Майда эмес маселелер арбын

6 - Июня  2016 | 18 : 7964
Майда эмес маселелер арбын

Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүндө өткөн коллегияда жарандарды турак жай менен камсыз кылуу, административдик башкаруунун  абалы  ошондой эле  тарых жана маданият жылындагы аткарылып жаткан иштер туурасындагы маселелер каралды.

“Үй салам, жер бергиле”

Областтын калкын  турак жай менен камсыздоо, калктуу конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу, курулуш обьектилеринин ар кандай өзгөчө кырдаалдарга туруктуулугун күчөтүү иштеринин абалы жөнүндө өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов маалымат берди.

Маалыматка ылайык 2016-жылдын төрт айында турак жай курулушунда калктын өз каражатынын эсебинен  жалпы суммасы 454,5 миллион сомдук капиталдык салым өздөштүрүлгөн. Натыйжада жалпы аянты 34358 метр болгон 364 турак-жай ишке киргизилип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 97,4 пайыз болуп, өсүү темпи камсыздалбаган. Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларынын  курулуш иштеринде жылыш байкалбаган.

Үстүбүздөгү жылдын май айына карата областтын аймагында 62152 жаран турак-жай куруу үчүн  жер тилкесин жана батир алууга кезекте турат. Сузак районунда 19335  адам “жай салам, жер бергиле” деп саргарууда. Аксы, Ноокен райондорунда да көп. Калган район шаарларда деле абал чеке жылытаарлык эмес.

 

Көчпөй көгөрүүдө

Областтын аймагында 1994-жылдан 2016-жылдын май айына  чейин 2407 үй бүлөгө коопсуз жайга көчүү корутундусу берилген. 639 адам мамлекеттик жардамын, жер тилкесин алып, кооптуу жайдан көчүп чыккан. Дагы 584 жаран мамлекеттин жардамын, жерин да ала элек. Ссудасын, жерин алганы менен 1184 үй бүлө көчпөй турат. Айрыкча Сузактын 886 тургуну көчпөй, көгөрүп, кооптуу жерден жылбай келүүдө. Жанын тобокелге салган Аксынын жүздөн ашык тургуну  да орун которуштурбады. Калган райондордо деле кооптуу жерден кетпей жашап жаткандар бар. Учурда көчпөгөндөрдү көчүрүп, жер тилкеси менен камсыз кылуу максатында Аксынын Кара-Суу, Сузактын Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнөн жер аянтын трансформациялоо документтери Өкмөттө каралууда.

Калкты турак-жай менен камсыздоодо алардын башкы планын (генпланын) иштеп чыгуу да маселе жаратууда. Областта  441 калктуу конуш бар. 206 конуштун башкы планы жок. Бул маселени чечүү аким, мэрлерден жана айыл өкмөттөрдөн талап кылынууда. Чаткал районунда гана  башкы план түзүүгө аракеттер байкалса, калган райондор азырынча башкы планга баш оорута элек.

 

“Таза суу” жетиштүү эмес

2016-жылдын май айына карата областтагы 441 айылдын ичинен 274 айылда ичүүчү суу бар деген менен Аксы, Ала-Бука, Тогуз-Торо, Токтогул жана Базар-Коргондо абал жакшы эмес. Таза суу маселесинде Өкмөткө кол кабыш калган “Азия өнүктүрүү” банкы 55 айылга ичүүчү сууну киргизип берген. Дагы 110 айылга таза суу түтүктөрүн куруу милдети турат. Айрыкча Ноокен районундагы ”Бүргөндү” долбоорун ишке ашыруу эң актуалдуу маселе. Айылдын тургундары сууну Майлуу- Суу дарыясынан ичип, ич келте оорусуна көп кабылууда.

Аксы районунда таза суу менен камсыздоо көрсөткүчү 30,7 пайыз болсо,  аларда жашаган калктын санын  эсептегенде 52 пайызды түзгөн. Сандардын түрдүүлүгүнөн күмөн санаган өкүл Жумагүл Эгамбердиева жыйындын катышуучуларынан так маалымат беришин талап кылды.

Таза суу көйгөйүн чечүүнү Ислам Өнүктүрүү банкы  колго алууда. Учурда  Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Ала-Бука жана Ноокен районунун 35 айылына таза суу долбоору тууралуу макулдашуулар жүрүүдө. Ичүүчү  сууну талаптагыдай кыла албай жатканда туш-келди ташталган  таштандылар да шаштыны кетирүүдө. Көпчүлүк калктуу конуштарда таштанды салуучу жайлар жок. Казарман, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Кара-Көл жана Шамалдуу-Сай шаарларындагы свалкаларды эске албаганда  калган райондордо таштанды жайгашчу жайлар эч кандай экологиялык талаптарга жооп бербейт. Алар мыйзамсыз жана баш-аламан жайгаштырылууда.

