Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана кайра иштетүүгө көңүл бурабыз”

9 - Октября  2017 | 5 : 52731
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана кайра иштетүүгө көңүл бурабыз”

 

ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген шарттарда берилип жаткан финансылык ресурстарды мобилизациялоо менен алектенген БУУнун атайын мекемеси. Анын программалары Кыргызстанда кыйла жылдан бери иш жүргүзүп келет. Кызматташтыктын кандай өнүгүп жаткандыгы тууралуу ИФАД программаларынын Кыргызстандагы жетекчиси Фритс Йепсен ой бөлүшөт.

 

-Айтсаңыз ИФАДдын Кыргызстан менен болгон кызматташтыгы кандайча ишке ашып жатат?

-Кыргыз Республикасы ИФАДга 1996-жылы кирген. Биринчи жылдары ИФАД айыл чарба долбоорлорду Бүткүл дүйнөлүк банк аркылуу каржылаган, ал эми түз каржылоосун 2011-жылы баштаган.

 

-Кыргызстан менен болгон кызматташуунун алкагында негизги басым эмнеге жасалат?

-ИФАДдын негизги максаты аз камсыз болгон айыл жергесинин өнүгүшүнө жардам берүү болуп саналат.ИФАДдын долбоорлору жайыттарды башкарууда жана жаныбарлардын ден-соолугун коргоо боюнча укуктук-нормативдик база иштеп чыгууда жана жакшыртууда, мындан сырткары КРнын Ветеринардык кызматынын потенциалын көтөрүүдө жардам берип жатат.

 

-Эмне себептен жайыт реформаларын колдоого басым жасалган?

-Кыргыз эли үчүн мал чарбачылык салттуу тармак болуп эсептелинет. Дээрлик ар бир айыл жашоочусу ушул тармак менен алектенет. Бул тармак айыл элинин тургундарынын жетиштүү жашоосунун, азык-түлүктү камсыздоосунун жана акча каражатыныннегизги булагы болуп саналат. Ошол себептен малдын өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүү үчүн колдоо көрсөтүп жатабыз.

 

-Мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу боюнча кандайдыр бир жыйынтыктар барбы?

-Биздин жасап жаткан жумушубузда жайыт реформасы тармагында элге кызмат көрсөтүлүп жаткан мал чарбачылыгынын тоют базасын жакшыртууда жана ветеринардык кызмат көрсөтүүдө өндүрүмдүүлүктүн жогорулашын байкадык. Жайкы жайыттар учурунда малдын салмагы көтөрүлүп, мындан сырткары жаныбарлардын оорусу тез кыскарып кеткендиги белгилүү болду.

 

-Региондор сизге кандай таасир калтырды, кандай маселелер жана алардын чечүү жолдору сиз тараптан белгиленди?

-Келечекте элет жеринде Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ишмердүүлүгүн күчөтүү маанилүү маселелерден болуп калат. Жайыт реформасын жүргүзүүгө, туруктуулукту камсыз кылууга, алардын потенциалын чыңдоого жана аларга көбүрөөк эркиндик берүүгө бир топ жылдар талап кылынды. Мындан сырткары, тамак-ашты кайра иштетүү маселеси дагы маанилүү болуп жатат. Муну менен Айыл чарба министрлиги дагы макул болду. Келечекте биз мал чарбачылыгынын азык-түлүгүнүн маркетингине жана кайра иштетүүгө көп көңүл бурабыз. Майда фермер-малчылардын интеграциясы жана алардын продукцияларын чоң рынокторго киргизүүнү жакшыртуусу жана сатуусу, дегеле бардыгы үчүн бирдей шартта жана жогорку кирешелүү болууга жардам берет.

Кыргыз Республикасы 2015-жылдын август айында Бажы экономикалык союзга кирүү туурасында документке кол койгон. Бул регионалдык союзга кирүү өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу эл аралык стандарттарга жооп бериши жана азык-түлүк башка жөнөтүүчүлөрдүн товарлары менен атаандаштыкта туруусу керек дегенди билдирет.

Ошондой эле, айта кетчү нерсе, ИФАД жана Кыргызстандын тиешелүү органдары Кыргыз Республикасы үчүн алты жылга ИФАД программасынын стратегиялык мүмкүнчүлүктөрү долбоорунун үстүндө ишти бүтүрүштү.

