Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын жетекчилери жаңы окуу жылынындагы программаларын бекитишти

6 - Сентября  2017 | 4 : 40802
Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын жетекчилери жаңы окуу жылынындагы программаларын бекитишти

 

 Жалал-Абад облустук казыятынын жыйындар залында облус аймагына караштуу бардык диний окуу жайлардын жетекчилери менен жыйын болуп, ага облус казысы Абдулазиз кары Закиров, казыят кызматкерлери, мүдүрлөр, кайрымдуулук мекеменин өкүлдөрү катышты.

 Жыйындын жүрүшүндө жаңы окуу жылына карата даярдык, кабыл алынган абитуриенттер боюнча маалымат, стдуденттердин, мугалимдердин бирдиктүү формасы, экстремизм-терроризмдин алдын алуу максатында казыят тарабынан лекцияларды уюштуруу, окуп жаткан студенттердин билим сапаты жана башка окуу жайга тиешелүү болгон маселелер талкууланды. Муну менен катар окуу жайларда инновациялык жана интерактивдик окутууну ишке ашыруу, мугалимдердин методикалык билим денгээлин көтөрүү, тажрыйба алмашуу, студенттердин потенциалын көтөрүү максатында 2017-2018-окуу жылына карата көчмө семинардын ырааттамасы белгиленди. Бул ырааттама облус казысы тарабынан бекитилип, 2017-жылдын октябрь айында башталып, 2018-жылдын май айында аяктап жыйынтыгы чыгарылмакчы.

Жыйын алкагында быйылкы окуу жылга карата жаңы жаңылык катары ыйман, адеп жана маданият жылына карата адеп-ахлак сабагынан I-II-III курстар үчүн олимпиада уюштуруу демилгеси көтөрүлүп, облус казысы, мүдүрлөр тарабынан колдоого алынды. Мындан тышкары мүдүрдүн милдетин аткаруучулар, окуу бөлүм башчылар, организаторлор 2017-2018-жылынын биринчи жарым жылдыгына карата иш мерчемин түзүү сентябрдын 10на чейин болсо, предметтик мугалимдер сентябрь айынын 15не чейин календардык тематикалык пландарын бүтүрүү керектиги боюнча чечим кабыл алынды. Ал эми, облус казысы, хадис сабагынан бирдиктүү секциялык планды иштеп чыгууну уюштуруу маселеси каралып, хадис сабагынан берген мугалимдер үчүн кеңешме өткөрүү тапшырмасын берди.

Жалал-Абад казыяты маалымат катчы А.Хаджибеков

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Дин эркиндиги эмнеге алып барат? Дин эркиндиги эмнеге алып барат?

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан өкүлдөр жана бир катар эксперттер областтагы жергиликтүү  дин кызматкерлери, билим берүү тармагынын жана бейөкмөт...

16 - Июня  2016 | 17 : 262252
Сузакта заманбап мечит ачылды Сузакта заманбап мечит ачылды

  Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн орун алган Арал айылында жаңы мечит курулуп, ишке берилди. Анын ачылышына арналган салтанатка айыл өкмөтүнүн, областтын...

8 - Августа  2016 | 16 : 391465
Жалал-Абадда дин уюмдарынын иши талкууланды Жалал-Абадда дин уюмдарынын иши талкууланды

    Жалал-Абадда дин уюмдарынын коомдун жакшырышына карата жүргүзүп жаткан иштери мурдагы жылдарга караганда кыйла активдүү болуп калды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясында өткөн дин...

8 - Февраля  2017 | 12 : 6898
"Бир момунга –бир дарак" аттуу айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү акциясы...

                Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарчасында, Курманбек, Көк-Арт жана Кара-Алма айыл округдарында  КМДБнын №68 буйругунун ишке ашыруу...

14 - Апреля  2017 | 4 : 2413
Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси... Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси...

Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси менен жеринен таанышып, шаархатибияттын иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, кириш-чыгыш каттоо журналынын абалы, көктөмөлөрдүн...

18 - Апреля  2017 | 4 : 171785
Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен 6 баланын энеси... Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен 6 баланын энеси...

   Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен шаардагы атасыз алты балалуу, турмуш шарты оор, жакыр жашаган Токтобаева Зиягулгө үй-бүлөгө 300 миң сомго үч бөлмөлүү батир сатып...

18 - Апреля  2017 | 4 : 19655
Диний агымдар коркунучтуу Диний агымдар коркунучтуу

                      Такталган маалыматтарга караганда учурда Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик 19 уюм бар. Алардын ичинен экөө...

19 - Апреля  2017 | 4 : 552680