УЛУУБРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН БААРЛАШТЫ

21 - Августа  2017 | 4 : 46689
УЛУУБРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН  ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН БААРЛАШТЫ

 

Улуубританиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит Жалал-Абад шаарында болуп, шаар жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана коомчулук байланыштарды арттыруу боюнча баарлашты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Мартабалуу элчи менен шаардын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов жана анын биринчи орун басары Турдали Темирбаев баарлашып, алар шаар жана анын өндүрүштүк, маданий потенциалы, акыркы учурда жүргүзүлуп жаткан иштер, шаарды ар тараптуу өнүктүрүү багытындагы келечек пландар жөнүндө кеңири маалымат беришти. Шаарды инфраструктуралык жактан өнүктүрүү долбоорлорунун кандайча ишке ашып жатканы тууралуу айтуу менен, С. Авазов шаарда коомдук туруктуулук бекем, калктын маанайы жакшы экенин белгиледи. Ошондой эле алдыда турган президенттик шайлоолорду таза жана мыйзамдуу өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча аракеттер болуп жатканын кошо маалымдады. 

Элчи Робин Орд-Смитти шаарды өнүктүрүүнүн келечек багыттары кызыктырып, кийинки кездерде Кыргызстанда аймактар да жакшы өнүгүп жатканы байкаларын, бул жакшы тенденция экенин баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан, анын аймактары менен эки тараптуу кызматташуулардын кеңейиши жалпы өнүгүүгө көмөк боло турганын кошумчалады.

-Кыргызстанда таза шайлоолорду өткөрүүгө болгон аракеттер байкалып жатат, бул демократиянын чыңдалышына болгон багытты тастыктайт, - деди элчи.

Элчи Жалал-Абад шаарындагы жайгашкан “Жалал-Абад санаторийине” кызыгып, ал тууралуу да маалыматтарды алды. Ошондой эле шаардын алдыда турган ири инвестициялык долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашуусуна каалоо айтты.

Тараптардын өз ара баарлашуусу өз ара жагымдуу жана иштиктүү кырдаалда өттү.

     Нурайым Турдумаматова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мекеним менин-Кыргызстан Мекеним менин-Кыргызстан

Кыргызстандагы башка аймактардан айырмаланып, Жалал-Абад жергеси  чер токойлуу келип, даңазалуу жаңгагы алма,мисте, алчасы, табигый, тарыхый эстелик жайларга бай жана  туризм тармагын өнүктүрүүгө жетиштүү...

7 - Июня  2016 | 18 : 221485
Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан

Советтик доорду канчалык  “андай эле, мындай эле” деп, сындаганыбыз менен, ал учурдун өзүнүн керемети , касиети жана идеологиясы, анан ошол системаны бекем кармап турган адамдары болгон. Коммунисттик...

7 - Июня  2016 | 18 : 293760
Жаштар –  туура кадам, таза максат үчүн! Жаштар – туура кадам, таза максат үчүн!

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү “Жаштар - туура кадам, таза максат үчүн!” аттуу республикалык жаштар форуму областта үчүнчү жолу өткөрүлдү. Активдүү жаштардын башын бириктирген иш-чара  жаңгак токою...

17 - Июня  2016 | 14 : 372251
Питерде жумушсузга иш бар Питерде жумушсузга иш бар

Областтын кырк жашка чейинки жумушсуз адамдары үчүн Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан 89 бош жумуш орун табылды. Бул максатта республиканын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын...

17 - Июня  2016 | 16 : 191314
“Аза көйнөк азабы...” “Аза көйнөк азабы...”

    Кыргыздын кылым карыткан каада - салттары бар. Ал муун улап жашап келет. Мезгил алмашып, “заман өзгөрдү” деп, айрымдарын унутта да калтырып жатабыз. А бирок,  улам жаңырып, заманбап  “түскө”...

22 - Июня  2016 | 17 : 361572
Кошуналар алчадан  сок жасайт, а биз... Кошуналар алчадан сок жасайт, а биз...

                Жалал-Абад базарында  алча  18-20 сомдон сатып алынып, Казакстанга  экспорттолуп жатат. Төрт жылдан бери алча ташыган Арзымат күнүнө анын 2-3 тоннасы Талас аркылуу Чимкентке...

24 - Июня  2016 | 19 : 482625
Эл комиссары жөнүндө баян Эл комиссары жөнүндө баян

“Тарых жана маданият жылына” карата    Шарапат эненин эскерүүсү Токсонго барып калган Шарапат байбиче Барпы аймагынан чыккан Эл комиссары Абдукадыр Абдраимов жөнүндө төмөнкүчө...

22 - Июля  2016 | 18 : 401881