Жалал-Абадда экстремизмге каршы бир айлык жүрүп жатат

20 - Ноября  2017 | 8 : 34651
Жалал-Абадда экстремизмге каршы бир айлык жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарында шаар бийликтери тарабынан “Ыйман – биримдиктин жана тынчтыктын өзөгү!” аталышындагы экстремисттик идеяларга, көз караштар менен аракеттерге каршы бир айлык жүрүп жатат. Ал 6-ноябрда башталса, 6-декабрь күнү аяктамакчы. Буга шаардагы бардык эмгек жамааттары, окуу жайлары жана коомдук бирикмелер тартылган. Бул тууралуу шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлина Базаркулова билдирди.

Анын айтымында, атуулдардын, айрыкча жаштардын арасында согуштук иш-аракеттерге катышуу максатында Сирия, Ирак сыяктуу мамлекеттерге азгырылып, чыгып кетүүлөргө, экстремисттик көз караштарга жана аракеттерге берилүү идеяларына каршы уюштурулуп жаткан бул демилге коомдун туруктуулугун бекемдөөгө багытталган.

-Бул бир айлыкта тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, айрыкча дин уюмдары биргелешип, эмгек жамааттарында, калктын максаттуу топторунда, бардык окуу жайларында талкууларды, өз ара баарлашууларды, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Биз экстремисттик көз караштарга алданып, жабыр тарткан жарандардын өз ооздорунан мунун канчалык зыяндуу экенин жарандарыбызга жеткирмекчибиз. Себеби, коомдун, мамлекетибиздин келечеги - тынчтыкта жана биздин биримдигибизде. Ошондуктан, коомду жиктеген ушундай багыттарга каршы алдын алуу иштери зарыл, - дейт ал.

Азыркы тапта шаардагы аймактык башкарууларда, окуу жайларында ар кандай иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп жатат. Ал эми 6-декабрь күнү шаарда “Ыйман – биримдиктин жана тынчтыктын өзөгү!” деген ураандын астында жалпы шаардыктардын жөө жүрүшү, айлыкты жыйынтыктоочу массалык иш-чаралар болот.

 

  Элиза Капарова.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Дин эркиндиги эмнеге алып барат? Дин эркиндиги эмнеге алып барат?

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан өкүлдөр жана бир катар эксперттер областтагы жергиликтүү  дин кызматкерлери, билим берүү тармагынын жана бейөкмөт...

16 - Июня  2016 | 17 : 262260
Сузакта заманбап мечит ачылды Сузакта заманбап мечит ачылды

  Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн орун алган Арал айылында жаңы мечит курулуп, ишке берилди. Анын ачылышына арналган салтанатка айыл өкмөтүнүн, областтын...

8 - Августа  2016 | 16 : 391465
Жалал-Абадда дин уюмдарынын иши талкууланды Жалал-Абадда дин уюмдарынын иши талкууланды

    Жалал-Абадда дин уюмдарынын коомдун жакшырышына карата жүргүзүп жаткан иштери мурдагы жылдарга караганда кыйла активдүү болуп калды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясында өткөн дин...

8 - Февраля  2017 | 12 : 6899
"Бир момунга –бир дарак" аттуу айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү акциясы...

                Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарчасында, Курманбек, Көк-Арт жана Кара-Алма айыл округдарында  КМДБнын №68 буйругунун ишке ашыруу...

14 - Апреля  2017 | 4 : 2414
Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси... Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси...

Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси менен жеринен таанышып, шаархатибияттын иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, кириш-чыгыш каттоо журналынын абалы, көктөмөлөрдүн...

18 - Апреля  2017 | 4 : 171792
Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен 6 баланын энеси... Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен 6 баланын энеси...

   Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен шаардагы атасыз алты балалуу, турмуш шарты оор, жакыр жашаган Токтобаева Зиягулгө үй-бүлөгө 300 миң сомго үч бөлмөлүү батир сатып...

18 - Апреля  2017 | 4 : 19656
Диний агымдар коркунучтуу Диний агымдар коркунучтуу

                      Такталган маалыматтарга караганда учурда Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик 19 уюм бар. Алардын ичинен экөө...

19 - Апреля  2017 | 4 : 552686