 

Административдик башкаруудагы баш аламандык

 

        Жарандарды кабыл алуудагы  жоопкерсиздиктер  туурасында Жалал-Абад областынын  өкүлчүлүгүнүн  документтерди кабыл алуу жана коомчулук менен байланыш  бөлүмүнүн башчысы Шахзада Баймырзаеванын  айтымында жарандардын арыз-каттарын кароо көпчүлүк район, шаарларда жакшы жолго коюлган эмес. Ала-Бука районунун администрациясында элди кабыл алууда каттоо иштери жүргүзүлбөгөн. Арыз-каттар дээрлик өз мөөнөтүндө аткарылган эмес. Ноокен районунун администрациясы да бул “баш аламандыктан” кур эмес. Өкүл Ж.Эгамбердиева жарандарды кабыл алууда так жана тыкан, мыйзамдуу иш алып барышын аким, мэрлерден талап кылып, эскертүү берди.  

 

“Баннер, лозунгдарга көңүл буруш керек”

 

Президент быйылкы жылды “Тарых жана маданият жылы” деп жарыялаганына байланыштуу областта бир канча маданий оюн-зоок, кароо-сынактар болуп, айрым көйгөйлөр чечилгени өкүлдүн орун басары Бакыт Анаркуловдун маалыматында белгилүү болду. Жакында “Энелерди даңктайлы” деген областтык аялдардын экинчи форуму, Жусуп Мамайдын жаркын элесине арналган эл аралык илимий конференция жана “Бий - жашоонун шаттыгы”  фестивалы сыяктуу маданий иш-чаралар болду. Област аймагындагы маданият үйлөрүнүн оңдоп-түзөөдө жергиликтүү бюджеттен 44 миллион 500 миң сомдон ашык жардам көрсөтүлүп, Чаткал, Ала-Бука, Ноокен, Сузак райондорунда жана Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларындагы  маданият үйлөрү, китепканалар капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

 Деген менен көйгөйлөр жок эмес. Айрыкча Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу  айылдык маданият үйүнүн экинчи кабатында жайгашкан китепкананын чатырынан суу өтүп, биринчи кабатка чейин тамчылап турат. Натыйжада китептер нымдалышып кеткен. Чаткал, Токтогул райондорундагы маданият үйлөрү жана китепканалардагы коопсуздук маселелери, иш алып баруу жакшы жолго коюлбай, баш аламандыктар орун алган.

Областтын аймагында “Тарых жана маданият жылына” карата баннерлер, лозунгдар жана чакырыктар илинди дешкени менен көпчүлүк жерлерде баннерлер жок экендигин айткан өкүл бул маселеге бардык аким, мэрлер көңүл бурушун талап кылды. Соңунда айрым жетекчилерге тиешелүү чараларды көргөн, тармактарга милдеттемелерди жүктөгөн токтом кабыл алынды.

      

 

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ВИЧ илдети баш ооруга айланууда ВИЧ илдети баш ооруга айланууда

  Област аймагында бүгүнкү күндө  708 атуул ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алган, анын 76сын жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт. Мындай маалымат областтык саламаттыкты сактоонун координациялык кеңешменин Ноокен...

6 - Июня  2016 | 18 : 111242
Секелектердин тагдыры сестентет Секелектердин тагдыры сестентет

Областта акыркы үч жылда 15-17 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу көбөйдү.  Ага мисал иретинде 2013-жылы 146 кыз үй-бүлө курган. Андан кийинки жылы 205 кыз мектепти бүтпөй турмуш жолуна аттанган. Былтыр  212 өспүрүм кыз...

6 - Июня  2016 | 18 : 42795
Үй курганга жер берчи Үй курганга жер берчи

2009-жылы республикада сугат аянттарды турак-жай үчүн бөлүп берүүгө мораторий жарыяланган. Ага чейин өлкө аймагында 38  миң  адам  айыл чарба жерлеринин сугат жайларына 42 миӊ турак  жай куруп алган. Бирок,...

7 - Июня  2016 | 12 : 45983
Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады

Жалал-Абад шаарынын  Ленин көчөсүн кеңейтүүнүн  экинчи этабы башталды. Борбордук жолду кеңейтүү  жумушун колго алган шаар бийлигинин  аракетин  шаар жашоочулары гана эмес,  областтын  калкы да...

10 - Июня  2016 | 16 : 40500
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН? ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН?

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы быйылкы 17-майда Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 26-июнундагы №41 жер аянтын сатуу жана сатып алуу...

15 - Июня  2016 | 10 : 31294
Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө

Жалал-Абад шаарында  21-22-июнь күндөрү  айыл чарба азыктарын жарнамалоону жана областка инвестиция тартууну көздөгөн  II Эл аралык  бизнес форум   болуп өттү.  Анда  айыл чарба азыктарынын...

27 - Июня  2016 | 12 : 221622
Талашы көп депутаттар, талкуудан чыкпаган сессия… Талашы көп депутаттар, талкуудан чыкпаган сессия…

   Жалал-Абад шаардык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 34-сессиясына он эки маселе коюлду. Алардын ичинен Жалал-Абад шаарындагы аэропортко  тогуз гектар жерди мөөнөтсүз берүү тууралуу маселе бир жарым...

8 - Июля  2016 | 17 : 371024