Нурмухаммед киного тартылды

10 - Ноября  2017 | 6 : 16680
Нурмухаммед киного тартылды

 

       Россиялык башкы телеканалдын “Лучше  всех” программасы аркылуу дүйнө көрүүчүлөрүн таң калтырган  Жалал-Абад шаарынын кичинекей тургуну Нурмухаммед Ташмаматов дагы бир өнөрү менен тааныла турган болду. “Үркүн” тарыхый көркөм тасмасынын чыгармачыл тобу, анын ичинде тасманын продюссери Эрлан Жамгырчиевдин тандоосу менен жети жаштагы жердешибиз “Номер 7” тасмасында таң калыштуу кишинин уулунун ролун аткарды. Фильмдин продюссери Эрлан мырзанын айтымында Нурмухаммед менен интернет аркылуу таанышышкан жана анын  нурун төгүп турган жылдыздуу жүзүнө жана  талантына баа берип, жаштарга арналган комедиялуу көркөм тасмага  тартылууга  чакырган. Ансыз да келечекте   тасма ааламын багындырган  кумири Брюс Ли менен Жеки Чандай актёр болууну самай баштаган кичинекей бала үчүн “асмандан издегени жерден табылгандай” эле  болду. Фильмдин өзөгүн жаш футболчулардын турмушу, алардын жашоосундагы кызыктуу жана күлкүлүү окуялар түзөт.

  • Нурмухаммеддин келечегин азыр эле көрө баштадык, анткени ал өтө зирек, сезгич жана өжөр бала экен. Айткан нерсеңди дароо кабыл алат жана айтканыңдай кылып аткарып жатты. Эң сонун талант. Фильмдин режиссёру Мухтар Атаналиев да тан берип жатты. Буюрса,  алдыда дагы далай иштешебиз. Атасы Асилбек да макулдугун берди, “баланын келечеги үчүн бардык жардамымды, колдоомду көрсөтөм” деди.  Азыркы күндө фильм соңуна чыгып калды, буюрса жаңы жылда элге көрсөтүлө баштайт. Мына ошондо  биздин жаш актёрдун талантына көрүүчүлөр баа бере башташат, - дейт продюссер Эрлан Жамгырчиев.

     Белгилей кетели, тасма дээрлик Бишкек шаарында тартылды. Негизги идея ушул жылдын башында ишке аша баштаган. Ал арада  тасмадагы башкы каармандар үчүн кастинг жарыяланып, аларды тандоо маселеси убакытты алган. Ал эми каржы жагын  чыгармачыл топ өздөрү көтөрүшкөн.

 

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Өнөрлүү жубайлар өргө баратат Өнөрлүү жубайлар өргө баратат

Таштанбек Сооронбаев Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалдуу-Сай шаарчасынын №8-орто мектебинде узак жылдан бери мугалим болуп иштейт. Ал балдарга музыкалык билим берүү менен чектелбей,  өз аймагындагыларга көп...

6 - Июня  2016 | 18 : 381543
“Мен-кыргыз жаранымын” “Мен-кыргыз жаранымын”

Ушундай аталышта областтык Барпы атындагы театрда этно-маданий фестиваль болуп өттү. Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясы демилге...

7 - Июня  2016 | 12 : 183179
“Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу “Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу

“Карындашын” ”унуталбай”, жер кезген обончу Каарман тууралуу  Аты, жөнү- Турсункулов Камчыбек Саипович Туулган жылы - 1956-жыл, 8-июль. Туулган...

9 - Июня  2016 | 11 : 591296
Фестиваль үнү жаңырды Фестиваль үнү жаңырды

Аксы районунун Аксуу айыл өкмөтүндө областтык "Керемет жерим-Кыргызстан!" аттуу фестивалга катышуучулардын оюн-зоогу,жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн  көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу райондун акиминин орун...

21 - Июня  2016 | 16 : 42798
Көк-Иримге  Көк-Иримге "Ыр кесе" тийди

Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүндө "ыр кесе" болуп өттү. Бул тууралуу 21-июнда райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева билдирди. Анын айтымында анда айыл өкмөттүн аймагында жашагандардын...

21 - Июня  2016 | 16 : 491862
Мекенимди даңктаймын Мекенимди даңктаймын

  Быйылкы “Маданият жана тарых” жылына карата областта бир катар маданий иш чаралар өтүп келет. Жакында дагы бир маанилүү ыр майрамы болот. Жалал-Абад  шаардык Маданият бөлүмүнүн башчысы  Салтанат...

23 - Июня  2016 | 11 : 61027
“Чагылгандай” чарк эткен китеп “Чагылгандай” чарк эткен китеп

Азырынча аты  чыкпаса да, кыргыз адабиятында  жарк этип тааныла элек болсо да, өз алдынча сатира жана тамсил жанрында жазып, турмуштагы болгон оош-кыйыштарды, жакшы менен жамандын ортосундагы айырмачылыктар...

24 - Июня  2016 | 11 : 25943