Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

9 - Июня  2016 | 11 : 30511
Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн  бала бакча ачылат

Былтыркы жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы  №52870 аскер  бөлүгүн расмий ачылуусуна келгенде, аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган.  Өлкө башчы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бала бакча менен камсыздоо тапшырмасын берип, өзү жеке көзөмөлүнө алаарын билдирген болчу.  Көк-Жаңгак шаар бийлиги тарабынан атайын бош жаткан эки кабаттуу имарат балдар бакчасына сунушталып, 7 ай ичинде имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жылуулук системаларынан бери коюлду. Бакчаны капиталдык оңдоодон өткөрүүгө  республикалык бюджеттен 5 миллион 700 миң сом каражат бөлүнүп берилди. Капиталдык оңдоодон сырткары балдарга керектүү болгон эмеректерден бери камсыз болду. 90 орунга ылайыкташкан бакча июль айында расмий ачылуусу күтүлүүдө.

Ал эми №52870 аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин 35 бала бакчага келет, калганын жергиликтүү жашоочулардын балдары кабыл алынат.  Бакчадагы штат маселеси да чечилген.  

Быйылкы жылы балдардын жайкы эс алуусу 15-июндан башталат. Мындан улам  балдар эс алуучу айрым лагерлердин абалы менен Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева кабар алып келди. Тактап айтканда, бүгүн 7-июнь күнү Сузак районуна караштуу Кара-Алма токой чарбасынын аймагында жайгашкан лагерлердин жана жарандарды тейлеген эс алуучу жайлардын абалын жеринен район акими Абдумуктар Маматов, акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Асылкан Раманкулова, областтык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Үсөнкул Жороев көрүлдү. Адегенде Сузак районунун Октябрь айылында жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйүндө тарбияланган балдар үчүн  иштетилип келе жаткан “Жеткинчек”  лагерине көз чаптыруудан баштады. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды

Жалал-Абад шаарында электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселесин  ишкерлердин катышуусундагы тегерек үстөлдө талкууланды Жакында  “Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин электрондук-санарип кол...

6 - Июня  2016 | 17 : 39481
Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди

Социалисттик Эмгектин Баатыры Шамшидин Сүйөркулов атындагы борборлоштурулган аймактык оорукананы медициналык кызматкерлердин республикалык тармактык профсоюздарынын өкүлдөрү көрүп чыкты. Мамлекетибиздин ...

6 - Июня  2016 | 17 : 421774
Төрт бөлмө жаңы  ачылды Төрт бөлмө жаңы ачылды

Тогуз-Торо районунун №4-Иса Иманбердиев атындагы орто мектептин мугалимдери мектеп окуучуларына тереңдетилген билим берүүгө умтулууда. Бул багытта мектепте өткөн жумада жаңыдан төрт класс-кабинет  ачылды. Бул...

6 - Июня  2016 | 17 : 44453
Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту

Бүгүнкү күнгө чейин Жалал Абад областында 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту. Мугалимдер, медиктер жана  соц кызматкерлер жеңилдетилген кредиттен үй-жайга ээ болуп келсе, эми жалпы эле бюджетте иштеген...

7 - Июня  2016 | 12 : 491263
159 миң 28 турак жай камсыздандырылды 159 миң 28 турак жай камсыздандырылды

Жалал-Абад областында 200 миң турак жай камсыздандырылыш керек болсо 159 миң 28и мамлекеттик камсыздандыруудан өтүү. Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана  айрыкча шаар жерлеринде үй жайын камсыздандыргандар...

7 - Июня  2016 | 12 : 52364
Кургак учук көбөйдү Кургак учук көбөйдү

 Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери беш бала кургак учук менен ооруду. Былтыр бул дартка тогуз бала кабылган болчу. Чоң адамдардын да  кургак учукка чалдыгуусу көбөйгөн. Быйыл беш айдан бери 35 жаран ооруса, ...

9 - Июня  2016 | 12 : 3737
Кайра иштетүүгө кызыгуу бар Кайра иштетүүгө кызыгуу бар

Областыбызда кытай инвестициясынын жардамы менен жүндү  жана терини кайра иштетүүгө көңүл бурулмакчы. Курортко асма көпүрө куруу да кытай ишкерлеринин колдоосунда ишке ашмакчы. Бул тууралуу Кытай Эл...

10 - Июня  2016 | 16 : 35183