Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык

20 - Ноября  2017 | 8 : 47270
Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борборунда Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча дүйнөлүк мелдеште жеңишке жетишкен КР ИИМдин Атайын багыттагы Шумкар полкунун Жалал-Абаддагы өзүнчө ротасынын кызматкери Улан Абдиманап уулун салтанаттуу түрдө тосуп алды.

11-12-ноябрь күндөрү Россия федерациясынын Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча Дүйнөлүк чемпионатында ИИМдин «Шумкар» ротасынын кызматкери Улан 3-орунга ээ болуп, коло медал тагынды.
Чемпионатка  өлкөбүздөн 17 спортчу (15 эркек, 2 аял) катышып, анын ичинен «Шумкар» полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын 1-взводунун сержанты Абдиманап уулу Улан 100 килограммдан жогору салмактагылар арасында жеңишке жеткен.
         Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсүн Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги,жергиликтүү депутаттар, мектеп окуучулары, студенттер жана кесиптештери ак калпак, чепкен кийгизип тосуп алышты.
        «Буга чейин Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 1-орунду алганмын. Бул жолку беттеште алгач Бразилия, кийин Кореянын спортсмени менен беттештим. Алтын байгени алам деген ниеттер бар болчу, насип экен 3-орунду алып калдым, бирок шүгүрчүлүк келтирем. Баса белгилеп кетчү нерсе мага колдоо,шарт түзүп берген ИИМдин, ОИИБнин жетекчилигине, машыктыруучуларыма учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирип кетем, мага болгон ишеничтерин кийинки мелдештерде да актоого бүт аракетимди жасайм», - деди Улан Абдиманап уулу.

 Элиза Капарова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузактык кыздар биринчи Сузактык кыздар биринчи

   “Дени сак улут-өнүгүп жаткан өлкө ” аталышындагы  Чолпон-Ата шаарында өткөн  айыл өкмөттөр арасындагы республикалык мелдеште волейбол оюну боюнча кыздар арасында Сузак районуна караштуу Сузак...

7 - Июня  2016 | 18 : 153213
Волейболчулардын таймашы Волейболчулардын таймашы

Жалал-Абад шаарындагы  №1-кесиптик техникалык лицейдин спорт залында  коомдук ишмер, легендарлуу кыргыз парламентинин депутаты, маркум Сатыбалды Жээнбековдун жаркын элесине арналып волейбол оюну боюнча ...

13 - Июня  2016 | 16 : 1703
Маркум милиционердин элесине Маркум милиционердин элесине

2010-жылдагы июнь коогалаңында улутчул сепаратисттердин колунан мерт болгон, Базар-Коргон райондук ички иштер  бөлүмүнүн  участкалык инспектору, милициянын ошо кездеги  капитаны Мыктыбек Сулаймановдун...

15 - Июня  2016 | 10 : 31415
Жалал-Абаддык спортчулар Азия чемпионатына жолдомо алышты Жалал-Абаддык спортчулар Азия чемпионатына жолдомо алышты

  Жалал-Абад шаарында республикалык чемпионаттарды жеңип, азия чемпионаттарына катышууга грек-рим күрөшү боюнча шаар спортсмендери жолдомо алышты. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад шаардык дене-тарбия...

6 - Июля  2016 | 17 : 26924
Теннисчилер таймашты Теннисчилер таймашты

   Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагында жайгашкан  Маданият үйүндө спортчулардан  шамдагайлыкты, тездикти эң башкысы ыкчамдыкты талап кылган стол үстүндө ойнолуучу теннис боюнча...

13 - Июля  2016 | 16 : 40737
Спорт менен тагдырлаш инсан Спорт менен тагдырлаш инсан

Бейне   Жалал-Абад жергесинде бүт өмүрүн спортко арнаган, элет спортун өнүктүрүүгө омоктуу салым кошкон, республикага ысмы тааныш Сайпидин Патинов деген адам жашайт.Анын өмүр таржымалы...

5 - Августа  2016 | 18 : 231396
Жалал-Абаддык спортчу дүйнөнүн чемпиону болду Жалал-Абаддык спортчу дүйнөнүн чемпиону болду

Жалал-Абад шаарындагы Раатбек  Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдерди даярдоочу спорт мектебинин тарбиялануучусу Калыбек Сулайманов Франциянын  Моне шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча  дүйнө...

1 - Сентября  2016 | 13 : 37892