Тогуз-Торо кабарлары

7 - Октября  2016 | 17 : 213208
Тогуз-Торо кабарлары

 

Юбилейлик китеп акысыз таркатылды.

 

Тогуз-Торо районунда бул аймактын 80 жылдыгына байланыштуу чыгарылган энциклопедиялык китеп Бишкектен келген расмий жетекчилер менен меймандарга акысыз таркатылды. Бул китепти алардан сырткары райондун мекеме-ишканаларына, 80 жылдык юбилейди өткөрүүдө өз активдүүлүгүн көрсөткөн кызматкерлерге, райондук ишканалардын жетекчилерине жана китепканаларга акысыз бөлүштүрүлүп берилди. Энциклопедиялык китеп Тогуз-Торо районундагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысына 700 нуска менен Бишкек шаарынан чыгарылган. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева 7-октябрда кабарлады.

 

 Кышка карата даярдык текшерилди.

 

Тогуз-Торо  районунун билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелери менен балдар бакчаларына кышка карата көмүр ташуу иши ийгиликтүү аяктады. Көмүр Жумгал районундагы Сары-кече көмүр кенинен ташылып алынды. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева 7-октябрда кабарлады. Анын белгилешинче мектептер менен балдар бакчаларына кышкы жагуусуна зарыл болгон 470 тонна көмүр толугу менен 100 пайыз жеткирилди. Райондогу ооруканалар менен ФАПтар жана башка медициналык мекемелер да көмүр менен толук камсыздалды. Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын кызматкерлери тогуз-торо районундагы 14 мектептин кышка карата даярдыгын текшерип чыкты. Кемчиликтери бар мектептерди 15-октябрга чейин ал мүчүлүштүктөрдү оңдоону тапшырды.

“Акыйкат”. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Цефей” мектеби иштөөдө “Цефей” мектеби иштөөдө

      Аксы районунун борбору  Кербен шаарында 2014-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Цефей” мектеби иштеп келет. Анын түзүүчүсү Бактыбек Калиевдин айтымында 2003-жылы  “Цефей”...

6 - Июня  2016 | 18 : 19893
“Алиманын” чеберлери “Алиманын” чеберлери

     Ушул учурда бир канча жылдардан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Бурул Нармырзаева айым жетектеген “Алима” тигүү цехинин даңазасы ашып турган кез. Анткени, андагы жыйырма  чебер...

6 - Июня  2016 | 18 : 241157
Чаткал жаңылыктары Чаткал жаңылыктары

               Райондун  Чаткал айыл аймагы жергиликтүү калк арасында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү  аракетин көрүүдө. Бул максатта  Дүйнөлүк Азык Түлүк программасынын...

23 - Июня  2016 | 11 : 182051
Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат

    Ала-Бука районундагы жайлоолордо балдар үчүн үч бакча быйыл ачылган. Ал бакчаларга бүгүнкү күндө малчы-койчулардын 47 баласы барат. Райондун борбору Ала-Бука айыл аймагына караштуу "Барчын"...

4 - Августа  2016 | 16 : 241797
Аксыда коллегия болуп өттү Аксыда коллегия болуп өттү

  Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аталган райондун быйылкы жылдын алты айында болгон согциалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын караган коллегия болуп өттү. Анда...

4 - Августа  2016 | 16 : 301260
Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү

  Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунда мектептер менен балдар бакчалардын имараттары толугу менен оңдолуп бүттү. Аларды 1-август күнү район тарабынан түзүлгөн атайын комиссия текшерип чыгып,...

4 - Августа  2016 | 16 : 371345
Токтогул кабарлары Токтогул кабарлары

   Райондун акимиинин орун басары Айна Набат кызынын берген маалыматына караганда жыл башынан бери райондо 12 жаъы обьект ачылып, 70 жумуш орду түзүлгөн. Калктын  социалдык турмуш абалын жакшыртуу...

19 - Августа  2016 | 17 : 272103