Жалал-Абад: 2017-жылдын бюджети бекитилди

4 - Декабря  2017 | 10 : 52783
Жалал-Абад: 2017-жылдын бюджети бекитилди

 

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы шаар бюджетинин 2017-жылга карата долбоорун карады жана бекитти. Ошентип, жыл башында каралуучу шаар бюджети жыл акырында болсо да бекитилди.

Шаардык кеңештин 2016-жылы 11-декабрында шайланган жетинчи чакырылышынын курамы депутаттык фракциялардын өз ара саясий пикир келишпестиктеринен улам таркап кетип, кийинки сегизинчи чакырылышынын алты депутаттык фракциядан турган курамы 2017-жылы май айында шайланган. Ал эми быйылкы жылдын ноябрь айында шаардык кеңеште төрт фракциянын баш кошуусу менен “Ийгилик” аттуу көпчүлүк коалициясы түзүлүп, шаардык кеңеш ишин баштаган.

Быйылкы жылга карата шаар мэриясы шаар бюджетинин кирешелер бөлүгүн 382 миллион 940,5 миң сом көлөмүндө шаардык кеңешке бекитүүгө берген. Бул сумманын ичинен 70 миллион 672 миң сому атайын төлөмдөрдөн түшүүчү каражаттар болсо, республикалык бюджеттен келүүчү трансферлер өлчөмү 7 миллион 163,5 миң сомду түзөт.

Кирешелердин көлөмүнө ылайык, бюджеттин чыгашалар бөлүгүнүн көлөмү да 382 миллион 940,5 миң сомду, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү каражаттар көлөмү 70 миллион 672 миң сомду түздү.

Шаардык бюджет жыл башында бекитилбегендигине карабастан, шаардык аткаруу органдары шаарда тазалык, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо, көчөлөрдү асфальттоо иштерин жүргүзүп келишти. Айрыкча көчөлөрдү оңдоп-түзөө жана асфальттоо иштерине республикалык бюджеттин каражаттары тартылган.

Эми алдыда шаардын кийинки 2018-жылга карата бюджетин иштеп чыгуу жана шаардык кеңештин кароосуна алып чыгуу иштери турат. Быйыл бюджеттин жоктугуна байланыштуу ишке ашпай калган иштер кийинки жылы аткарылмакчы.

Элиза Капарова.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн  бала бакча ачылат Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

Былтыркы жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы  №52870 аскер  бөлүгүн расмий ачылуусуна келгенде, аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган.  Өлкө башчы...

9 - Июня  2016 | 11 : 30583
Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды

Жалал-Абад шаарында электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселесин  ишкерлердин катышуусундагы тегерек үстөлдө талкууланды Жакында  “Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин электрондук-санарип кол...

6 - Июня  2016 | 17 : 39535
Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди

Социалисттик Эмгектин Баатыры Шамшидин Сүйөркулов атындагы борборлоштурулган аймактык оорукананы медициналык кызматкерлердин республикалык тармактык профсоюздарынын өкүлдөрү көрүп чыкты. Мамлекетибиздин ...

6 - Июня  2016 | 17 : 421811
Төрт бөлмө жаңы  ачылды Төрт бөлмө жаңы ачылды

Тогуз-Торо районунун №4-Иса Иманбердиев атындагы орто мектептин мугалимдери мектеп окуучуларына тереңдетилген билим берүүгө умтулууда. Бул багытта мектепте өткөн жумада жаңыдан төрт класс-кабинет  ачылды. Бул...

6 - Июня  2016 | 17 : 44496
Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту

Бүгүнкү күнгө чейин Жалал Абад областында 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту. Мугалимдер, медиктер жана  соц кызматкерлер жеңилдетилген кредиттен үй-жайга ээ болуп келсе, эми жалпы эле бюджетте иштеген...

7 - Июня  2016 | 12 : 491302
159 миң 28 турак жай камсыздандырылды 159 миң 28 турак жай камсыздандырылды

Жалал-Абад областында 200 миң турак жай камсыздандырылыш керек болсо 159 миң 28и мамлекеттик камсыздандыруудан өтүү. Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана  айрыкча шаар жерлеринде үй жайын камсыздандыргандар...

7 - Июня  2016 | 12 : 52398
Кургак учук көбөйдү Кургак учук көбөйдү

 Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери беш бала кургак учук менен ооруду. Былтыр бул дартка тогуз бала кабылган болчу. Чоң адамдардын да  кургак учукка чалдыгуусу көбөйгөн. Быйыл беш айдан бери 35 жаран ооруса, ...

9 - Июня  2016 | 12 : 3825