Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Оштогу генералдык консулун кабыл алды

6 - Декабря  2017 | 3 : 29793
Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Оштогу  генералдык консулун кабыл алды

    

                        

     Бүгүн, 5-декабрда ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы генералдык консулу Сун Лицюнь мырзаны кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Эки тараптуу достук маанайында өткөн жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев генералдык консулга Жалал-Абад облусу туурасында кыскача маалымат берди.

 

-- Кытай Эл Республикасы Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын бүткөрүүгө чоң жардам берди. Мындан сырткары учурда Балыкчы – Жалал-Абад альтернативалуу түштүк автомагистралын курууга өз салымын кошуп жатат. Бул стратегиялык мааниси бар жолдун курулушу 2019-жылы аяктайт. Ал эми ЖАМУда Конфуций институту ийгиликтүү иштеп жатат,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

-- Быйыл январь айында ЖАМУда ачылган Конфуций институтунун ачылышына менин дагы салымым болгон. 2018-жылы Кытайдын эл аралык туризм компаниясынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун эң кооз жерлерин фотографиялык сүрөткө тартып, анын презентациясын Пекинде өткөрүшөт. Анын башкы максаты туризмди өнүктүрүү. Өткөн жылы Жалал-Абад облусунда иштеп жатышкан кытайлык бир топ ишканалар бир катар кыйынчылыктарга кабылганда облустун жетекчилиги жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечип бергендигине терең ыраазычылыгымды билдирип кетемин. Сиздердин облустун аймагында иштеп жатышкан кытайлык ишканаларды жана  алардын жумушчуларынын коопсуздугун камсыз кылууга өз көмөгүңүздү көрсөтүүнү суранып кетээр элем,- деди Кытай Эл Республикасынын Оштогу генералдык консулу  Сун Лицюнь мырза.

    Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад шаарынан 20 гектар жер логистикалык борбор куруу үчүн ажыратылгандыгын, учурда аны ишке ашыруу боюнча инвесторлор керек болуп жаткандыгына токтолуп кетти. Мындан сырткары кытайлык ишкерлер менен биргеликте 2018-жылы облустун аймагында тери жана жүн иштетүүчү заводду куруу максаты белгиленип жаткандыгын ортого салды.

     Кытай Эл Республикасынын Оштогу генералдык консулу Сун Лицюнь мырза ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевди ишкерлер менен биргеликте Кытай Эл Республикасына иштиктүү кызматташуу сапарын уюштурууга өз көмөгүн көрсөтөөрүн билдирди. Генералдык консул бул максатта облус жетекчисин Кытайдын кайсыл провинциясы, кайсыл тармагы кызыктыраарын жана ал боюнча конкреттүү сунуштарын берүүнү ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевден өтүнүп кетти.

    Эки тараптуу сүйлөшүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, генералдык консулдун экинчи катчысы Чжан Ян мырза катышты.

    Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн  бала бакча ачылат Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

Былтыркы жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы  №52870 аскер  бөлүгүн расмий ачылуусуна келгенде, аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган.  Өлкө башчы...

9 - Июня  2016 | 11 : 30583
Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды

Жалал-Абад шаарында электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселесин  ишкерлердин катышуусундагы тегерек үстөлдө талкууланды Жакында  “Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин электрондук-санарип кол...

6 - Июня  2016 | 17 : 39535
Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди

Социалисттик Эмгектин Баатыры Шамшидин Сүйөркулов атындагы борборлоштурулган аймактык оорукананы медициналык кызматкерлердин республикалык тармактык профсоюздарынын өкүлдөрү көрүп чыкты. Мамлекетибиздин ...

6 - Июня  2016 | 17 : 421811
Төрт бөлмө жаңы  ачылды Төрт бөлмө жаңы ачылды

Тогуз-Торо районунун №4-Иса Иманбердиев атындагы орто мектептин мугалимдери мектеп окуучуларына тереңдетилген билим берүүгө умтулууда. Бул багытта мектепте өткөн жумада жаңыдан төрт класс-кабинет  ачылды. Бул...

6 - Июня  2016 | 17 : 44496
Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту

Бүгүнкү күнгө чейин Жалал Абад областында 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту. Мугалимдер, медиктер жана  соц кызматкерлер жеңилдетилген кредиттен үй-жайга ээ болуп келсе, эми жалпы эле бюджетте иштеген...

7 - Июня  2016 | 12 : 491302
159 миң 28 турак жай камсыздандырылды 159 миң 28 турак жай камсыздандырылды

Жалал-Абад областында 200 миң турак жай камсыздандырылыш керек болсо 159 миң 28и мамлекеттик камсыздандыруудан өтүү. Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана  айрыкча шаар жерлеринде үй жайын камсыздандыргандар...

7 - Июня  2016 | 12 : 52398
Кургак учук көбөйдү Кургак учук көбөйдү

 Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери беш бала кургак учук менен ооруду. Былтыр бул дартка тогуз бала кабылган болчу. Чоң адамдардын да  кургак учукка чалдыгуусу көбөйгөн. Быйыл беш айдан бери 35 жаран ооруса, ...

9 - Июня  2016 | 12 : 3825