Мекеним менин-Кыргызстан

7 - Июня  2016 | 18 : 221462
Мекеним менин-Кыргызстан

Кыргызстандагы башка аймактардан айырмаланып, Жалал-Абад жергеси  чер токойлуу келип, даңазалуу жаңгагы алма,мисте, алчасы, табигый, тарыхый эстелик жайларга бай жана  туризм тармагын өнүктүрүүгө жетиштүү шарттар бар. Ошол себептүү да атагы алыска кеткен Сары-Челек, Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма сыяктуу керемет жерибиздин касиети улам артып барат. Кезинде Союздук маанидеги балдар жана чоңдор үчүн лагерлер, эс алуу жайлары иштеп, бүтүндөй Союздук республикалардан келген туристтер өлкөбүздүн капчыгына жакшы эле салым кошуп турушкан. Кийин, бардыгы чачырап, ыдырап, менчиктештирилип кеткенден кийин  ал жайлардын аты калып, затын “из кубарлар” да таппай калышты. Бирок, эл арасында жакшылар, элдин камын ойлогондор бар экен. Бир топ  жайлар кайрадан калыбына келе баштады, же жаңылары пайда болуп жатат. Аксы тарапка барып калып, айтылуу Падыша-Ата коругунун ичинен  ушундай  элим деп күйгөн, жерим деп жан алакети менен иштеген бир  адамды кезиктирип калдык. Анда кеп кезеги ушул тарапта болсун.

Оор кырсык жана түмөн ойлор

 

Арстанбек мырза Кашка-Суу айылында туулуп өскөн. Ата-энеси карапайым эле адамдар болушкан. Бул аймак жергиликтүү жашоочулардын айтымында “жараткандын эс ала турган, бейиштин төрүндөй”    ажайып жер эмеспи.  Аскалуу тоонун ойдуңунда жайгашкан чакан айылдын эли да башкача. Алар абасы таза, айланасы  жашыл арчалар менен курчалып, ичине кирсең чыга алгыс, чытырман алча менен долоносу, кожогаты  арбап турат. Алардын ырыскысы ошол. Токой менен жашоолору байланышкан. Мал күтүшөт, жаңак теришет, алча, алма, кожогаттан кышкыга азык камдашат. Анан   бал кымыз жасоо боюнча эч кимди алдыга чыгарышпайт. Мына ушундай куттуу жерде өсүп,эр жетип, үй-бүлө күтүп, токойдо эле иштеп калат. Анан бир күнү катуу автокырсыкка учурайт. Жашоодон үмүт өчүп, барынан кечип кете турган абалга да туш болот. Ошондо ооруканадагы азаптуу күндөрдө “эгерде бутума туруп, басып кетсем, жалаң гана элиме жакшылык кыла турган жумуштарды жасаймын” деген  тилектерди алдына коет. Дарыгерлердин мээнети, өзүнүн жашоого болгон кумары, үмүтү орундалып, дартына шыпаа табылып, айткандай эле эл үчүн, элдин ден соолугу үчүн  алпурушкан аруу күндөр башталат.

Корук ичин шаңга келтирип...

Аксыдагы “Падыша-Ата” мамлекеттик коругу 30 миң гектардан ашуун жерди ээлеп турат. Анын ичинде  жер жемиштин, токой жыгачтарынын бардыгы өсөт. Коруктун бир ыптасын Чарчатма, экинчи бетин Жыланды тоолору курчап турат. Ортосундагы Капчыгай ичинен  эки гектар жер аянтын жүгүрүп жүрүп, бөлдүрүп алып, ал жерге туристтик база ачууну максат коет. Адегенде эле тилеги  ишке аша койгон жок.Бир жагынан чоң каражат керек болсо, экинчиден анча жерге тиешелүү жайларды куруунун өзү да кыйла убакытты талап кылат. Эл аралык уюмдардан  өнөктөштөрдү издеди. Тикелей туризм тармагын өнүктүрүү багытында атайын долбоорлор жокко эсе болсо да, ага жакындашкан окууларга, семинар-тренингдерге катышып, билимин да тереңдетип жатты. Токой байлыгын сактоо, экология маселесинен да четтеп кетпеди. Себеби, акыркы жылдардагы баш аламандыктын кесепетинен  айрыкча жаңак токойлору четинен кыйылып,  бери жагы эле үч жүз жылдан бери топтолгон уюлдары тамыры менен казылып, текейден да арзан акчага сыртка кетип жаткан учур да болбодубу. Ошолорду көз жаздымда калтыра албады. Жаңак токойлорун сактап калууга бар күчүн үрөгөндөрдүн катарында жүрдү. Ошол эле мезгилде  көкүрөгүн уялап келген максатын ишке ашыра баштады.  Тез курула турган, чакан  курама үйлөрдү салып, жаз келгенде  эки-үч баш бээ байлап, саамалын элге тартуулай баштады. Бээнин жаздагы  саамал сүтү ден соолук үчүн миңдин бири, бардык дартка даба экендигин билгендер туш-тараптан келишип, саамал ичип  кетип жатышты. Анан биринен экинчиси маалымат алгандардын саны улам арбып, өзүнүн туруктуу кардарлары пайда болду.

