Жалал-Абад казыяты аймактагы массалык маалымат каражаттары менен кызматташууну жакшыртат

7 - Сентября  2017 | 3 : 321146
Жалал-Абад казыяты аймактагы массалык маалымат каражаттары менен кызматташууну жакшыртат

 

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты маалыматтуулукту кеңейтүү максатында облус казысы Закиров Абдулазиз карынын тапшырмасы менен  Жалал-Абад казыятынын маалымат кызматы облус аймагындагы маалымат каражаттары менен кызматташат.

Мындан ары Жалал-Абад казыятынын аймактагы, район-шаардагы жана казыяттагы иш-чаралары, адеп, ыйман, маданият, Ислам дини  тууралуу маалыматтар  Ноокен районундагы “Ноокен жаңырыгы”, Аксы районунда “Аксы турмушу”, Ала-Бука районунда “Айыл акыйкаты”, Чаткал районунда “Чаткал оттору” гезитинен жана chatkal.kg сайтынан, Тогуз-Торо районунда “Жеңиш Туусу”, Токтогул районунда “Шамшыкал”, Кара-Көл шаарында “Кара-Көл нуру”, Таш-Көмүр шаарында “Таш-Көмүр жарчысы” гезитинен байма-бай жарыяланып турмакчы.

Ал эми учурда массалык маалымат каражаттар менен тыгыз байланышып иштешүү максатында облустун аймагындагы “Акыйкат”, “Аймак” гезитинин ар бир чыгарылган сандары район-шаардын баш имам хатибдерине таратылса, “Дил” коомдук-саясий педагогикалык гезити диний окуу жайларга таратылып жатат. Келишимге ылайык редакция ар бир чыккан санын үзгүлтүксүз өз убагында гезит менен камсыз кылып, дин кызматкерлерине жеткирилүүдө. Мындай саамалык Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Закиров Абдулазиз карынын демилгеси менен уюштурулуп, аталган гезиттин редакторлору менен расмий келишим түзүлгөн. Мындан сырткары Жалал-Абад ТРК тарабынан “Жума насааты” программасы жума сайын эфирден бирилүүдө.

“Жакынкы күндөрү облустук казыяттын маалыматтары жана диний жааттагы иш-чаралары kabar.kg, turmush.kg, 24.kg, “vb.kg”, Радио Марал, 1-Радио тарабынан чагылдырылуусу  күтүлүүдө»,-деди казыяттын маалымат кызматынан.

Эске салсак, Жалал-Абад казыяты маалымат айдыңын кеңейтүү максатында jalal-abad.muftiyat.kg расмий сайтын ачып, ошол эле учурда facebook.com, twitter.com, vk.com, ok.ru социалдык тармактарынан дагы өздүк баракчаларын ачкан болчу. 

Жалал-Абад казыяты - маалымат катчы А.Хаджибеков

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Дин эркиндиги эмнеге алып барат? Дин эркиндиги эмнеге алып барат?

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан өкүлдөр жана бир катар эксперттер областтагы жергиликтүү  дин кызматкерлери, билим берүү тармагынын жана бейөкмөт...

16 - Июня  2016 | 17 : 262237
Сузакта заманбап мечит ачылды Сузакта заманбап мечит ачылды

  Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн орун алган Арал айылында жаңы мечит курулуп, ишке берилди. Анын ачылышына арналган салтанатка айыл өкмөтүнүн, областтын...

8 - Августа  2016 | 16 : 391455
Жалал-Абадда дин уюмдарынын иши талкууланды Жалал-Абадда дин уюмдарынын иши талкууланды

    Жалал-Абадда дин уюмдарынын коомдун жакшырышына карата жүргүзүп жаткан иштери мурдагы жылдарга караганда кыйла активдүү болуп калды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясында өткөн дин...

8 - Февраля  2017 | 12 : 6895
"Бир момунга –бир дарак" аттуу айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү акциясы...

                Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарчасында, Курманбек, Көк-Арт жана Кара-Алма айыл округдарында  КМДБнын №68 буйругунун ишке ашыруу...

14 - Апреля  2017 | 4 : 2407
Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси... Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси...

Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси менен жеринен таанышып, шаархатибияттын иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, кириш-чыгыш каттоо журналынын абалы, көктөмөлөрдүн...

18 - Апреля  2017 | 4 : 171772
Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен 6 баланын энеси... Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен 6 баланын энеси...

   Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен шаардагы атасыз алты балалуу, турмуш шарты оор, жакыр жашаган Токтобаева Зиягулгө үй-бүлөгө 300 миң сомго үч бөлмөлүү батир сатып...

18 - Апреля  2017 | 4 : 19651
Диний агымдар коркунучтуу Диний агымдар коркунучтуу

                      Такталган маалыматтарга караганда учурда Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик 19 уюм бар. Алардын ичинен экөө...

19 - Апреля  2017 | 4 : 552659