“Жок жерден доого калдым”

1 - Ноября  2017 | 5 : 58832
“Жок жерден доого калдым”

 

         Менин Сиздерге арыз менен кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө: 

Сузак районунун Таш-Булак айылынын тургуну Наркожо Мукарамов жана баласы Нурдинкожо Мукарамов менен 2007-жылдан бери ооз эки келишимдин негизинде алардын коюн, малын, жылкысын багууну макулдашкамын. Ал үчүн айына 35000 (отуз беш миң)  сомдон эмгек акы берише турган болгон. Башында эки жыл жакшы төлөп беришкен. Кийинчерээк Жапалак участкасына(адырга) сарай салынгандан кийин төлөм токтоп, “ушул сарай сага калат, балдарың окууга барганда шаардан бир үй тургузуп берем”- деп, мени ишендирди. Ошентип, ата-баладай болуп иштешип, 2017-жылдын май айларына чейин ынтымакта болдук.

 

“Жомоктогу 680 кой”, “Ит кыргыз” болгон иним

Бирок, 2016-жылдан баштап Наркожо Мукарамов ооруп калды.  Баласы Нурдинкожо койлорун жана малын “атам жүрөктөн ооруп калды, дарылатам, операция кылдырам”- деп, короодон алып келип, базарга сата баштады. Акыркысын 2017-жылдын эрте жазында 50 (элүү) коюн жана 4 (төрт) жылкысын мен жокто алып кетип, сатты.

 2017-жылдын май айында өзүмүн белим катуу ооруп, Бишкекке көрүнгөнү кеттим. Ошондон баштап Нуркожо Мукарамовдун көңүлү бузулуп, аялы Дилфуза Мукарамовага Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жаздырып, жок жерден “680 баш кой, 6 жылкы, 1 нива машинам жок”-деп, жалган жалаа жаап, менин иним Шамил Бокошовду камакка алдырыптыр. “Ит кыргыз”-деп, тергөөчүнүн алдында кордоптур. Андан кийин 1-августта өзүм келсем “тергөөгө келбей атат”- деген шылтоо менен менин үстүмдөн, эч кандай далили жок сырттан санкция алдыртып, дароо каматты.

Тергөөчү Айсейит Абдыразаков ишти тездетип, жада калса Нурдинкожо Мукарамовду беттешүүгө алып келбей туруп, “бүгүндөн калсам мени Марат Алымбеков (Сузак районунун прокурору) өлтүрөт”- деп, өзү билгендей жазып, мени алдап камакта жаткан жеримен кол койдуруп алды. Бул анык иш.

 

“Крышасы стальной” тергөөчү, кордоп “кара кул” дейт

Ошол учурда Сузак районунун прокурору Марат Алымбеков Наркожо Мукарамов менен макулдашып, тил бириктирип алган деген сөздөр чыгып жүргөн. Себеби анын аракетин тергөөчүнүн аргасыздан жалаа жапканынан туйса болот. Ал аз келгенсип Марат Алымбековдун менин баш коргоо чарамы өзгөртүп берүүнү сурап областтык сотко жазган жеке сунушунда “680 баш эчки, кой” деп кошумча кошкону кудайга да жакпайт. Бул сунушу менен ал Наркожо Мукарамов менен чын эле тил бириктириптир деген шекти бекемдейт. Элде “680 койду өндүрүп берсең, 300 койду берем деп, Наркожо прокурор менен келишип алыптыр”-деген сөз тарап кеткен. А чындыгында 2015-жылга чейин кой-козу болуп 270 гана туякка жеткен болчу. Мукарамовдор да, прокурор да кудайга карап калп айтса болмок.

Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет дегендей Айсейит Абдыразаковдун жумушу артында “крышасы стальной” болгондуктан мажбурланган жалган жалаасы ишке ашты деп билем. Айсейит Абдыразаков өзүнүн кызмат абалынан аша чаап, бир жактуу тергөө амалын ишке ашырып, бир дагы далили жок, “болгону жайлоодо үйүрдө жүргөн ат менен мингич атты таптык”- деген болбогон шылтоону жүйөө тутту. Ал эми атты Наркожо өзү сураса өзүнүн берген атын алып келип бермекмин. Аны бекитип калган эмесмин. Элдин баары эле билет.

Баарынан да Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы кеңсеге чакырып, “соттошпой эле чечишкиле”- деп, чакырып бетме-бет жолуктурганда “мен келишпейм, мага 680 баш койду, 6 жылкыны төлөсүн, анан сүйлөшөм, керек болсо Тынчтыкбек кара курсагына иштеген кара кулум болчу”-деп кордоп, басмырлаганы али да эсимден кеткен жок.

