Кош бол, Замирбек...

20 - Января  2017 | 12 : 23422
Кош бол, Замирбек...

         Республикабызга белгилүү педагог, илимий чөйрөдө айкын орду бар, мээнеткеч, асыл инсан Раев Замирбек Жолчуевич жакында күтүүсүз авто кырсыктан каза болду. Артында калдайган элин, үй-бүлө, тууган-уругун, эмгек жамаатын кайгыга салып, канчалаган бийик максаттарын таштап, келгис сапарга бет алды... 

 

Замирбек Раев 1962-жылы 1-январда Жаңы-Жол районуна караштуу Авлетим айылында төрөлгөн. Авлетим орто мектебин 1979-жылы аяктап, Кыргыз Мамлекеттик СССРдин 50 жылдыгы атындагы университеттин колдонмо математика факультетине кирип эң мыкты окуу менен аяктаган. Эмгек Жолун Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясында кенже илимий кызматкер болуп иштөө менен баштаган.

1982-1987-жылдары Аксы районунудагы Ильич атындагы орто мектепке информатика мугалими, окуу тарбия иштер боюнча директордун орун басары болуп, андан соң райондук элге билим берүү бөлүмүндө усулчу болуп эмгектенген. Райондун мектептерине алгачкылардан болуп компьютерди жайылткан жана аны окутуп үйрөткөн. Мектептерде компьютердик класстарды ачууда эмгеги чоң болгон.

1993-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетине чакырылып, иштей баштаган. Университетте илимий иштер менен бирге информациялык технологиялар жаатында талыкпай иштеп алгачкылардан болуп информатика илими боюнча кандидаттык жактаган. 1994-1995-жылдары Кыргыз республикасынын илимдер академиясында энергетика жана микроэлектро техника институтунда окумуштуу катчы болуп дайындалып иштеген.

Замирбек Раевдин демилгеси менен ЖАМУнун Аксы педагогикалык факультети Аксыда ачылып, ал жерде директор болуп 2005-жылга чейин эмгектенген. Андан кийин кайрадан Жалал-Абад мамлекеттик университетине келип факультеттин деканы, маалымат технологиялар борборунун директору кызматтарында иштеген. Ал өзүнүн акыл көрөңгөсүн бир эле ЖАМУга эле жумшабастан кошумча иштөө менен Ош гуманитардык университетине жана Ош техникалык университетине да арнаган. Ошондой эл аралык уюмдар менен ондогон долбоорлордун үстүндө иштешип, бир канча ирет чет өлкөлөрдө тажрыйба алмашууларда, командировкаларда болгон. Студенттер үчүн алты усулдук колдонмолору, бир монографиясы жана 30дан ашуун басма иштери жарык көргөн. 

Замирбек Раев кандай гана жерде иштебесин ал өз ишине жоопкерчиликтүү, ак ниет мамиле кылып, таза иштеп келген. Эмгектеги жетишкендиктери үчүн Кыргыз республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, “ЖАМУнун эмгек сиңирген кызматкери”, жана башка бир топ сыйлыктар менен сыйланууга татыктуу болгон. Эл тарабынан иши жогору бааланып Аксы районунун, Кербен шаарынын, Авлетим айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамдарына татыктуу болгон. Замирбек Жолчуевич сүйүктүү бир кыз, эки уулдун кастарлаган атасы, сүйүктүү жар, жакшы жолдош  болгон.

Тагдырга айла жок экен, шум ажал арабыздан эрте алып кетти... Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жамааты Замирбек Раевдин үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына терең көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Элесиң дайым биз менен... Кош бол, Замирбек...

 

Усенов Кеңеш,

Алыбаев Курманбек,

Алибаев Атабек,

Зулпукаров Аманкул,

Аширалиев Абдиумаматкадыр,

Абдылдаев Авазбек,

Сооронбаев Манас,

Дооронова Айгүл,

Арынбаев Жаңыбай,

Осмонова Бүзейнеп,

Кадырбаева Дамира,

Калчакеев Кубанычбек,

Сакбаева Зулфия,

Орозбаева Гүлбарчын,

Адышева Азизбү,

Аскарова Айнура,

Турдубаева Баринса,

Жуманалиева Максуда,

Шамиев Жакып,

Үметов Салмоор,

Сыдыков Сабыр,

Тампагаров Куштарбек,

Кадыралиев Ысмаил,

Чолпонкулов Шайырбек,

Козубаев Нурбек, ж.б...

 

 

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мекеним менин-Кыргызстан Мекеним менин-Кыргызстан

Кыргызстандагы башка аймактардан айырмаланып, Жалал-Абад жергеси  чер токойлуу келип, даңазалуу жаңгагы алма,мисте, алчасы, табигый, тарыхый эстелик жайларга бай жана  туризм тармагын өнүктүрүүгө жетиштүү...

7 - Июня  2016 | 18 : 221485
Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан

Советтик доорду канчалык  “андай эле, мындай эле” деп, сындаганыбыз менен, ал учурдун өзүнүн керемети , касиети жана идеологиясы, анан ошол системаны бекем кармап турган адамдары болгон. Коммунисттик...

7 - Июня  2016 | 18 : 293760
Жаштар –  туура кадам, таза максат үчүн! Жаштар – туура кадам, таза максат үчүн!

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү “Жаштар - туура кадам, таза максат үчүн!” аттуу республикалык жаштар форуму областта үчүнчү жолу өткөрүлдү. Активдүү жаштардын башын бириктирген иш-чара  жаңгак токою...

17 - Июня  2016 | 14 : 372251
Питерде жумушсузга иш бар Питерде жумушсузга иш бар

Областтын кырк жашка чейинки жумушсуз адамдары үчүн Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан 89 бош жумуш орун табылды. Бул максатта республиканын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын...

17 - Июня  2016 | 16 : 191314
“Аза көйнөк азабы...” “Аза көйнөк азабы...”

    Кыргыздын кылым карыткан каада - салттары бар. Ал муун улап жашап келет. Мезгил алмашып, “заман өзгөрдү” деп, айрымдарын унутта да калтырып жатабыз. А бирок,  улам жаңырып, заманбап  “түскө”...

22 - Июня  2016 | 17 : 361572
Кошуналар алчадан  сок жасайт, а биз... Кошуналар алчадан сок жасайт, а биз...

                Жалал-Абад базарында  алча  18-20 сомдон сатып алынып, Казакстанга  экспорттолуп жатат. Төрт жылдан бери алча ташыган Арзымат күнүнө анын 2-3 тоннасы Талас аркылуу Чимкентке...

24 - Июня  2016 | 19 : 482625
Эл комиссары жөнүндө баян Эл комиссары жөнүндө баян

“Тарых жана маданият жылына” карата    Шарапат эненин эскерүүсү Токсонго барып калган Шарапат байбиче Барпы аймагынан чыккан Эл комиссары Абдукадыр Абдраимов жөнүндө төмөнкүчө...

22 - Июля  2016 | 18 : 401881