Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини «Данакер» орден менен сыйлады

24 - Мая  2016 | 11 : 26616
Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини «Данакер» орден менен сыйлады

Бишкек, 23-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 22-майда Кыргызстанга расмий иш сапар мене келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолукту.

Жолугушуу башында мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кытай кызматташтыгынын өнүгүшүнө, эки өлкөнүн элдери ортосундагы ар тараптуу карым-катнаштарды чыңдоого кошкон чоң салымы үчүн, ошондой эле 500 кВ «Датка» менен 500 кВ «Кемин» подстанцияларынын жана 500 кВ «Датка-Кемин» электр өткөргүч линияларынын курулушунун ийгиликтүү аяктап жана ишке берилишине байланыштуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини «Данакер» орден менен сыйлады.

Президент Алмазбек Атамбаев ар тараптуу карым-катнаштарды чыңдоого кошкон чоң салымы үчүн Кытайдын тышкы иштер министри Ван Иге Кыргызстан элинин атынан ыраазылык жолдоду. «Дал соңку үч жылда кызматташтык абдан катуу жанданып, биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлдү», - деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз-кытай кызматташтыгынын жакшы үлгүлөрүнүн бири катары Мамлекет башчысы Кыргызстандын чыныгы энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылган «Датка-Кемин» электр өткөргүч линияларынын курулушун белгиледи.
«Биз ошондой эле кыргыз элинин чыныгы досу болуп калган КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге да ыраазыбыз. Кыргызстан менен Кытай – эң туруктуу коңшулар экенин мен бир канча жолу ачык айтканмын. Кыргызстанга да, Кытайга да эки өлкөнүн туруктуу гүлдөп өнүгүшү керек. Кыргызстандын бир да өтүнүчү көңүл сыртында калбай, дайыма түшүнүү менен кабыл алынып келатканын мен дайыма айтып жүрөм. Биз Кытайдын колдоосун ар дайым алып жатабыз, бул үчүн, албетте, Төрага Си Цзиньпинге ыраазыбыз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жогорку сыйлыгы үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылыгын билдирди. «Жогорку сыйлыкты мага жеке өзүңүздүн тапшырганыңыз – мен үчүн зор сыймык, бул үчүн Сизге чоң ыраазылык айткым келет. Бул сыйлык – биздин алака-катыштарга чоң көңүл буруп жатканыңыздын, биздин элдер ортосундагы терең достуктун күбөсү. Орден жеке мага эле таандык эмес, биздин карым-катнаштарга салымын кошкондун баарына ыйгарылган сыйлык. Кыргызстан менен Кытайды жалпы тоолор менен суулар бириктирип турат, биз чыныгы жылуу коңшуларданбыз, ишенимдүү өнөктөшпүз жана жакшы достордонбуз», - деди Ван И.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 2013-жылы Бишкекте эки мамлекет башчылары Алмазбек Атамбаев жана Си Цзиньпин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүү тууралу чечим кабыл алышканын эске салды. «Ошентип, Кыргызстан менен Кытай ортосунда достуктун жаңы белесине жол ачылган», - деди Ван И.

«Датка-Кемин» долбоору Кыргызстандын чыныгы улуттук кызыкчылыктарынан болуп саналат, ошондуктан башынан эле бул долбоор Сиздин жеке көңүл борборунда турганы бекеринен эмес. Бул долбоор – биздин кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири. Анын аякташы биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык эки тарапка тең пайдалуу жана өтө натыйжалуу болуп саналарын көргөздү”, - деди Ван И.

Ван И Кытай мындан ары да эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө күч-аракеттерин жумшай турганын белгиледи. «Кытай ТИМи кыргыз кесиптештери менен бирге Сиз менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпин кабыл алган келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча иштеп жатышат. Бул биздин өнөктөштүктү дагы бийик деңгээлге чыгарат. Жогорку сыйлык үчүн Сизге дагы бир жолу чын дилимден алкыш айтууга ыракым этиңиз, Президент мырза», - деди Ван И.
Жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаев жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И кыргыз-кытай алакаларынын маанилүү маселелерин жана Кыргызстан менен Кытай ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын кеңири спектри боюнча өз ара аракеттерди күчөтүү жолдорун талкуулашты.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Өлкө кадырын ойлойлу Өлкө кадырын ойлойлу

Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында  жергиликтүү журналисттер үчүн "Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын жүргүзүүдө маалымат каражаттарынын ролу" аттуу семинар-кеңешме болуп өттү....

7 - Июня  2016 | 12 : 26844
Эл тынчтыктын баркын  билет Эл тынчтыктын баркын билет

Областыбыздын аймагында бүгүнкү күндө тынч турмуш өкүм сүрүүдө. Ишке жараган адамдын баары жашоолорун жакшыртуунун камы менен убакытты көңүлгө албай, күндүр-түндүр тиричилик менен алпурушуунун үстүндө. Жадесе, ушу...

7 - Июня  2016 | 12 : 31982
Жалал-Абадда тургундар СДПК фракциясынын депутатына нааразы... Жалал-Абадда тургундар СДПК фракциясынын депутатына нааразы...

  Жалал-Абад шаарынын тургундары депутатардын шаардык кеңешиндеги СДПК фракциясынын айрым депутаттарынын шаар мэринин аткарган иштери боюнча тутунган позициясына нааразы болушууда. Алардын...

21 - Июля  2016 | 14 : 251273
Укук коргоочулар кандай кызыкчылыкка иштешет? Укук коргоочулар кандай кызыкчылыкка иштешет?

    Июнь окуясында Базар-Коргон районундагы баш аламандыкты уюштурган жана тартип сакчысын өлтүрүүгө көмөктөшкөн деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши кайрадан сотто...

28 - Июля  2016 | 11 : 101148
Выборы в местные кенеши и референдум: Как голосовать? Выборы в местные кенеши и референдум: Как голосовать?

 – Уже в это воскресенье, 11 декабря, кыргызстанцев ожидают 2 значимых события — референдум по внесению изменений в Конституцию и выборы в местные кенеши. 1 декабря 2016 года Государственная регистрационная...

8 - Декабря  2016 | 9 : 7949
Референдум бизге керекпи? Референдум бизге керекпи?

    Быйылкы жылдын 11-декабрын тарыхта калчу күн десек болчудай. Анткени бул күнү туу туткан Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн  референдум өткөнү турат. Аталган датага карата байланыш,...

8 - Декабря  2016 | 12 : 24859
Премьер-министр долбоорлор менен таанышты Премьер-министр долбоорлор менен таанышты

  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өткөн бейшембиде, областыбызга келип кетти. Ал бул жолку кыдыруусунда Базар-Коргон, Ноокен райондорунда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун...

9 - Декабря  2016 | 12 : 241064