Сузактык кыздар биринчи

7 - Июня  2016 | 18 : 153262
Сузактык кыздар биринчи

   “Дени сак улут-өнүгүп жаткан өлкө ” аталышындагы  Чолпон-Ата шаарында өткөн  айыл өкмөттөр арасындагы республикалык мелдеште волейбол оюну боюнча кыздар арасында Сузак районуна караштуу Сузак айыл өкмөтүнүн кыздар командасы биринчи орунду камсыз кылышты. Алар финалдык беттеште Ош областынан келген кыздар командасын 3:0 эсебинде утуп, жеңишке жетишишкен.

  Жеңүүчү команданы бул турнирге Сузак айыл кеңешинин депутаты, Сузак райондук балдардын спорттук мектебинин  директору , “Эл агартуусунун мыктысы” Сайпидин Патинов даярдаган. Белгилеп кетүүчү жагдай республикалык маанидеги  бул мелдеш  сегиз ирет өткөн болсо, анын алтысында аталган райондун айжаркын спортчу айымдары башкы орунга жетишкен. Бүгүн байге ээлерин Жалал-Абад шаарынын коомчулугу, машыктыруучулар жана спорт жаатында эмгектенген адистер  шаардын символу катары таанылган “Курманбек баатыр”атындагы  Арканын алдында жылуу маанайда тосуп алышты ошондой эле  мыкты оюнчуларга  баалуу белектерин тапшырышты. Баса, спортчу кыздарды бул турнирге демөөрчү катары областтык ички иштер башкармалыгы  колдоо көрсөткөн.

   Ушул эле турнирде бир чакырым аралыкка жүгүрүү боюнча  Сузак районунун Благовешенко айылынан чыккан жөө күлүк , Жалал-Абад шаарындагы Билим берүү, укук академиясынын 3-курсунун студенти Феликс Масиралиев бардык атаандаштарын артка таштап, маарага биринчи келип, башкы сыйлыкка ээ болду.

 

Бактыкан Ажымаматова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Волейболчулардын таймашы Волейболчулардын таймашы

Жалал-Абад шаарындагы  №1-кесиптик техникалык лицейдин спорт залында  коомдук ишмер, легендарлуу кыргыз парламентинин депутаты, маркум Сатыбалды Жээнбековдун жаркын элесине арналып волейбол оюну боюнча ...

13 - Июня  2016 | 16 : 1732
Маркум милиционердин элесине Маркум милиционердин элесине

2010-жылдагы июнь коогалаңында улутчул сепаратисттердин колунан мерт болгон, Базар-Коргон райондук ички иштер  бөлүмүнүн  участкалык инспектору, милициянын ошо кездеги  капитаны Мыктыбек Сулаймановдун...

15 - Июня  2016 | 10 : 31435
Жалал-Абаддык спортчулар Азия чемпионатына жолдомо алышты Жалал-Абаддык спортчулар Азия чемпионатына жолдомо алышты

  Жалал-Абад шаарында республикалык чемпионаттарды жеңип, азия чемпионаттарына катышууга грек-рим күрөшү боюнча шаар спортсмендери жолдомо алышты. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад шаардык дене-тарбия...

6 - Июля  2016 | 17 : 26950
Теннисчилер таймашты Теннисчилер таймашты

   Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагында жайгашкан  Маданият үйүндө спортчулардан  шамдагайлыкты, тездикти эң башкысы ыкчамдыкты талап кылган стол үстүндө ойнолуучу теннис боюнча...

13 - Июля  2016 | 16 : 40758
Спорт менен тагдырлаш инсан Спорт менен тагдырлаш инсан

Бейне   Жалал-Абад жергесинде бүт өмүрүн спортко арнаган, элет спортун өнүктүрүүгө омоктуу салым кошкон, республикага ысмы тааныш Сайпидин Патинов деген адам жашайт.Анын өмүр таржымалы...

5 - Августа  2016 | 18 : 231437
Жалал-Абаддык спортчу дүйнөнүн чемпиону болду Жалал-Абаддык спортчу дүйнөнүн чемпиону болду

Жалал-Абад шаарындагы Раатбек  Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдерди даярдоочу спорт мектебинин тарбиялануучусу Калыбек Сулайманов Франциянын  Моне шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча  дүйнө...

1 - Сентября  2016 | 13 : 37925
Калы 8 жылдан бери алына элек алтынды алды Калы 8 жылдан бери алына элек алтынды алды

  Франциянын Макон шаарында єткєн жаштар арасында  грек-рим кїрєшї боюнча дїйнє биринчилигинде, Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы адистештирилген спорт мектебинде 8 жылдан бери...

14 - Сентября  2016 | 17 : 471517