“Цефей” мектеби иштөөдө

6 - Июня  2016 | 18 : 19826
“Цефей” мектеби иштөөдө

      Аксы районунун борбору  Кербен шаарында 2014-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Цефей” мектеби иштеп келет. Анын түзүүчүсү Бактыбек Калиевдин айтымында 2003-жылы  “Цефей” коомдук бирикмеси түзүлүп, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүү максатын көздөгөн.

 Алар  балдар арасында ден соолугунун айынан тамга тааныбай, окуганга дарамети жетпегендер арбын экенин баамдашып, аларга атайын мектеп ачууга аракет жасаган. Атайын сатып алынган жайды оңдоп-түзөп, жабдыктар менен камсыз кылган соң, райондун аймагынан ошондой балдарды  кабыл алууга киришти. Мектепке кошуна Чаткал жана Ала-Бука райондорунан да келишти. Азыр “Цефейде” окуп жаткан он төрт баланын эң кичүүсү  төрт жашта, улуусу  он сегизде. Бирок, бардыгы бир класста олтуруп, тамга үйрөнүшөт, сүрөт тартышат, китеп окушат. Педагогика тармагында тажрыйбалуу адис Дилора  Абдужалилова эжеке ар бирине  камкор жана мээримдүү мамиле жасап, алардын убактысын текке кетирбегенге аракет кылат. Сабак орус тилинде өтүлөт жана  ар күнү төрт сабак окутулат. Бир маал жеңил тамак уюштурулган.

-Бүгүнкү күндө биздин мектепке келүүнү каалаган сексен бала кезекте турат. Максатыбыз –  базабызды кеңейтип, бизге келип, билим алууну самаган балдарды окута баштасак. Негизи  башка дени сак балдар сыяктуу эле мындай катмардагы балдар билим алып, сабатын жойсо, кесипке ээ болуп, бир жерде иштешсе деген тилегибиз бар, - дейт Бакыт мырза.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Алиманын” чеберлери “Алиманын” чеберлери

     Ушул учурда бир канча жылдардан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Бурул Нармырзаева айым жетектеген “Алима” тигүү цехинин даңазасы ашып турган кез. Анткени, андагы жыйырма  чебер...

6 - Июня  2016 | 18 : 241102
Чаткал жаңылыктары Чаткал жаңылыктары

               Райондун  Чаткал айыл аймагы жергиликтүү калк арасында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү  аракетин көрүүдө. Бул максатта  Дүйнөлүк Азык Түлүк программасынын...

23 - Июня  2016 | 11 : 181951
Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат

    Ала-Бука районундагы жайлоолордо балдар үчүн үч бакча быйыл ачылган. Ал бакчаларга бүгүнкү күндө малчы-койчулардын 47 баласы барат. Райондун борбору Ала-Бука айыл аймагына караштуу "Барчын"...

4 - Августа  2016 | 16 : 241760
Аксыда коллегия болуп өттү Аксыда коллегия болуп өттү

  Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аталган райондун быйылкы жылдын алты айында болгон согциалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын караган коллегия болуп өттү. Анда...

4 - Августа  2016 | 16 : 301246
Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү

  Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунда мектептер менен балдар бакчалардын имараттары толугу менен оңдолуп бүттү. Аларды 1-август күнү район тарабынан түзүлгөн атайын комиссия текшерип чыгып,...

4 - Августа  2016 | 16 : 371326
Токтогул кабарлары Токтогул кабарлары

   Райондун акимиинин орун басары Айна Набат кызынын берген маалыматына караганда жыл башынан бери райондо 12 жаъы обьект ачылып, 70 жумуш орду түзүлгөн. Калктын  социалдык турмуш абалын жакшыртуу...

19 - Августа  2016 | 17 : 272022
Бабаш-Атада көпүрө жок Бабаш-Атада көпүрө жок

Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл өкмөтүнө караштуу "Жолборс камак" көчөсүнүн тургундары Бабаш-Ата суусунан ары-бери өтүү үчүн аттап өтүүгө ыңгайлуу жер  издешет. Көчөнүн жашоочусу...

6 - Сентября  2016 | 15 : 332235