Медицинага кандай өзгөртүү керек?

26 - Октября  2017 | 7 : 25566
Медицинага кандай өзгөртүү керек?

 

Өлкөнүн саламаттык сактоосун жакшыртууну, реформалоону көздөгөн  2012-жылдан 2016-жылга чейин кабыл алынган “Ден соолук” улуттук программасы аяктады. Мындан улам 2018-жылдан 2030-жылга чейинки  программаны кабыл алуунун үстүндө жумушчу топ иштеп,  жер-жерлерде талкуулар болууда.  Медицина илимдеринин доктору, түштүк аймактык жүрөк-кан-тамыр хирургиясы борборунун  жетекчиси Калдарбек Абдраманов да улуттук программага өзүнүн  сунушун даярдаган, калк саламаттыгын көздөгөн сунушун маалымат каражаттарына айтып берди.

Анын айтымында  чет элдик гранттардын эсебинен медицина кызматы эч качан өнүккөн эмес.  Мындагы тармак ички финансылык булакты өнүктүрмөйүнчө өз максатына жетпейт.

-КРнын саламаттык сактоо системасын реформалоо боюнча алгач эгемендүүлүк алгандан кийин 1996-2005-жылдары “Манас,”, 2006-2011-жылдары “Маанас таалими”,  “2012-2016-жылдар аралыгында “Ден соолук” улуттук программалары  кабыл алынып,  иштеди. Аталган программалардын жүрүшүндө бир катар жумуштар аткарылды. Булардын баарынын максаты кыргыз медицинасын сактап калуу болду, албетте аракеттер көрүлдү. Балчыкта калган кыргыз медицинасы бир аз жанданды.  

Бирок,  жогоруда айтылган программалардын канчалык деңгээлде жумушка ашканы,  кандай жыйынтык бергени боюнча коомчулукка маалымат жакшы жеткен  жок.  Жыйынтыктары эч кандай талкууга деле  алынбады. Менин жеке пикиримде кабыл алынган программалар калк үчүн бешене жылытып деле иштебеди.  35 жыл медицина тармагында, анын 15 жылын жетекчи катары иштеген адам катары айта аламын.  Москвада иштеп жүрдүм, ал жактын медицинасын салыштырбай эле койойун. Бишкек шаарында он  жыл иштеп борбордо турган адистин  көзү менен карасам, акыркы 5 жылдан бери Жалал-Абадда иштеп,  медицина тармагына болгон пикирим 100 пайыз өзгөрдү. Жалал-Абаддан реалдуу медицинаны көрдүм. Азыркы талкууланып жаткан стратегияны көрдүм,  баягы эле кооз сөздөр, турмушка ашуусу кыйын болгон пландар жазылган. Ошого биз да ушул тармакты өнүктүрөлү өстүрөлү деп өз программабызды иштеп чыктык. Биздин демилгелерди колдойбу,  колдобой коюшабы билбейм, бирок сунушубузду беребиз - дейт окумуштуу Калдарбек Абдраманов.

Анын сунушуна караганда  ооруканаларда палатарды заманбапташтырып, шарт түзүү менен акылуу кызмат көрсөтүүнү колго алуу керек. Ал эми колдоого муктаж жарандар ФОМСтан бөлүнгөн каражатка дарыланса,  элде эч кандай ажырым болбойт.

-Азыр башкаруунунун баары  Саламаттыкты сактоо министрлигине жүктөлүп калган. Ошондуктан министрлик кээ бир функцияларын областтык ооруканалага өткөрүп бериши керек.  Ошондо элдин баары министрликке арызданып,  даттанып барбай калат. Экинчиден -   финансылык өз  алдынчалуулукка мүмкүнчүлүк берип, атайын каражатын көбөйтүүгө багыт берилиши керек.  Качанкыга чейин бирөөдөн карыз алып жашайбыз, грант күтөбүз. Бирөөдөн карыз алып,  медицина өнүккөнү тарыхта болгон эмес. Ички булак болмоюнча медицина өнүкпөйт.   Өз саламаттыгы үчүн жакшы шарттарды издеп,  жеке менчик ооруканаларга баргандардын саны арбып жатат. Мамлекеттик ооруканаларга да акыл төлөнүүчү шарттарды түзүп, каражат төлөп дарылануучу  бөлмөлөрдү жакшыртсак болот. Эл келет, келип эле жатат.  Ансыз деле хирургдарга, дарыгерлерге эл берип  жаткан акчаларды айтпай эле койойун.  Калктан түшүрүлгөн акча,  туура,  оорукананын атайын эсебине  түшүп, максаттуу жумшалып турса, алдыга жылып кеткени болот.  Акылуу кызмат көрсөтүү жанданса,  ооруканага бюджеттен 3-4 эсеге көп каражат түшөт. Ал каражатка   оорукананын  кемчиликтерин оңдооого  мүмкүнчүлүк болот. Сырттан грант келет деп,  качанкыга чейин карап олтура беребиз? Системаны өзгөртүү кыйын, бирок кыйынчылыкка карабай,  демилгени ишке ашырып,  башташыбыз зарыл.  Азыр тажрыйбалуу адистерди жеке клиникалар тартып кетип жатат. Эртең мамлекеттик ооруканаларга кимдер калат? Ушундай абал менен кете берсек,  кадр көйгөйүнөн чоң проблема жаралышы мүмкүн. Ошондуктан биздин демилгени да кошуп, көңүл буруп койушса жаман болбойт. Биз да ушул тармактын өнүгүшүн каалайбыз – деди өз сунушун андан ары уланткан медицина илимдеринин доктору  Калдарбек Абдраманов.

