ЖашСтан долбоору лидердик сапатты жогорулатууну көздөйт

18 - Декабря  2017 | 7 : 251435
ЖашСтан долбоору  лидердик сапатты  жогорулатууну көздөйт

 

 

10-13 – ноябрь күндөрү Жалал-Абад шаарында «Социалдык жана бизнес долбоорлорду түзүү» боюнча  жаштар үчүн 3 күндүк семинар болуп өттү. Семинарда балдар «Жашоо жөндөмдөрү» туралуу билим ала алышты.  Андан сырткары  резюме, коштоо кат, баарлашуу сыяктуу темаларды Искендер Субанкулов, Нургүл Караева, Икбол Исаков, Алия Суранова жана Разия Ормонова сыяктуу тренерлер жаштарга түшүндүрүп өтүштү.

Ал эми Жанар Акаев, Нурсултан Аскаров, Гулзада Рыскулова өндүү атактуу адамдар жаштарга «Туура кесип тандоо» боюнча семинар өтүп, андан соң маектешип суроолоруна жооп бере алышты. Бул 3 күндүк семинар да катышуучулар менен чектелип калбастан, жаштар өз жерине барып, өз айылдарына эмес айыл өкмөттүн деңгээлинде коңшу айылдарга да барып өтүп беришти. Жаштар өздөрү өткөн семинарлардын жыйынтыгы катары ошол жер-жерлерде катышкан катышуучулар биздин жаштардын ишин улай андан кийинки айылга семинар өтө алышты.

Эл аралык «Search for Common Ground» уюму тарабынан Бириккен Улуттар Уюму фондунун колдоосунда жана «Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги» менен биргеликте 2017-жылдын апрель айынан баштап,  «ЖашСтан» аттуу долбоорду ишке ашырышкан.  Долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча 27 аймактан жаштар тандалган, анын ичинде Жалал-Абад областы боюнча 7 аймактан 6дан 48 жаш катышуучулар тандалган. Алар: Ала-Бука районунун  Кажар, Ак-Там, Кербен шаары, Базар-Коргон районунан Арстанбап, Сейдикум, Сузак районунан Сузак, Ырыс жана Бек-Абад айылдары тандалган.

Буга чейин сентябрь айынын башында долбоор алкагында Арстанбап айылында бардык 48 балдар, кыздардын катышуусунда «Социалдык жана бизнес долбоорлорду түзүү» боюнча 3 күндүк семинар болуп өткөн. Семинарды Нургүл Караева, Икбол Исаков, Искендер Субанкулов өндүү тренерлер өтүп беришкен, ошондой эле Кеңешбек Сайназаров жана Бахадыр Кучкаровдой белгилүү инсандар келип катышуучулар менен өз өмүр тажрымалы менен бөлүшүп кетишкен. Катышуучулар алган билимин алып тим болбостон өз айылдарына барып тең-туштарына 3 күндө алган билимин үйрөтүп беришти. Андан соң жаштар өз аймагындагы чыр чатакка алып келүүчү көйгөйлөрдү алдын алуу максатында социалдык жана бизнес проекттерди жазышты.

2017-жылдын сентябрь айынан «Search for Common Ground» уюму партнердук негизде «Жаш-Ниет Ноокат жаштар борбору» коомдук бирикмеси менен биргеликте иш алып барышкан.  Аталган бирикменин директору  Нургүл Караеванын айтымында аталган долбоорго Кыргызстан боюнча 162 жаштар алынган.   Бул долбоордун негизги максаты  лидердик сапатты  жогорулатуу, болуп саналат дейт Нургүл айым.

 

Алыскы Ала-Бука районунун Кажар айылынан 10-класстын окуучусу  Маматкадырова Жумаида апрель айында аталган долбоорго мүчө болгон. Анын айтымында аталган долбоордун алкагында көп ийгиликтерге жетишкендигин баса белгилейт.