 

Күбөлөр күмөн айтпайт

Учурунда Наркожо Мукарамовдун койлорун алып кеткенин көргөндөр, сатып алгандар, ташыган айдоочулар четтен чыгат. Мисалы, Төш-Кутчу айылынын тургуну Заирбек Авазов 30 баш кой, 30 баш козусун 3000 (үч миң) долларга сатып алган. Ошондой эле Самидин Сайпидинов өзүнүн Лабо автоунаасы менен көп (6) жолу мал базарга алып барган. Ал эми Улан Ормонов жөө-жалаңдап, дагы бир канча жолу кой-козусун айдап кеткенин көргөн. Дагы бир касапчы Дастан Абдыкулов бир канча койлорун сойгону сатып алган болсо, Акмат Исмаилов Мукарамовдордун өз үйүндө саткандарын көргөн. Булардын баары анык, алар далилдеп бере алышат. Ал эми тергөөчүлөр алардын баарын сурашкан жок.

 Учурда иш Сузак райондук сотуна өткөн. Үч жолку соттук отурумга белгисиз себептерден улам Мукарамовдор катышышкан жок. Отурум улам жылып келе жатат. 

Негизи мындай жалгандан жалаа жаап, караөзгөйлүк менен сындырып, жок кылам деген арам ойлуу адамдардын иши да адилет каралса дейм. Мынчалык кордоп, басмырлоо акылга сыйбас. Анын арты чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Андыктан акыйкатсыздыкты, ак жерден караланып жатканымды айгинелеп, туура бааланышына себепкер болууңарды, акты ак деп иликтеп коомчулукка жеткирип беришиңерди суранам.

 

   Тынчтыкбек Бокошов,

 Сузак районунун Доскана айылынын тургуну

 

Редакциядан: экинчи тараптын пикири болсо сайтка берүүгө даяр.

Арыздагы прокурор Марат Алымбековго коюлган кине боюнча телефондон кайрылганыбызда ал аны менен макул эместигин билдирген.  

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн  бала бакча ачылат Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

Былтыркы жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы  №52870 аскер  бөлүгүн расмий ачылуусуна келгенде, аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган.  Өлкө башчы...

9 - Июня  2016 | 11 : 30511
Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды

Жалал-Абад шаарында электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселесин  ишкерлердин катышуусундагы тегерек үстөлдө талкууланды Жакында  “Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин электрондук-санарип кол...

6 - Июня  2016 | 17 : 39481
Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди

Социалисттик Эмгектин Баатыры Шамшидин Сүйөркулов атындагы борборлоштурулган аймактык оорукананы медициналык кызматкерлердин республикалык тармактык профсоюздарынын өкүлдөрү көрүп чыкты. Мамлекетибиздин ...

6 - Июня  2016 | 17 : 421774
Төрт бөлмө жаңы  ачылды Төрт бөлмө жаңы ачылды

Тогуз-Торо районунун №4-Иса Иманбердиев атындагы орто мектептин мугалимдери мектеп окуучуларына тереңдетилген билим берүүгө умтулууда. Бул багытта мектепте өткөн жумада жаңыдан төрт класс-кабинет  ачылды. Бул...

6 - Июня  2016 | 17 : 44453
Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту

Бүгүнкү күнгө чейин Жалал Абад областында 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту. Мугалимдер, медиктер жана  соц кызматкерлер жеңилдетилген кредиттен үй-жайга ээ болуп келсе, эми жалпы эле бюджетте иштеген...

7 - Июня  2016 | 12 : 491263
159 миң 28 турак жай камсыздандырылды 159 миң 28 турак жай камсыздандырылды

Жалал-Абад областында 200 миң турак жай камсыздандырылыш керек болсо 159 миң 28и мамлекеттик камсыздандыруудан өтүү. Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана  айрыкча шаар жерлеринде үй жайын камсыздандыргандар...

7 - Июня  2016 | 12 : 52364
Кургак учук көбөйдү Кургак учук көбөйдү

 Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери беш бала кургак учук менен ооруду. Былтыр бул дартка тогуз бала кабылган болчу. Чоң адамдардын да  кургак учукка чалдыгуусу көбөйгөн. Быйыл беш айдан бери 35 жаран ооруса, ...

9 - Июня  2016 | 12 : 3737