Райондун  Чаткал айыл аймагы жергиликтүү калк арасында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү  аракетин көрүүдө. Бул максатта  Дүйнөлүк Азык Түлүк программасынын...

23 - Июня  2016 | 11 : 182051
Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат

    Ала-Бука районундагы жайлоолордо балдар үчүн үч бакча быйыл ачылган. Ал бакчаларга бүгүнкү күндө малчы-койчулардын 47 баласы барат. Райондун борбору Ала-Бука айыл аймагына караштуу "Барчын"...

4 - Августа  2016 | 16 : 241797
Аксыда коллегия болуп өттү Аксыда коллегия болуп өттү

  Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аталган райондун быйылкы жылдын алты айында болгон согциалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын караган коллегия болуп өттү. Анда...

4 - Августа  2016 | 16 : 301260
Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү

  Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунда мектептер менен балдар бакчалардын имараттары толугу менен оңдолуп бүттү. Аларды 1-август күнү район тарабынан түзүлгөн атайын комиссия текшерип чыгып,...

4 - Августа  2016 | 16 : 371345
Токтогул кабарлары Токтогул кабарлары

   Райондун акимиинин орун басары Айна Набат кызынын берген маалыматына караганда жыл башынан бери райондо 12 жаъы обьект ачылып, 70 жумуш орду түзүлгөн. Калктын  социалдык турмуш абалын жакшыртуу...

19 - Августа  2016 | 17 : 272103