Кургак учук оорусунун абалы жана алардын алдын алууда эмнелерди жасообуз керек

30 - Марта  2017 | 8 : 324556
Кургак учук оорусунун абалы жана алардын алдын алууда эмнелерди жасообуз керек

 

 

 

       Жалал-Абад область боюнча 2016-жылдын жыйынтыгында баары болуп биринчи жолу аныкталган кургак учук оорусунун – 981 учуру катталды, ал эми 2015-жылдын ошол эле убагында 868 учуру катталган, же 2015-жылга салыштырмалуу салыштырмалуу 7,6%га көбөйгон. Ал эми 14 жашка чейинки балдардын арасында 2016-жылы 102 учуру, 2015-жылы 107 учуру катталган же 7,3%га төмөндөгөн.

       Кургак учук оорусун ачык түрүнүн (жугуштуу БК+) 2016- жылы 301 учуру катталды, ал эми 2015-жылы 302 катталган, же  0,3%га азайган.

       Жүргүзүлгөн эпидемиологиялык изилдөөнүн негизинде кургак учук оорусуна кабылгандардын көпчүлүгүнүн жашоо шарты начар, убактылуу батирлерде жашашат, үй-бүлөөлүк медицина борборунда каттоолору жок, туруктуу жумуш оруну менен камсыз болбогон.

       Ушул учурда баса белгилеп кетүүчү жагдай өлкөбүздө тышкы миграциянын таасири көп болууда, мисалга алсак Россия, Казакстан, Турция жана башка өлкөлөргө барып, убактылуу иштеп кургак учук оорусуна кабылган жарандарыбыз дагы катталууда.

      Кургак учук микробу сырткы чөйрөдө өтө чыдамдуу. Аларга кислоталар, шелочтор да таасир этпейт. Чанда, китептин баракчаларында 3-4 жылга чейин сакталат. Төмөнкү температурада да тирүү калышат. Ысыткан учурда 60 градуста 30 мүнөт чыдай алат, кайнатканда 5 мүнөттө өлөт. Топуракта, агын сууларда көптөгөн айлар бою жашай алат. Кату тийген күндүн нуру аларды 1-2 саат ичинде өлтүрөт.

      90% кургак учук оорусу өпкөнү жабыркатат. Өпкө кургак учугу шартуу эки түргө бөлүнөт: ачык жана жабык түрү. Ачык түрү менен ооруган кишиде микроб какырык аркылуу, шилекейдин чачырандысы менен сүйлөгөндө, чүчкүргөндө аба аркылуу таркалат. Бир тамчы какырыкта 2-3 миллионго чейин микроб бар.

       Ошондуктан бир гана ачык түрү менен ооруган киши бир жылда 10-15 кишиге оору жугузат, микроб түздөн түз дем алуу органдарына жугуштуу какырык аркылуу аба менен дем алганда берилет, өпкөгө кирген мезгилде да оору козгобойт, себеби ал адамдын иммундук абалына жана башка өнөкөт ооруларына байланыштуу болот. Кургак учук өпкөнү гана эмес башка органдарды да жабыркатат: сөөк, муун, тери, бөйрөк, ичеги-карын, жыныстык органдар, нерв системасы, көз жана башка органдарды дагы.

        Бөйрөк учук оорусунда микроб заара менен бөлүнөт, сөөктүн, муундун бездин кургак учугунда Сары суу пайда болуп топтолгон жерден сыртка бөлүнүп чыгат. Адамдын ооруп калышы жалпы ден соолукка, жашоо шартына, тамактануусуна жараша болот.    Ошондой эле оорунун тарашына көбүнчө социалдык, экономикалык шартка, санитардык-гигиеналык шартты толук сактабоо, нервдик-психикалык тынчсыздануу, спирт ичимдиктерин ичүү, тамеки тартуу, баңгилик кошумча шарт түзөт.

        Кээ бир оорулар кант диабети, өнөкөт бронхит, кош бойлуулук, адамдын иммундук вирусу (АИВ) адамдын организимин кургак учукка каршылыгын төмөндөтүп оорунун пайда болушуна шарт түзөт. Жашына жынысына жана социалдык ал-абалына карабастан, кандай адам болсо да, кургак учукту жугузуп алуусу мүмкүн. Себеби баарыбыз бир аба менен дем алабыз.

        Азыркы тапта жаштар, өспүрүмдөр, жаш балдар арасында кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар кездешүүдө.

        Бул көрүнүшкө кургак учуктун ачык түрү менен ооруган чоң адамдардын түздөн-түз байланышы бар, анткени алардын ичинде дарыларды үзгүлтүксүз толук аягына чейин ичпей же такыр эле дарыланбай жүргөндөр бар. Ошол адамдар ачык түрдүү оорунун жана дарыга туруктуу түрүнүн таркалышынын булагы болот.

 

          Өпкөнүн кургак учук оорусунун белгилери:

  • Узак убакытка (2 жумадан ашуун) жөтөлүүсү;
  • Дене - боюнун ысышы;
  • Алдын кетүүсү;
  • Түнкүсүн тердөө;
  • Тамака табити тартпай, арыктоо;
  • Кээде көкщрөк-көөдөнүнүн оорусу жана какырыктан кан чыгуусу.

