"Адам күн сайын руханий жактан өнүгүп-өсүп турушу керек"

27 - Июня  2017 | 11 : 541408

 

Нурбек Шамуратов, Т.Тыныбеков атындагы областтык филармониянын ырчысы: “”

 

Ырчы тууралуу   

 

 

Туулган жери   - Сузак району, Ачы айылы.

Туулган жылы - 1985-жыл, 10-май.

Билими    - атайын орто, Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы Маданият техникуму.

Кесиби -

Баалаган сапаты-  жөнөкөйлүк, ыймандуулук, намыстуулук

Иштеген жери -   Токтосун Тыныбеков атындагы  областтык филармония.

 

Өнөр адам баласынын сезимин ар бир көз ирмемде алга сүрөп, сезимтал адамдарды чексиз кыялдарга жетелейт. Өнөр жана чыгармачылык болбосо, адамдын колунан чыккан кооздуктардын эч бирин көрө албайт эмеспизби. “Мекен сакчысы”, “Жаңы жыл”, “Ата ким” деген ырларды аткаруучусу, көп кырдуу талант азыркы тапта  Жалал-Абад областтык Токтосун  Тыныбеков атындагы филармониянын   ырчысы Нурбек Шамуратов  “Акыйкат” сайтына өзү тууралуу маалыматы менен  бөлүштү.

 

“Төрт жашымдан  комузду  колго алгамын”

 

 

 

Менин бала чагым   Барпы атабыз жердеген  айтылуу Ачы айылында өткөн.  Кичинекей кезимде эле  комузду черткенди билбесем да, сүдүрөп алып, чертимиш болуп жүрө берчү экенмин. Кийин 5-класста окуп жүргөндө акырындык менен күү черткенди үйрөнүп баштадым. Ошондон тарта чыгармачылыкка болгон кызыгуум башталды.  Мектепте кароо сынактарга, маданий иш-чараларга  катышып, байгелүү орундарга жетишип, мектептин “жылдызына” айландым.

 

Ошентип мектепти ийгиликтүү аяктагандан соң Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумунун эл аспаптар бөлүмүнө тапшырып, ал жерди артыкчылык диплом менен аяктадым. Аталган окуу жайда окуп жүргөндө областтык Токтосун Тыныбеков атындагы филармониядагы  “Мөлмөл” этнографиялык оркестрына комузчу болуп иштеп да калдым.

 

“Үйдө чыгармачылыкка апам жакын”.

Апамдын инилери, агалары баары эле чыгармачылыкка жакын инсандар.  Тагам Тилек Найманбаев деген учурда борбордо опера балет театрында опералык солист болуп эмгектенет. Атактуу Барпы атабыз ашык болуп ырдаган Мырзайым менин чоң энем болот.  Балким чыгармачылыкка ушул улуу инсандар түрткү болгон чыгаар деп ойлоп калам. Бул чөйрөгө аралашып калгандыктан эми кыргыз маданиятына  аз да болсо салым кошуп, артымда из калтыргым келет. Учурда бүт күчүмдү чыгармачылыкка жумшап жаткан учурум. Жакында эле сөзү Азамат Токоров агабызга таандык, обону Кубанычбек Экашев агабыздыкы болгон  “Ата ким?” деген ырды Рустам Шамшиев экөөбүз ырдап, клибин тартып бүттүк. Эми Кыргызстандагы телеканалдар жана радиолорго тапшыруунун  аракетинде жүрөбүз. “Ата аскалуу тоо, чалкыган деңиз, баарына тегиз”- эмеспи. Бул ырдын сөзү менен обону  бири-бирине төп келип турат. Ал эми клиптин сценарийин Улукбек Боронбаев жана Улукбек Бамырзаев деген жакын досторубуз  чогуу олтуруп кеңешип жаздык. Учурдан пайдаланып аты аталган инсандарга ыраазычылык билдирем. Клиптеги аксакал Рустамдын атасы. Ал эми орто жаштагысы менин атам.

Чыгармачыл чөйрөдө айрым учурларда ашыкча коздонуп алып, өздөрүнүн жүздөрү көрүнбөй калгандар да бар. Эгерде ички дүйнөң жарды болсо, канчалык кычырап кийинип турсаң дагы ал кооз кийим адамды көрктөндүрүп өстүрө албайт. Ошондуктан адам күн сайын руханий жактан өнүгүп-өсүп турушу керек. Бул -дүйнө, бул - өмүр, бул- жашоо баары убактылуу экенин билебиз. Акындар айткандай:

“Адамбыз жаңылабыз оңолобуз,

Турмушта бир бөксөрүп, бир толобуз.

Булутту жаап өткөн чагылгандай,

Дүйнөдө бир жарк этип жок болобуз”-дейт эмеспи, анын сыңарындай  бир келген бул өмүрдө жалаң гана жакшы иштерди аткарганга жаратканыбыз насип этсин дейли.

 

Даярдаган: Элиза КАПАРОВА.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Өнөрлүү жубайлар өргө баратат Өнөрлүү жубайлар өргө баратат

Таштанбек Сооронбаев Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалдуу-Сай шаарчасынын №8-орто мектебинде узак жылдан бери мугалим болуп иштейт. Ал балдарга музыкалык билим берүү менен чектелбей,  өз аймагындагыларга көп...

6 - Июня  2016 | 18 : 381482
“Мен-кыргыз жаранымын” “Мен-кыргыз жаранымын”

Ушундай аталышта областтык Барпы атындагы театрда этно-маданий фестиваль болуп өттү. Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясы демилге...

7 - Июня  2016 | 12 : 182954
“Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу “Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу

“Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу Каарман тууралуу  Аты, жөнү- Турсункулов Камчыбек Саипович Туулган жылы - 1956-жыл, 8-июль. Туулган...

9 - Июня  2016 | 11 : 591203
Фестиваль үнү жаңырды Фестиваль үнү жаңырды

Аксы районунун Аксуу айыл өкмөтүндө областтык "Керемет жерим-Кыргызстан!" аттуу фестивалга катышуучулардын оюн-зоогу,жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн  көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу райондун акиминин орун...

21 - Июня  2016 | 16 : 42770
Көк-Иримге  Көк-Иримге "Ыр кесе" тийди

Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүндө "ыр кесе" болуп өттү. Бул тууралуу 21-июнда райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева билдирди. Анын айтымында анда айыл өкмөттүн аймагында жашагандардын...

21 - Июня  2016 | 16 : 491795
Мекенимди даңктаймын Мекенимди даңктаймын

  Быйылкы “Маданият жана тарых” жылына карата областта бир катар маданий иш чаралар өтүп келет. Жакында дагы бир маанилүү ыр майрамы болот. Жалал-Абад  шаардык Маданият бөлүмүнүн башчысы  Салтанат...

23 - Июня  2016 | 11 : 6999
“Чагылгандай” чарк эткен китеп “Чагылгандай” чарк эткен китеп

Азырынча аты  чыкпаса да, кыргыз адабиятында  жарк этип тааныла элек болсо да, өз алдынча сатира жана тамсил жанрында жазып, турмуштагы болгон оош-кыйыштарды, жакшы менен жамандын ортосундагы айырмачылыктар...

24 - Июня  2016 | 11 : 25905