Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында дин кызматкерлеринин кезектеги көчмө жыйын өттү

23 - Ноября  2017 | 6 : 31664
Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында дин кызматкерлеринин кезектеги көчмө жыйын өттү

 

 

Коргоо кеңешинин 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу жана ыйман, адеп жана маданият жылында иш чараларды жандандыруу максатында Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамадминистрациясынын жыйындар залында администрация кызматкерлеринин, айыл өкмөттүн башчыларынын, КР ДИМКнын Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн, аксакалдар кеңешинин, аялдар жана жаштар комитетинин, РИИБ, МУКК жана райондук прокуратуранын кызматкерлеринин, мекеме ишканалардын жетекчилеринин, саламаттыкты сактоо тармагынын жана РБББнын өкүлдөрүнүн, мектептин директорлорунун, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын, казыят кызматкерлеринин, район-шаардын баш имам хатибдеринин, Сузак районуна караштуу имамдардын, Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна караштуу Ислам окуу борборлорунун жетекчилеринин жана мугалимдеринин, ММКнын т.а. “Аймак”, “Акыйкат” гезитинин редакциясынын өкүлдөрү жана ЖАМТРКнын о.э. КТРК 24 Ала-Тоо программасынын кабарчылары болуп жалпысынан  200дөн ашык адамдардын катышуусунда көчмө жыйын өткөрүлүп, күн тартибинде Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты тарабынан даярдалган ыйман, адеп жана маданият жылына карата слайд, Сузак райондук хатибиятында аткарылган иш чаралары боюнча слайд-шоу маалымат берилип, “Ынтымак-мүрөк суусундай, чыр-чатак жылаан уусундай”,- диаспоралар аралык ынтымак-ырашкерликти бекемдөө, улуттар аралык тынчтыкты сактоо максатында даярдалган видео-ролик көрсөтүлүп, дин кызматкерлерин, имамдарды сыйлоо аземи өттү.

Жыйында Сузак районунун акими Эрмекбай Алянович кириш сөз сүйлөп, келген конокторду тааныштырып, андан соң жыйындын жүрүшүн  казыяттын жооптуу катчысы Абдиназар Хаджибеков алып барды.

Жыйындын жүрүшүндө сөз Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаиловго берилип, райхатибиятта аткарылган иштер боюнча маалыматтарга токтолуп, көчмө жыйынды уюштурулушун демилге кылган облус казысына жана акимге ыраазычылык билдирди. Ал эми Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров ыйман, адеп жана маданият жылында тазалык, кебете-кешпирди оңдоо, маданияттуулукту, тазалыкты сактоо, имамдардын квалификациясын жогорулатуу, Коргоо кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу жана мекенибиздин тынчтыгын сактоо тууралуу маселелерге токтолду.

Аким Эрмекбай Алянович казыяттын жана шаархатибияттын жүргүзгөн иш-чараларын абдан жакшы деңгээлде алынып барылып жаткандыгына токтолуп, ийгиликтерди каалап, ыраазычылыктарды билдирип, мектептерде бирдиктүү форманын абалы, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү о.э. динге байланышкан бир топ маселелерге токтолду.

Жыйындын жүрүшүндө көп жылдык үзүрлүү эмгектенип Ислам дининин өнүгүшүнө жигердүү салым кошкон 2 имам хатиб Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын Ыраазычылык баракчасы менен сыйланса, райондун имамдары арасында диний иш чараларды жана коомдук иштерди ишке ашырууда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн 4 имам хатиб Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын ардак грамотасы менен сыйланды. Ал эми тапшырмаларды өз убагында аткарып, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн 4 имам райхатибияттын ардак грамотасы менен сыйланды.  

 Ал эми көчмө жыйындын алкагында жыйындын 2-бөлүгү уюштурулуп, ага район-шаардын баш имам хатибдери, казыят кызматкерлери, Сузак районунун жалпы имамдары катышып, имамдардын ички-тартип эрежелери, мечиттердин абалы, кышка карата даярдык, бухгалтериялык эсеп-кысап жүргүзүү, бирдиктүү жума хутбасы, азанды КМДБ тарабынан бекитилип берилген убакыт боюнча айтуу, жаш кадрларды жетиштирүү, отчет тапшыруунун ыкмалары, инвентаризациянын жүргүзүлүшү, аттестация боюнча маселелер талкууга алынып, казыяттын бардык адистери тиешелүү суроолорго жооп берди.

Эске салсак, быйылкы жылдын эсебинен облус казысы тарабынан бекитилген ырааттамага ылайык көчмө жыйын Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу  жана Кара-Көл  шаарларында , ошондой эле, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Тогуз-Торо, Токтогул, Ноокен райондорунда уюштурулган болчу.

Жалал-Абад казыяты – маалымат катчы А.Хаджибеков    

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Дин эркиндиги эмнеге алып барат? Дин эркиндиги эмнеге алып барат?

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан өкүлдөр жана бир катар эксперттер областтагы жергиликтүү  дин кызматкерлери, билим берүү тармагынын жана бейөкмөт...

16 - Июня  2016 | 17 : 262252
Сузакта заманбап мечит ачылды Сузакта заманбап мечит ачылды

  Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн орун алган Арал айылында жаңы мечит курулуп, ишке берилди. Анын ачылышына арналган салтанатка айыл өкмөтүнүн, областтын...

8 - Августа  2016 | 16 : 391465
Жалал-Абадда дин уюмдарынын иши талкууланды Жалал-Абадда дин уюмдарынын иши талкууланды

    Жалал-Абадда дин уюмдарынын коомдун жакшырышына карата жүргүзүп жаткан иштери мурдагы жылдарга караганда кыйла активдүү болуп калды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясында өткөн дин...

8 - Февраля  2017 | 12 : 6898
"Бир момунга –бир дарак" аттуу айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү акциясы...

                Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарчасында, Курманбек, Көк-Арт жана Кара-Алма айыл округдарында  КМДБнын №68 буйругунун ишке ашыруу...

14 - Апреля  2017 | 4 : 2413
Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси... Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси...

Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын иш кеңсеси менен жеринен таанышып, шаархатибияттын иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, кириш-чыгыш каттоо журналынын абалы, көктөмөлөрдүн...

18 - Апреля  2017 | 4 : 171785
Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен 6 баланын энеси... Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен 6 баланын энеси...

   Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен шаардагы атасыз алты балалуу, турмуш шарты оор, жакыр жашаган Токтобаева Зиягулгө үй-бүлөгө 300 миң сомго үч бөлмөлүү батир сатып...

18 - Апреля  2017 | 4 : 19655
Диний агымдар коркунучтуу Диний агымдар коркунучтуу

                      Такталган маалыматтарга караганда учурда Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик 19 уюм бар. Алардын ичинен экөө...

19 - Апреля  2017 | 4 : 552680