Өнөрлүү жубайлар өргө баратат

6 - Июня  2016 | 18 : 381480
Өнөрлүү жубайлар өргө баратат

Таштанбек Сооронбаев Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалдуу-Сай шаарчасынын №8-орто мектебинде узак жылдан бери мугалим болуп иштейт. Ал балдарга музыкалык билим берүү менен чектелбей,  өз аймагындагыларга көп жылдан бери өрүктөн, жаңгактан, ак чечек менен алмуруттан ар түрдүү улуттардын музыкалык аспаптарын чаап, жасаган иши менен таанымал. Бүгүнкү күндө  концерт болгон жерде жана башка маданий иш-чараларда элге таанымал жана чертүүгө татаал болгон "Ак бакай", "Тогуз  кайрык", "Кыргыз көчү" сыяктуу ондогон залкар күүлөрдү аткарып, элдин жарпын жазууда. Биздин көз алдыбызда көрүүчүлөргө Жеңижоктун "Балам жок" аттуу ырынын күүсүн угармандарга тартуулады. Ал ташкөмүрдөгү балдардын чыгармачылык үйүндө да жаш комузчуларга сабак берет.

Ал комуз черткенге 4-5 класста окуп жүргөндө киришкен. Анын колунан бир эле убакта кыргыз менен казактын жана орустун бир нече улуттук музыкалык аспаптары жаралды. Ал өз колу менен эки комузду жана комузга домбраны, же кыякка комузду бириктирип,  бир адам черткидей кылып жасаган. Кыяктын нечен түрлөрүн, жетиген жана чертмек аттуу аспаптарды да жасап, кол өнөрчүлүгү менен элди суктандырууда. Суудан кармап алган тамыр-жыгачтардан да ар түрдүү айбанаттардын сөлөкөттөрүн жасоо менен кол өнөрчүлөрдүн нечендеген көргөзмөлөрүнө катышып келүүдө. Ал жыгачтан чапкан музыкалык улуттук аспаптар менен түрдүү оюнчуктар элге өтүмдүү.

Т. Сооронбаев областта жана башка шаарларда өткөрүлүп келе жаткан кол өнөрчүлөрдүн бардык көргөзмөлөрүнүн катышуучусу. Ал май айынын этегинде областтык Барпы театрында болгон  “Мен-кыргыздын жаранымын!" деген этнографиялык  фестивалга да  өз колунан жаралган бир нече музыкалык аспаптар жана өзү жасаган буюмдары менен катышты. Ал буга чейин "Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери" деген төш бепги менен сыйланган. 

Анткени менен анын өмүрлүк жубайы Инабат Сооронбаева да өнөрлүү. Инабат кардарлардын өтүнүчү менен кыздардын көйнөктөрүн, себин, жигиттерге калпак  тигет, сайма саят.  Ал тиккен той көйнөк 3-5 миң сомго бааланса, сеп кийимдери 50 миң сомго дейре сатылып келе жатканын анын  өзүнүн оозунан уктук.

 

Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Мен-кыргыз жаранымын” “Мен-кыргыз жаранымын”

Ушундай аталышта областтык Барпы атындагы театрда этно-маданий фестиваль болуп өттү. Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясы демилге...

7 - Июня  2016 | 12 : 182948
“Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу “Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу

“Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу Каарман тууралуу  Аты, жөнү- Турсункулов Камчыбек Саипович Туулган жылы - 1956-жыл, 8-июль. Туулган...

9 - Июня  2016 | 11 : 591203
Фестиваль үнү жаңырды Фестиваль үнү жаңырды

Аксы районунун Аксуу айыл өкмөтүндө областтык "Керемет жерим-Кыргызстан!" аттуу фестивалга катышуучулардын оюн-зоогу,жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн  көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу райондун акиминин орун...

21 - Июня  2016 | 16 : 42768
Көк-Иримге  Көк-Иримге "Ыр кесе" тийди

Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүндө "ыр кесе" болуп өттү. Бул тууралуу 21-июнда райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева билдирди. Анын айтымында анда айыл өкмөттүн аймагында жашагандардын...

21 - Июня  2016 | 16 : 491795
Мекенимди даңктаймын Мекенимди даңктаймын

  Быйылкы “Маданият жана тарых” жылына карата областта бир катар маданий иш чаралар өтүп келет. Жакында дагы бир маанилүү ыр майрамы болот. Жалал-Абад  шаардык Маданият бөлүмүнүн башчысы  Салтанат...

23 - Июня  2016 | 11 : 6998
“Чагылгандай” чарк эткен китеп “Чагылгандай” чарк эткен китеп

Азырынча аты  чыкпаса да, кыргыз адабиятында  жарк этип тааныла элек болсо да, өз алдынча сатира жана тамсил жанрында жазып, турмуштагы болгон оош-кыйыштарды, жакшы менен жамандын ортосундагы айырмачылыктар...

24 - Июня  2016 | 11 : 25905
“Мекенимди даңктаймын” “Мекенимди даңктаймын”

      Быйылкы жылды мамлекет башчыбыз “Тарых жана маданият” жылы деп кабыл алганы, өлкөбүздө бул тармактарда бир топ жандуу аракеттер башталгандай. Борбордон тартып, кичинекей айылдарга...

24 - Июня  2016 | 11 : 35687