Көпчүлүк учурда кургак учук оорусу акырындык менен байкалбай кадимки эле суук тийгендей же сасык тумоодой башталат, ошол себептен оорулуулар убагында дарыгерге кайрылышпайт. Айрым адамдар оорунун алгачкы белгилерине көңүл бурбай жумуштан чарчагандыктан, суук тийгендиктен, жөтөлдү чылым чеккенден деп ойлошот. Көп учурда оорулуу адамдар бүбү-бакшыга барып же өзүнчө кашкулак, суур, иттин эт-майын дары катарында колдонуп оорусу кабылдап кетет.

       Өпкө кургак учугунун ачык түрүн аныктоодо эң негизги маанилүү болуп какырыкты бактериоскопиялык жол менен үч жолу изилдөө болуп саналат. Эгер Сизде жогоруда көрсөтүлгөн оорунун белгилери болсо токтоосуз үй-бүлөөлүк дарыгерге барышыңыз керек, ошону менен бирге рентгендик изилдөөдөн өтүү керек. Оорулуу канчалык эрте дарыгерге кайрылса дарылануу мөөнөтү кыска болуп жана толук айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

        Кургак учукту табуу- диагностика жашаган жерде, үй-бүлөлүк медициналык  мекемелерде бекер жүргүзүлөт. Кургак учук менен биринчи жолу ооруп калган жана кайталанып ооруган оорулууларга кургак учука каршы дары-дармектер бекер берилет.

                            Кургак учук оорусунуналдын алуу жолдору:

  • Төрөт үйүндө кургак учука каршы БЦЖ эмдөөсүн алуу;
  • Эң негизгиси, ачык түрү менен ооруган орулууну убагында таап, толук айыктыруу;
  • Жөтөл адебин сактоо (маска тагуу, сүлгү менен арчу ж.б.);
  • Көпчүлүк топтолгон жерлерде бөлмөнү бат-баттан шамалдатып туру зарыл;
  • Сергек жашоого умтулуу;
  • Оорулуудан коргонуу (идиш-аяктарын бөлүү);
  • Ар бир адам өз гигиенасын сактоо;
  • Тамактанууну өз убагында сактап, күчтүү тамактаныш керек;
  • Көчөлөрдө ачык жерде сатылып жаткан сапатсыз тамак-аштарды, сүт азыктарын сатып албоо;
  • Жогоруда айтылган оорунун белгилери болсо сөзсүз түрдө үй-бүлөөлүк дарыгерге кайрылып, текшерүүдөн өтүү зарылчылыгы бар;

 Ар бир адам жыл сайын өзү үчүн медициналык кароодон өтүп  турууну унутпоо ж.б.у.с. Демек, ар бириңиздердин ден-соолугуңуз өзүңүздүн колуңузда!!!!

 

 ЖШОААжМСЭКБнун башкы

 врачынын орун басары:                                                                              А.Назаров

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Аксыда дарыгерлер жетишсиз Аксыда дарыгерлер жетишсиз

Райондогу медициналык мекемелер менен ооруканаларга жогорку маалыматтуу, адис жыйырма врач жетишпей жатат. Акимдин орун басары З. Калматованын  билдиришине караганда бюджеттен каржыланган медициналык жогорку...

1 - Июля  2016 | 13 : 391506
Кургак учукту дарылоодо кайдыгерликке барбайлы Кургак учукту дарылоодо кайдыгерликке барбайлы

  Улуттук “Кургак учук IV” программасы иштеп жатат Кургак учук оорусунун жугуштуу коркунучун кескин түрдө азайтуу максатында Жалал-Абад областындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде...

22 - Сентября  2016 | 17 : 101805
Оорулууга дем берген борбор Оорулууга дем берген борбор

  Оорулууга дем берген борбор   Жалал-Абадда “Диабетсиз балалык” ресурстук борбору бар. Кант оорусу менен жабыркагандарга моралдык колдоо көрсөтүшөт. Азырынча түштүк...

18 - Ноября  2016 | 10 : 33903
АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ? АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?

АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?   Кыргыз табыптары ысыгы өтүшүп кетип ооругандарды 40 күнгө чейин суу ичирип оорусунан сакайтып келген. Өткөн аптада япониялык окумуштуу ачка жүрүүнүн пайдалуулугу...

23 - Ноября  2016 | 12 : 252256
Дарыгерлер бар болсун Дарыгерлер бар болсун

“Ден соолук кадырын оорукчан жан билет” дегендей мен экинчи топтогу майып катары ден соолуктун кадырын жакшы билем. Ал эми ден соолукка ара кирген инсандар – дарыгерлер. Ар дайым дарыгерлердин жардамы менен...

30 - Декабря  2016 | 9 : 11939
Төрөт үйдө эне балага аппараттар алынды Төрөт үйдө эне балага аппараттар алынды

Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнө оорулуу аялдар жана оорулуу ымыркайлардын өмүрү үчүн өтө зарыл болгон  11 даана аба өткөрүп берүүчү  концентратор алынды. Бул тууралуу   областтык...

13 - Января  2017 | 10 : 20473
ОРВИ оозду ачтырды ОРВИ оозду ачтырды

           Өткөн жылы Жалал-Абад областында ОРВИ менен ооругандардын саны 44,4 пайызга жогорулап кеткен. Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун маалыматына...

20 - Января  2017 | 11 : 58795