Анын белгилөөсүндө оорукана жетекчилери министрлик менен ФОМСтун жетекчилеринин ортосунда калып кыйналышат. Анткени,  саламаттыкты сактоо министри кайсыл бир жумушту бүтөрүүгө макулдук бергени менен ФОМСтун жетекчиси  каражат бөлүүгө макул болбой койсо,  маселе оң жагына чечилиши кыйын болуп калат.

-Бизге ангиография аппаратынын келгенине эки жыл болду, ал аппаратты иштетүү, имаратты жандандырууга жардам сурап  министрликке, ФОМСка бир канча жолу кат жаздык.  Маселебиз дале чечиле элек.  Мындай маселелер бир топ эле. Менин айтайын дегеним ФОМСту министрликтин алдындагы департамент кылып койсо,  жакшы болмок. Анткени,  министр макул болгондон кийин каражат маселесин чечүү да жеңил болуп калат. Азыр айрым маселеде министр макул болгон менен ФОМСтун жетекчиси каражат бөлбөй койсо,  маселеңди чече албай эле олтуруп каласың. Оорукана жетекчилери да эки мекеменин ортосунда кыйналышты. Бул маселени ачык эле айтыш керек - деген пикирин кошумчалады К. Абдраманов.

Белгилей кетсек, азыркы тапта алдыда кабыл алынуучу улуттук программага ар тараптан сунуштар, пикирлер айтылып жатат.  Медицина тармагын  өзгөртүүнү каалгандар өз сунуштарын айтышууда.  Ал эми  түштүк аймактык жүрөк - кан тамыр хирургиясы борборунун директорунун сунуштарын канчалык деңгээлде колдоого алынаарын алдыдагы убакыт көрсөтөт. Ал долбоор-сунуштар тармакты реформалоону жакшыртып, калктын саламатчылыгын коргоону жогорулатуу үчүн айтылып жатат.

Эске салсак, медицина тармагындагы “ден соолук” программасы быйыл аягына чыгат...

 

 

  

ЖУМАГҮЛ ШАЙЫКОВА, “Акыйкат”.

 


 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Аксыда дарыгерлер жетишсиз Аксыда дарыгерлер жетишсиз

Райондогу медициналык мекемелер менен ооруканаларга жогорку маалыматтуу, адис жыйырма врач жетишпей жатат. Акимдин орун басары З. Калматованын  билдиришине караганда бюджеттен каржыланган медициналык жогорку...

1 - Июля  2016 | 13 : 391506
Кургак учукту дарылоодо кайдыгерликке барбайлы Кургак учукту дарылоодо кайдыгерликке барбайлы

  Улуттук “Кургак учук IV” программасы иштеп жатат Кургак учук оорусунун жугуштуу коркунучун кескин түрдө азайтуу максатында Жалал-Абад областындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде...

22 - Сентября  2016 | 17 : 101805
Оорулууга дем берген борбор Оорулууга дем берген борбор

  Оорулууга дем берген борбор   Жалал-Абадда “Диабетсиз балалык” ресурстук борбору бар. Кант оорусу менен жабыркагандарга моралдык колдоо көрсөтүшөт. Азырынча түштүк...

18 - Ноября  2016 | 10 : 33903
АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ? АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?

АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?   Кыргыз табыптары ысыгы өтүшүп кетип ооругандарды 40 күнгө чейин суу ичирип оорусунан сакайтып келген. Өткөн аптада япониялык окумуштуу ачка жүрүүнүн пайдалуулугу...

23 - Ноября  2016 | 12 : 252256
Дарыгерлер бар болсун Дарыгерлер бар болсун

“Ден соолук кадырын оорукчан жан билет” дегендей мен экинчи топтогу майып катары ден соолуктун кадырын жакшы билем. Ал эми ден соолукка ара кирген инсандар – дарыгерлер. Ар дайым дарыгерлердин жардамы менен...

30 - Декабря  2016 | 9 : 11939
Төрөт үйдө эне балага аппараттар алынды Төрөт үйдө эне балага аппараттар алынды

Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнө оорулуу аялдар жана оорулуу ымыркайлардын өмүрү үчүн өтө зарыл болгон  11 даана аба өткөрүп берүүчү  концентратор алынды. Бул тууралуу   областтык...

13 - Января  2017 | 10 : 20473
ОРВИ оозду ачтырды ОРВИ оозду ачтырды

           Өткөн жылы Жалал-Абад областында ОРВИ менен ооругандардын саны 44,4 пайызга жогорулап кеткен. Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун маалыматына...

20 - Января  2017 | 11 : 58795