Шайлоодо мыйзам бузулса оор жаза күтүлөт

7 - Сентября  2017 | 5 : 51782
Шайлоодо мыйзам бузулса оор жаза күтүлөт

2016-жылдын 11-декабрындагы болуп өткөн Жалал-Абад шаарындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо убагында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” 2011-жылдын 14-июлундагы №98 мыйзамынын 31-статьясынын 1-пунктунун талабы одоно түрдө бузулуп, №2096 шайлоо участкасында шайлоо кечки саат 20:00до токтобостон, түнкү саат 23:21:23ко чейин улантылып, 706 бюллетен автоматтык эсептөөчү урнага мыйзамсыз салынган.    

Бул факты боюнча 2017-жылдын 25-февралында Жалал-Абад ШИИБнун ТБму тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 141-статьясынын 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, тергөө убагында аталган участкалык комиссиянын төрайымы Л.А.И. карата көрсөтүлгөн статья менен айыбы угузулуп, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 239-статьясынын талабына ылайык, кылмыш иш негизинен кароо үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна жиберилген.    

Жалал-Абад шаардык сотунун 2017-жылдын 20-июлундагы өкүмү менен соттолуучу Л.А.И. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 141-статьясынын 2-бөлүгү менен күнөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылып, ушул эле Кодекстин 63-статьясынын негизинде 1 жылга шарттуу түрдө соттолгон.   

Эгерде шайлоо убагында мыйзамдуулук, айкындык, ачыктык, көз карандысыздык, коллегиалдуулук, адилеттүүлүк сакталбай,  мындай мыйзамсыз аракеттерге жол берилсе, мындан да оор жазага тартылышы мүмкүн.

Ар бир адамдын шайлоо убагында өз алдынча добуш берүү укугу сакталуусу абзел.      

 

  Н. Матисаков, прокурордун улук жардамчысы                           

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Терек-Сайдан алынып келе жаткан сурьма ташы кармалды Терек-Сайдан алынып келе жаткан сурьма ташы кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнь күнү Таш-Көмүр шаарынын  түндүк аймагынын  чыга беришинен  оперативдик маалыматтын негизинде Ала-Бука районунун Терек-Сай аймагынан  7 тоннага жакын сурьма табигый асыл ташына...

9 - Июня  2016 | 11 : 351225
"Кыргызнефтегаздын" айланасынан кара куурай табылды дейби?

Үстүбүздөгү жылдын 28-май күнү Ноокенде “Переро” операциясы жүргүзүлгөн. Ал иш-чара учурунда оперативдик маалыматтын негизинде Жалал-Абад ОИИБнин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн...

6 - Июня  2016 | 17 : 27595
Жараан өзүн өрттөдү Жараан өзүн өрттөдү

Жалал-Абад шаарында  өзүнө бензин чачып, ширенке менен өзүнө өрт койгон   Ала-Бука районунун тургуну Э.  Шерботоев аман калды. Ал эми саламаттыгы оор бойдон калууда.  Окуянын чоо жайына ар тараптуу кызыгып...

6 - Июня  2016 | 17 : 35500
11 жыл мурдагы “кек” 9-класстын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү... 11 жыл мурдагы “кек” 9-класстын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү...

    Учурда Сузак районуна караштуу Сымкат айылынын А. Тажибаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү боюнча түрдүү жоромолдор айтылып жатат. “Акча...

4 - Ноября  2016 | 11 : 41561
Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер

  Былтыркы жылы областтын жергиликтүү сотторунда 2074 кылмыш иши түшүп, областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 486 кылмыш иштери ачылган. Мындай маалымат областтык...

15 - Февраля  2017 | 3 : 28864
Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда

        Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан, Базар-Коргон РИИБнын КККне 167 саны менен катталган материалды карап чыгып, төмөнкүлөр аныкталган.  Базар-Коргон районунун Акман айыл...

28 - Марта  2017 | 2 : 56638
Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3... Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3...

Сузак районунун тургуну Түркияга алданып барып, сексуалдык кулчулукка кабылып, 3 ай 15 күн иштеп келген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин өкүлү Ширин Расулов облуста «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясынын жүрүшү...

7 - Сентября  2017 | 3 : 2808