Стратегиянын негизги максаты – майда фермер-малчылардын продукциясын биргелештирип кирешелүү рынокко чыгаруу. Бул стратегия иштеп кетиши үчүн жайыт комитеттеринин өнүгүшүнө ар кандай программалар аркылуу колдоо көрсөтүү керек. Болжол менен кийинки долбоорлордун каражаты 50 млн АКШ долларын түзөт. Ошондой эле, башкалар дагы ушундай эле өлчөмдө колдоо көрсөтөт деп ойлоп жатабыз.

 

-Бул стратегияны ишке ашыруу мөөнөтү кандай болот?

-Стратегия 2018-2024-жылдарга эсептелинген. “Рынокко чыгууну камсыздоо” долбоорунун дизайны ушул стратегиянын алкагында кийинки жылга күтүлүүдө.

 

-Кыргызстанда ИФАД программасынын жетекчиси катары максаттуу топторго, Жайыт пайдалануучуларга, кыргыз элине эмне каалап кетет элеңиз?

-Мен кыргызстандыктарды жакшы иштердижүргүзгөндүгүүчүн куттуктап кетким келет. ИФАД колдоо көрсөтүп жатат, бирок бардык иш-чаралар Жайыт комитеттери, Жайыт пайдалануучулар, айыл жергесинде жашаган эл аркылуу жүрүп жатат. Кыргызстандын элине ийгилик жана өнүгүүнү каалайм!

 

Нурумбет Алишев, Жалал-Абад шаары

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Жалалабатэлектро” ААКнын башкы директору К. А. Маматкановдун... “Жалалабатэлектро” ААКнын башкы директору К. А. Маматкановдун...

“Жалалабатэлектро” ААКнын башкы директору К. А. Маматкановдун “Акыйкат” гезитине берген интервьюсу.   А. Замирбек кызы: Саламатсызбы Кеңешбек Апсалиевич! Учурда...

18 - Сентября  2015 | 18 : 58817
Кыргыз тарыхы байыркыдан башталат Кыргыз тарыхы байыркыдан башталат

Кыргыздар биздин заманга чейин 201-жылы эле кытай жазмаларында  “гегунь” деген аталыш менен белгилүү болгон. Ар кайсы жылдарда мамлекет куруу идеялары көтөрүлгөн. Элибиз менен мамлекетибиздин...

7 - Июня  2016 | 12 : 356407
“Эл – рентген, ичиңдегини да көрүп турат” “Эл – рентген, ичиңдегини да көрүп турат”

Жалал-Абад шаарынын мэри Авазов Салайдин Абдивалиевич маалымат жыйын өткөрүп, журналисттерди кызыктырган бир топ суроолорго ынанымдуу жооп берди. “Мен шаар башчысы катары бир гана эл үчүн иштейм. Элден эч...

15 - Июня  2016 | 10 : 151823
«Сабырдуулук жана туруктуулук,ийги ишке өбөлгө болот» «Сабырдуулук жана туруктуулук,ийги ишке өбөлгө болот»

        КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу...

19 - Августа  2016 | 13 : 452536
Мамасалы Акматов: “Өзбекстан менен кызматташууга биз даярбыз” Мамасалы Акматов: “Өзбекстан менен кызматташууга биз даярбыз”

    Өзбекстанга болгон иш-сапар мындан ары өз жемишин берчүдөй. Анда кыргыз жана өзбек жетекчилери буга дейре үзүлүп калган эки тараптуу кызматташууну кайра улантуу демилгесин көтөрүштү....

7 - Октября  2016 | 15 : 371885
«Жогорку окуу жайда билимдин сапаты  башкы орунда турат» «Жогорку окуу жайда билимдин сапаты башкы орунда турат»

Кеңешбек УСЕНОВ, ЖАМУнун ректору:  «Жогорку окуу жайда билимдин сапаты башкы орунда турат» Ректор жөнүндө маалымат:   Усенов Кеңешбек...

13 - Декабря  2016 | 10 : 591674
Электрондук паспорт жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат Электрондук паспорт жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

    Ушул жылдын орчундуу окуясы жарандарга электрондук паспорт берүү жана президенттик шайлоо болот өңдөнөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында 2017- жылдын...

15 - Февраля  2017 | 4 : 301596