Маңзат сөзсүз уулайт

26 - Октября  2017 | 7 : 27462
Маңзат сөзсүз уулайт

 

 

 

Жалал-Абад ОИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан өткөн айда баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кара-Көл шаарынын Жээн-Кыштоо аймагынан 35 жаштагы Д. У. аттуу жергиликтүү тургун текшерилди. Анын жанынан 500 грамм салмактагы баңгизаты табылган. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорудагы факт боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш –жаза кодексинин 246-беренеси (“башкага берүү максатын көздөбөстөн өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын, же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу,  же жөнөтүү” деген статьясы ) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

Өткөн аптада милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш- аракеттеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун 35 жаштагы А.Н. аттуу тургунуна тиешелүү “Тико” үлгүсүндөгү автунаасын текшерүү учурунда 2 килограммга жакын зат алынган. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми Сузак районунун милиция кызматкерлеринин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш-чараларынын негизинде Октябрь айылынын 53 жаштагы тургуну 850 грамм маңзаты менен кармалган. Ошондой эле Орто-Сай айылынын жанынан 24 жаштагы жергиликтүү тургун 660 грамм салмактагы кара куурай менен колго түшкөн.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш -жаза кодексинин 246-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ал эми шектүү жарандар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочуу жайына киргизилген.

Элиза Капарова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Терек-Сайдан алынып келе жаткан сурьма ташы кармалды Терек-Сайдан алынып келе жаткан сурьма ташы кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнь күнү Таш-Көмүр шаарынын  түндүк аймагынын  чыга беришинен  оперативдик маалыматтын негизинде Ала-Бука районунун Терек-Сай аймагынан  7 тоннага жакын сурьма табигый асыл ташына...

9 - Июня  2016 | 11 : 351225
"Кыргызнефтегаздын" айланасынан кара куурай табылды дейби?

Үстүбүздөгү жылдын 28-май күнү Ноокенде “Переро” операциясы жүргүзүлгөн. Ал иш-чара учурунда оперативдик маалыматтын негизинде Жалал-Абад ОИИБнин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн...

6 - Июня  2016 | 17 : 27595
Жараан өзүн өрттөдү Жараан өзүн өрттөдү

Жалал-Абад шаарында  өзүнө бензин чачып, ширенке менен өзүнө өрт койгон   Ала-Бука районунун тургуну Э.  Шерботоев аман калды. Ал эми саламаттыгы оор бойдон калууда.  Окуянын чоо жайына ар тараптуу кызыгып...

6 - Июня  2016 | 17 : 35500
11 жыл мурдагы “кек” 9-класстын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү... 11 жыл мурдагы “кек” 9-класстын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү...

    Учурда Сузак районуна караштуу Сымкат айылынын А. Тажибаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү боюнча түрдүү жоромолдор айтылып жатат. “Акча...

4 - Ноября  2016 | 11 : 41561
Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер

  Былтыркы жылы областтын жергиликтүү сотторунда 2074 кылмыш иши түшүп, областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 486 кылмыш иштери ачылган. Мындай маалымат областтык...

15 - Февраля  2017 | 3 : 28864
Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда

        Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан, Базар-Коргон РИИБнын КККне 167 саны менен катталган материалды карап чыгып, төмөнкүлөр аныкталган.  Базар-Коргон районунун Акман айыл...

28 - Марта  2017 | 2 : 56638
Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3... Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3...

Сузак районунун тургуну Түркияга алданып барып, сексуалдык кулчулукка кабылып, 3 ай 15 күн иштеп келген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин өкүлү Ширин Расулов облуста «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясынын жүрүшү...

7 - Сентября  2017 | 3 : 2808