 

“Нурдан” нур алгандар арбын

    Ошентип эки гектар жер аянтын ээлеген жайды “Нур” эс алуу борбору” деп атап алды. “Ооруканада терезе тиктеп, телмирип, “ушул дарттан айыга алат бекемин, басып кетемби?” деп, көз жашымды көлдөтүп жаткан күндөрдүн биринде  таңга маал, терезеден күндүн нуру, менин жүзүмө төгүлүп турду. Ошондо менде жашоого болгон үмүт пайда болду. Анан ал төгүлгөн нур мага дем-күч, кайрат берип, алдыга карай максат коюума себепкер болгонсуду.” Эгер мен айыгып кетсем, элдин ден соолугуна нур төгө турган жай ачам”-дедим. Ошол тилегиме жетип, өзүм ачып, иштеткен эс алуу жайды “Нур” деп атадым”-дейт, биздин каарман  Арстанбек Калетов.

   Бирден кураштырып,  үч адамдык орунга  ылайык он, эки адамдык он жана эки боз үйдү даярдап алды. Жашоого ыңгайлуу, төшөнчү орундары таза жана жаңы. Ал эми  жүз орундуу ашканада бардык шарттар бар. Жаз алды менен үч баш бээнин сүтүн беришет. Анан мында келгендер  тиш какшаткан  кашка суудан кана ичип, таза абасынан кере дем алып, дартына даба  таап  кетишет. Өмүр шериги Тынара Наркеева кабагы ачык, келгендерди жаркылдап тосуп алып, жарык маанайы менен узатат. Мына ушундай жубайлардын колунан саамалын ичип, даамдуу тамагынан да даба тапкандардын айрымдары мындай дешет:

Жамила Нурматова- Ала-Бука районунун тургуну-Саамалды кырк кун ичейин деп келгемин. Жети күн болду. Шарты абдан жакшы. Бул жердин ээлери да жакшы адамдар, мен аларды жакшы билемин,ошондуктан ар жылы келип,  саамал ичип, кыйла жашарып кетемин. Өзүм дарыгермин. Бээнин сүтү адам ден соолугуна кандай даба экендигин жакшы билемин.

Зияда Молдомусаева- Ноокен районунун тургуну- Биз үчөбүз келгенбиз. Шарты жакшы экен. Бээ саалган учурда жеринен барып, сүтүн ичебиз. Калган убакта  ары-бери басып, таза абасынан жутуп, суу жээктеп жүрөбүз. Ошол да ден соолукка кыйла жакшы таасирин тийгизет тура.

Бурулай Сагындыкова- Майлуу-Суу шаарынын тургуну- Өткөн жылы жазда да келгемин. Ошондо мага бул жердеги шарттар, андагы  тейлеп жаткан адамдар жаккан. Ашказаным ооручу эле, ошондон бери жакшы болуп калгандыгымдан, быйыл да келдим.  Тамактары да жакшы. Убактыбыз билинбей эле өтүп кетет. Оюндарды уюштуруп турушат. Айтор, баары жакшы,кызыктуу.

Барчынай Мырзабаева-Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну- Мага ушул жер жакшы деп көп айтышчу. Шартым келишпей, мурда келе албай жүрдүм эле. Биринчи жолу келип, аябай  жакшы жай экенин көрдүм. Карагылачы, мындай керемет жерди башка аймактан табуу кыйын. Эми  тааныштарыма да айтамын.

 

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан

Советтик доорду канчалык  “андай эле, мындай эле” деп, сындаганыбыз менен, ал учурдун өзүнүн керемети , касиети жана идеологиясы, анан ошол системаны бекем кармап турган адамдары болгон. Коммунисттик...

7 - Июня  2016 | 18 : 293742
Жаштар –  туура кадам, таза максат үчүн! Жаштар – туура кадам, таза максат үчүн!

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү “Жаштар - туура кадам, таза максат үчүн!” аттуу республикалык жаштар форуму областта үчүнчү жолу өткөрүлдү. Активдүү жаштардын башын бириктирген иш-чара  жаңгак токою...

17 - Июня  2016 | 14 : 372237
Питерде жумушсузга иш бар Питерде жумушсузга иш бар

Областтын кырк жашка чейинки жумушсуз адамдары үчүн Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан 89 бош жумуш орун табылды. Бул максатта республиканын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын...

17 - Июня  2016 | 16 : 191311
“Аза көйнөк азабы...” “Аза көйнөк азабы...”

    Кыргыздын кылым карыткан каада - салттары бар. Ал муун улап жашап келет. Мезгил алмашып, “заман өзгөрдү” деп, айрымдарын унутта да калтырып жатабыз. А бирок,  улам жаңырып, заманбап  “түскө”...

22 - Июня  2016 | 17 : 361556
Кошуналар алчадан  сок жасайт, а биз... Кошуналар алчадан сок жасайт, а биз...

                Жалал-Абад базарында  алча  18-20 сомдон сатып алынып, Казакстанга  экспорттолуп жатат. Төрт жылдан бери алча ташыган Арзымат күнүнө анын 2-3 тоннасы Талас аркылуу Чимкентке...

24 - Июня  2016 | 19 : 482611
Эл комиссары жөнүндө баян Эл комиссары жөнүндө баян

“Тарых жана маданият жылына” карата    Шарапат эненин эскерүүсү Токсонго барып калган Шарапат байбиче Барпы аймагынан чыккан Эл комиссары Абдукадыр Абдраимов жөнүндө төмөнкүчө...

22 - Июля  2016 | 18 : 401866
Экономика жана ишкердик университети  ОКУУ-ИЛИМИЙ-ӨНДҮРҮШТҮК... Экономика жана ишкердик университети ОКУУ-ИЛИМИЙ-ӨНДҮРҮШТҮК...

         Экономика жана ишкердик университети (ЭИУ) 1959-жылдан Кооперативдик окуу жай, 1966-жылы Кооперативдик техникум, 1993-жылы Коммерциялык институт, 2005-жылдын 16-июлунда Экономика жана...

8 - Августа  2016 | 16 : 572638