Жаңгак фестивалы Арсанбапта

8 - Ноября  2017 | 9 : 10625
Жаңгак фестивалы Арсанбапта

 

Акыркы төрт жылдан бери жаңгак фестивалы бир топ ийгиликтерди ачыкка чыгарып жаткан учур. Тактап айтканда, акыркы учурда жаңгак өсүмдүгүнүн сапатын арттыруу, анын мөмөсүн сыртка экспорттоо колго алынып, буга эл аралык уюмдар кол-кабыш кылып жаткан мезгил. 1-ноябрь күнү Арсланбап айылында  Германия кызматташтыгы,  GIZ, АгроЛид коомдук бирикмеси жана Базар-Коргон районунун админстрациясы менен биргеликте жаңгак фестивалы болуп өттү. Мында сегиз чатыр тигилип жаңгактын ар түрдүү сорттору, кургатылган мөмөлөр, даамдар жана жаңгак дарагынан, кабыгынан, мөмөсүнөн жасалган сувенирлер көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды. Фестиалдын расмий ачылышында  Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун  басары Ырысбек Ызабеков,  Улуттук Илимдер  Академиясынын жаңгак мөмө институтунун директорунун орун басары Нурислам Чынкжоев,GIZ программасынын “Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак мөмө токойлорун жана жайыттарды башкарууга жамааттарды катыштыруу аркылуу ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу” долбоорунун директору Эдит Кошкин жана Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкуловдор сөз сүйлөп жаңгак өсүмдүгү област үчүн кирешелүү булак экенин баса белгилешти. Расмий маалыматтарга караганда областа 34 миң гектар жаңгак дарагы бар. Аны 15 токой чарбалары тейлейт. Азыркы мезгилде кыргыз жаңгагынын маңызы Турция, Иран, Ирак, Сирия сыяктуу мамлекеттерге гана экспорттолбостон, Япония, Кытай жана Германия, Голландия жана башка мамлекеттерге дагы суроо-талап жогору болууда. Учурда жергиликтүү эл 30 кг жаңгактан 15 кг маңыз алууда.

 Кыргыз кручахелласы сатылат        

Грузиндердин кручахелла таттуусу эми Жалал-Абадда саттыкка чыгуусу мүмкүн. Грех жаңгагын жипке тизип ага кайнолу ширесин  куюп тоңдурган таттууну  Базар-Коргон районун Ооган-Талаа айылынын тургуну жеке ишкер Нурадил Субанов базарга алып чыгууну көздөп турат. Баасы 450 сом. Россияда бул шириндик көп сатылат. Жаңгак маңызынан жасалган бул таттууну жаңгактын кенинде жашап туруп эмнеге жасаса болбойт деп ойлоп ишкер муну колго алган. Арзан, сапатсыз, ден соолукка анчалык пайдасы жок шириндиктерге караганда жаңгак мөмөсүнөн жасалган бул таттуу алда канча пайдалуу.

        Гүлнура КЕЛДИБАЕВА.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мекеним менин-Кыргызстан Мекеним менин-Кыргызстан

Кыргызстандагы башка аймактардан айырмаланып, Жалал-Абад жергеси  чер токойлуу келип, даңазалуу жаңгагы алма,мисте, алчасы, табигый, тарыхый эстелик жайларга бай жана  туризм тармагын өнүктүрүүгө жетиштүү...

7 - Июня  2016 | 18 : 221367
Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан

Советтик доорду канчалык  “андай эле, мындай эле” деп, сындаганыбыз менен, ал учурдун өзүнүн керемети , касиети жана идеологиясы, анан ошол системаны бекем кармап турган адамдары болгон. Коммунисттик...

7 - Июня  2016 | 18 : 293655
Жаштар –  туура кадам, таза максат үчүн! Жаштар – туура кадам, таза максат үчүн!

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү “Жаштар - туура кадам, таза максат үчүн!” аттуу республикалык жаштар форуму областта үчүнчү жолу өткөрүлдү. Активдүү жаштардын башын бириктирген иш-чара  жаңгак токою...

17 - Июня  2016 | 14 : 372188
Питерде жумушсузга иш бар Питерде жумушсузга иш бар

Областтын кырк жашка чейинки жумушсуз адамдары үчүн Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан 89 бош жумуш орун табылды. Бул максатта республиканын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын...

17 - Июня  2016 | 16 : 191272
“Аза көйнөк азабы...” “Аза көйнөк азабы...”

    Кыргыздын кылым карыткан каада - салттары бар. Ал муун улап жашап келет. Мезгил алмашып, “заман өзгөрдү” деп, айрымдарын унутта да калтырып жатабыз. А бирок,  улам жаңырып, заманбап  “түскө”...

22 - Июня  2016 | 17 : 361484
Кошуналар алчадан  сок жасайт, а биз... Кошуналар алчадан сок жасайт, а биз...

                Жалал-Абад базарында  алча  18-20 сомдон сатып алынып, Казакстанга  экспорттолуп жатат. Төрт жылдан бери алча ташыган Арзымат күнүнө анын 2-3 тоннасы Талас аркылуу Чимкентке...

24 - Июня  2016 | 19 : 482557
Эл комиссары жөнүндө баян Эл комиссары жөнүндө баян

“Тарых жана маданият жылына” карата    Шарапат эненин эскерүүсү Токсонго барып калган Шарапат байбиче Барпы аймагынан чыккан Эл комиссары Абдукадыр Абдраимов жөнүндө төмөнкүчө...

22 - Июля  2016 | 18 : 401797