Жаштардын тазалык акциясы өтүп жатат

13 - Ноября  2017 | 7 : 411315
Жаштардын тазалык акциясы өтүп жатат

 

Жалал-Абад шаарында жаштардын «Таза шаар, таза коом» аталышындагы тазалык акциясы башталып, алгачкы эле күнү шаардагы 18 көчө, коомдук эс алуу жайлары тазаланды. Буга шаардагы окуу жайларынын студенттери, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, шаардыктар да катышышты. Бул тууралуу шаардык жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдирди.

Анын айтымында, бул өтүп жаткан акция шаар мэриясы тарабынан жарыяланган жаштар жумалыгынын алкагында уюштурулду. Эми бул акция апта бою улантылып, жалпы жаштарга карата шаарды сүйүүгө, анын өсүп-өнүгүшүнө салым кошууга чакырыктар ташталмакчы.

-Жаштар жумалыгынын алкагында күн сайын бирден иш-чара уюштурулат. Анда маданий-спорттук иш-чаралар да каралган. Жумалыктын биринчи күнүндө шаар тазалыгын колго алдык, жаштардын активдүүлүгү жогору. Бир эле күндө 18 көчө тазаланды, шаардагы ар бир окуу жайдан 50дөн студенттер келип катышышты. Алдыдагы күндөрдө эс алуучу парктарды, коомдук жайларды тазалоо иштери жүргүзүлөт. Жаштар жалгыз эмес экен, аларды колдоп шаардагы айрым мекеме-ишканалардын жамааттары жана шаар тургундары да бул акцияга катышып жатканы бизди кубандырат, - дейт ал.

Тазалык акциясынын катышуучусу, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Нарсулуу Кылычбек кызынын айтымында, мындай тазалык иш-чараларына мурда да катышып келген.

-“Жалал-Абад – жаштар шаары” деп айтылып келет. Демек, анын жакшы жактары бизге да таандык. Ошондуктан, биз жок дегенде шаарыбыздын тазалыгына өз салымыбызды кошуну туура көрдүк. Бул тазаланган жайларда өзүбүз эс алабыз, шаар тургундары эс алышат. Мындай иш-чаралар дайыма болуп турганы жакшы, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын токтому менен 10-17-ноябрь күндөрү шаарда жаштар жумалыгы жарыяланган. Бул аптанын алкагында жаштарды кызыктыруучу түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, 17-ноябрдагы студенттер күнүндө шаар борборунда майрамдык шоу иш-чаралары менен аяктайт.

 

 

Элиза Капарова.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн  бала бакча ачылат Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

Былтыркы жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы  №52870 аскер  бөлүгүн расмий ачылуусуна келгенде, аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган.  Өлкө башчы...

9 - Июня  2016 | 11 : 30580
Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды

Жалал-Абад шаарында электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселесин  ишкерлердин катышуусундагы тегерек үстөлдө талкууланды Жакында  “Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин электрондук-санарип кол...

6 - Июня  2016 | 17 : 39530
Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди

Социалисттик Эмгектин Баатыры Шамшидин Сүйөркулов атындагы борборлоштурулган аймактык оорукананы медициналык кызматкерлердин республикалык тармактык профсоюздарынын өкүлдөрү көрүп чыкты. Мамлекетибиздин ...

6 - Июня  2016 | 17 : 421810
Төрт бөлмө жаңы  ачылды Төрт бөлмө жаңы ачылды

Тогуз-Торо районунун №4-Иса Иманбердиев атындагы орто мектептин мугалимдери мектеп окуучуларына тереңдетилген билим берүүгө умтулууда. Бул багытта мектепте өткөн жумада жаңыдан төрт класс-кабинет  ачылды. Бул...

6 - Июня  2016 | 17 : 44494
Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту

Бүгүнкү күнгө чейин Жалал Абад областында 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту. Мугалимдер, медиктер жана  соц кызматкерлер жеңилдетилген кредиттен үй-жайга ээ болуп келсе, эми жалпы эле бюджетте иштеген...

7 - Июня  2016 | 12 : 491301
159 миң 28 турак жай камсыздандырылды 159 миң 28 турак жай камсыздандырылды

Жалал-Абад областында 200 миң турак жай камсыздандырылыш керек болсо 159 миң 28и мамлекеттик камсыздандыруудан өтүү. Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана  айрыкча шаар жерлеринде үй жайын камсыздандыргандар...

7 - Июня  2016 | 12 : 52398
Кургак учук көбөйдү Кургак учук көбөйдү

 Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери беш бала кургак учук менен ооруду. Былтыр бул дартка тогуз бала кабылган болчу. Чоң адамдардын да  кургак учукка чалдыгуусу көбөйгөн. Быйыл беш айдан бери 35 жаран ооруса, ...

9 - Июня  2016 | 12 : 3823