Кыш камылгасы көрүлүүдө.

27 - Октября  2017 | 10 : 35624
Кыш камылгасы көрүлүүдө.

 

 

 

Алтын күздүн ортосу болуп, күн өткөн сайын эрте менен кечинде аба мээлүүн тартып, кыш күндөрү улам жакындоодо. Элибизде “кыштын камын жазда көр. Жаздын камын кышта көр” деген акылман макал бар. Анын сыңарындай кайсы мезгилге болсо да, адам баласы алдын ала  камын көрүп алса, отун-көмүрүн, жылуу кийимдерин камдап алса, кышында үшүбөй, саламатчылыгы да тың болоору, жазга карата жерге себеер үрөнү менен жер айдаар техникаларын даярдап койсо, жазында мол түшүм алаары илгертен айгине. Областтын мектептеринде болсо, Өкмөттүн эсебинен көмүр ташуу иши кызуу жүрүп жатканы байкалууда.

 Биз алган кабарлар боюнча  Аксы   районунда 65 мектеп менен балдардын 23 мекемеси жана ооруканалар менен бир нече ФАП иштейт. Социалдык багыттагы бул мекемелерге  келе жаткан кыш мезгилинде  жагуу үчүн Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарлары менен райондун Ак жол айлындагы көмүр кендеринен көмүр ташылууда. Бул тууралуу акимдин орун басары Зарипа Калматова билдирди. Анын билдиришинче жогоруда аталган мектептер менен балдар бакчаларына 4 миң 235 тонна көмүр жеткирүү жагы пландаштырылган. Электр тогу менен жылытуучу буу казандар менен алардын жабдуулары текшерилүүдө. Буга дейре зарыл болгон көмүрдүн билим берүү мекемелерине 30 пайызы, ал эми саламаттыкты сактоо ишканаларына керектелүүчү көмүрдүн жарымы  ташылып алынды.

 

Тоолуу келип, областтын борборунан башка шаар-райондорго караганда ыраак турган Тогуз-Торо районунда орто мектептер менен балдар бакчаларына Нарын областынын "Турук" көмүр кенинен көмүр жеткирилип жатат. Өткөн апталарга чейин райондогу 14 мектеп менен балдардын 12 бакчасына быйылкы кышта керектеле турган 280 тонна көмүрдүн 61 пайызы, же болбосо 459 тоннасы ташылып алынды. Ал эми электр тогу менен жылытыла турган мектептер менен бакчалардын жылытуу түйүндөрү текшерилүүдө. Өз аймактарындагы мектептер менен балдар бакчаларына көмүр ташуу үчүн Көк-Ирим, Тогуз-Торо айыл өкмөттөрү көмүрдүн тоннасын 3500 сомдон, ал эми Атай, Сары-Булуң, Каргалык айыл өкмөттөрү көмүрдүн ар бир тоннасын 4000 сомдон ташып алууга тендерди утуп алышкан. Ооруканалар электр тогу менен жылытылат, андан тышкары аларга керектүү болгон 35 тонна, ФАПтарга зарыл болгон 15 тонна көмүрдү ташуу иши башталды.

 

“Акыйкат”. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн  бала бакча ачылат Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

Былтыркы жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы  №52870 аскер  бөлүгүн расмий ачылуусуна келгенде, аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган.  Өлкө башчы...

9 - Июня  2016 | 11 : 30580
Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды

Жалал-Абад шаарында электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселесин  ишкерлердин катышуусундагы тегерек үстөлдө талкууланды Жакында  “Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин электрондук-санарип кол...

6 - Июня  2016 | 17 : 39530
Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди

Социалисттик Эмгектин Баатыры Шамшидин Сүйөркулов атындагы борборлоштурулган аймактык оорукананы медициналык кызматкерлердин республикалык тармактык профсоюздарынын өкүлдөрү көрүп чыкты. Мамлекетибиздин ...

6 - Июня  2016 | 17 : 421810
Төрт бөлмө жаңы  ачылды Төрт бөлмө жаңы ачылды

Тогуз-Торо районунун №4-Иса Иманбердиев атындагы орто мектептин мугалимдери мектеп окуучуларына тереңдетилген билим берүүгө умтулууда. Бул багытта мектепте өткөн жумада жаңыдан төрт класс-кабинет  ачылды. Бул...

6 - Июня  2016 | 17 : 44494
Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту

Бүгүнкү күнгө чейин Жалал Абад областында 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту. Мугалимдер, медиктер жана  соц кызматкерлер жеңилдетилген кредиттен үй-жайга ээ болуп келсе, эми жалпы эле бюджетте иштеген...

7 - Июня  2016 | 12 : 491301
159 миң 28 турак жай камсыздандырылды 159 миң 28 турак жай камсыздандырылды

Жалал-Абад областында 200 миң турак жай камсыздандырылыш керек болсо 159 миң 28и мамлекеттик камсыздандыруудан өтүү. Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана  айрыкча шаар жерлеринде үй жайын камсыздандыргандар...

7 - Июня  2016 | 12 : 52398
Кургак учук көбөйдү Кургак учук көбөйдү

 Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери беш бала кургак учук менен ооруду. Былтыр бул дартка тогуз бала кабылган болчу. Чоң адамдардын да  кургак учукка чалдыгуусу көбөйгөн. Быйыл беш айдан бери 35 жаран ооруса, ...

9 - Июня  2016 | 12 : 3823