Электрондук паспорт жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

15 - Февраля  2017 | 4 : 301596
Электрондук паспорт жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

 

 

Ушул жылдын орчундуу окуясы жарандарга электрондук паспорт берүү жана президенттик шайлоо болот өңдөнөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында 2017- жылдын март-апрел айында биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Президенттик шайлоого чейин 2 миллиондон  кем эмес жаран  электрондук паспортко ээ болушат. Жалал-Абад областында  шайлоого катышууга мүмкүндүгү бар 526 миң 418 жаран бар. Демек болжолдуу түрдө  алты жүз, алты жүз элүү миңдей адам жаңы үлгүдөгү электрондук паспортторду алышат. Бул тууралуу жана биометрикалык паспорттун өзгөчөлүгү жөнүндө  Жалал-Абад шаарынын паспорт  виза жана каттоо бөлүмүнүн башчысы, областтагы координатору  Арсен Миңбаев ой бөлүшөт.

  • Арсен мырза, теле-радиодон электрондук паспорт жөнүндө маалымат кеткенин эске албаганда элде бул тууралуу маалымат жокко эседей. Айтыңызчы азыркы колдонуп жаткан паспорттордон биометрикалык паспорттордун кандай өзгөчөлүгү бар?
  • Абдан чоң өзгөчөлүгү болот. Жаңы паспортто адамдын аты-жөнү, жарактуу мөөнөтү, документтин номери жана кол тамга гана түшүрүлөт. Калган маалыматтар чипте болот. Микро чиптин болушу паспорттун негизги айырмачылыгы. Чипте жарандын катталган жери, үй бүлөлүк абалы,биометрикалык маалымат (манжа изи),айдоочулук күбөлүк, пенсия китепчеси, банк эсеби, медициналык китепчеси ошондой эле улуту жарандын каалоосу менен көрсөтүлөт. Жаран тууралуу маалыматтардын көптүгү менен аларды өзгөртүү арыздын негизинде электрондук вариантта жүргүзүлөт. Тактап айтканда үй бүлөлүк абалын же аты-жөнүн өзгөртүү керек болсо электрондук жол менен эле өзгөртүп койсо болот. Өзгөртүү үчүн паспорт алмаштыруунун кереги жок.
  • Айрым биометрикалык паспорт тууралуу жакшы маалыматтары бар жарандар анын кооптулугун белгилеп жатышат. Сиз буга кандай дейсиз?
  • Жок, тескерисинче жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Жасалма паспорт жасоо мүмкүнчүлүгү токтойт. Шайлоодогу айрым будамайлоолорго электрондук паспорт кескин тоскоолдук кылат. Экинчиден чиптеги маалыматтарды өзгөртүү убакытты үнөмдөп, жарандардын  ары-бери басып, тиги-бул документерди даярдаганга акчасы кетпейт.
  • Электрондук паспортторду алуу үчүн канча акча керектелет?
  • Азыр ушул тууралуу сүйлөшүүлөр болуп жатат.  Балким биометрикалык паспорт  акысыз берилиши мүмкүн.
  • Бул паспорт менен сыртка чыгууга да болобу?
  • Жок, чет өлкөө чыгуу үчүн  атайын паспорт алуу керек. Дагы бир жолу тастыктап кетейин, жакында берилүүчү жаңы электрондук паспорттор элдин убактысын үнөмдөп, айрым маселелерин тез чечүүгө ыңгайлуу.

       Гүлнура КЕЛДИБАЕВА.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Жалалабатэлектро” ААКнын башкы директору К. А. Маматкановдун... “Жалалабатэлектро” ААКнын башкы директору К. А. Маматкановдун...

“Жалалабатэлектро” ААКнын башкы директору К. А. Маматкановдун “Акыйкат” гезитине берген интервьюсу.   А. Замирбек кызы: Саламатсызбы Кеңешбек Апсалиевич! Учурда...

18 - Сентября  2015 | 18 : 58819
Кыргыз тарыхы байыркыдан башталат Кыргыз тарыхы байыркыдан башталат

Кыргыздар биздин заманга чейин 201-жылы эле кытай жазмаларында  “гегунь” деген аталыш менен белгилүү болгон. Ар кайсы жылдарда мамлекет куруу идеялары көтөрүлгөн. Элибиз менен мамлекетибиздин...

7 - Июня  2016 | 12 : 356421
“Эл – рентген, ичиңдегини да көрүп турат” “Эл – рентген, ичиңдегини да көрүп турат”

Жалал-Абад шаарынын мэри Авазов Салайдин Абдивалиевич маалымат жыйын өткөрүп, журналисттерди кызыктырган бир топ суроолорго ынанымдуу жооп берди. “Мен шаар башчысы катары бир гана эл үчүн иштейм. Элден эч...

15 - Июня  2016 | 10 : 151823
«Сабырдуулук жана туруктуулук,ийги ишке өбөлгө болот» «Сабырдуулук жана туруктуулук,ийги ишке өбөлгө болот»

        КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу...

19 - Августа  2016 | 13 : 452536
Мамасалы Акматов: “Өзбекстан менен кызматташууга биз даярбыз” Мамасалы Акматов: “Өзбекстан менен кызматташууга биз даярбыз”

    Өзбекстанга болгон иш-сапар мындан ары өз жемишин берчүдөй. Анда кыргыз жана өзбек жетекчилери буга дейре үзүлүп калган эки тараптуу кызматташууну кайра улантуу демилгесин көтөрүштү....

7 - Октября  2016 | 15 : 371885
«Жогорку окуу жайда билимдин сапаты  башкы орунда турат» «Жогорку окуу жайда билимдин сапаты башкы орунда турат»

Кеңешбек УСЕНОВ, ЖАМУнун ректору:  «Жогорку окуу жайда билимдин сапаты башкы орунда турат» Ректор жөнүндө маалымат:   Усенов Кеңешбек...

13 - Декабря  2016 | 10 : 591674
Эки айда элүү кырсык жүз берди Эки айда элүү кырсык жүз берди

      Жалал-Абадга жаз келгенде эле жер көчкү, суу ташкыны көпчүлүктү элеңдетет. КРнын ӨКМнин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгы бул жаатта кандай кадамдарды жасап жатканынан кабар...

14 - Марта  2017 | 5 : 15811