  • Мен “Жашстан”  долбооруна мүчө болгондон тарта  жашоомдо көп өзгөрүүлөр болду. Негизинен өзүмдүн туулуп өскөн Кажар айылында эн орчунду көйгөйлөрүнүн бири  спорт залдын жоктугу болчу. 250 түтүнү бар бул айылда  эки улут жашайт. Алардын ортосунда тынымсыз конфиликт жаралгандыктан айыл эли спорт залдын курулусу менен жаштардын баары спорт тармагы менен алек болуп, өз ара ички мамилесин унутуп коюшарын айтып,   спорт зал куруп берүүнү суранышты. Аталган долбоордон 72 миң сом акча каражаты спорт залдын курулуусуна бөлүнүп берилди. Бул менен гана чектелип калбастан ар бир түтүндөн 1000 сомдон акча каражаты топтолуп, жыйынтыгында 250 миң сом акча каражаты топтолду. Буйруса жакынкы арада айылдын маселеси чечилип калат деген ойдобуз дейт Жумаида.

Андан сырткары  бул долбоордун алкагында октябрь айында Ош шаарында Республикалык деңгээлде симпозиум болуп өттү, симпозиумга өлкөнүн 6 областынын 27 аймагынан 200дөй жаштар катышышты. Симпозиум учурунда Жалал-Абаддан барган балдардын проекттеринен Арстанбап, Бек-Абад жана Кербен Бизнес долбоорлору ошондой эле Кажар, Ак-Там, Ырыс, Сузак жана Сейдикум аймактарынын жаштарынын социалдык долбоорлору өтүп, учурда долбоорлорду ишке ашырышууда.

 

Элиза Капарова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майда эмес маселелер арбын Майда эмес маселелер арбын

Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүндө өткөн коллегияда жарандарды турак жай менен камсыз кылуу, административдик башкаруунун  абалы  ошондой эле  тарых жана маданият жылындагы аткарылып жаткан иштер...

6 - Июня  2016 | 18 : 71018
ВИЧ илдети баш ооруга айланууда ВИЧ илдети баш ооруга айланууда

  Област аймагында бүгүнкү күндө  708 атуул ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алган, анын 76сын жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт. Мындай маалымат областтык саламаттыкты сактоонун координациялык кеңешменин Ноокен...

6 - Июня  2016 | 18 : 111302
Секелектердин тагдыры сестентет Секелектердин тагдыры сестентет

Областта акыркы үч жылда 15-17 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу көбөйдү.  Ага мисал иретинде 2013-жылы 146 кыз үй-бүлө курган. Андан кийинки жылы 205 кыз мектепти бүтпөй турмуш жолуна аттанган. Былтыр  212 өспүрүм кыз...

6 - Июня  2016 | 18 : 42833
Үй курганга жер берчи Үй курганга жер берчи

2009-жылы республикада сугат аянттарды турак-жай үчүн бөлүп берүүгө мораторий жарыяланган. Ага чейин өлкө аймагында 38  миң  адам  айыл чарба жерлеринин сугат жайларына 42 миӊ турак  жай куруп алган. Бирок,...

7 - Июня  2016 | 12 : 451023
Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады

Жалал-Абад шаарынын  Ленин көчөсүн кеңейтүүнүн  экинчи этабы башталды. Борбордук жолду кеңейтүү  жумушун колго алган шаар бийлигинин  аракетин  шаар жашоочулары гана эмес,  областтын  калкы да...

10 - Июня  2016 | 16 : 40531
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН? ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН?

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы быйылкы 17-майда Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 26-июнундагы №41 жер аянтын сатуу жана сатып алуу...

15 - Июня  2016 | 10 : 31318
Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө

Жалал-Абад шаарында  21-22-июнь күндөрү  айыл чарба азыктарын жарнамалоону жана областка инвестиция тартууну көздөгөн  II Эл аралык  бизнес форум   болуп өттү.  Анда  айыл чарба азыктарынын...

27 - Июня  2016 | 12 : 221655