Жаңы саамалыгы көп “Жалалабатэлектро”

26 - Декабря  2017 | 14 : 7540
Жаңы саамалыгы көп “Жалалабатэлектро”

 

 

Өткөн аптада областта  энергетиктердин кесиптик майрамы кызуу белгиленди.  Кесиптик күндүн тарых таржымалына токтоло турган болсок, 1966-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун токтому менен 1920-жылы Бүткүл Орусиялык Кеңештин сегизинчи сьездинде Орусияны электрификациялоо мамлекеттик планын кабыл алуу күнүнө карата кабыл алынган. Ал эми Кыргызстанда  энергетиктер күнүн белгилөө боюнча  1994-жылы Өкмөттүн токтому чыгып, кесиптик күн катары белгиленип келе жатат. Бул  майрамды Орусия, Кыргызстан, Беларусь, Армения, Казакстан, Украина мамлекеттери  гана белгилейт.  Быйыл энергетиктердин  күнүнө карата  Аксыда электр тармактар ишканасы жаңы имараттуу болду, областка атайын кызматтык унаалар  келди.  

 

Он бир айда электр энергиясы үнөмдөлдүбү?  

Он бир айдын жыйынтыгы менен электр энергиясын пайдаланууга 1 387,16 млн.кВт.саат электр энергиясы мерчемделсе, иш жүзүндө 1 375,1 млн.кВт.саат,  же болбосо мерчемден  12,06 млн.кВт.саат электр энергиясы аз пайдаланылды.   “Жалалабатэлектро” ААКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, он бир ай аралыгында  66 даана 35 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.  Ал эми 35 кВ аба электр чубалгылары боюнча  428,5 чакырым  оңдоону планга киргизилген болсо,  иш жүзүндө 431,35 чакырым оңдоодон өттү. 6-10/0,4 кВ кошумча трансформатордук пункттарды куруу иштери да жүрүп, жалпы  27 даанага трансформатор орнотулду.  Мындан сырткары ашыкча күч келип иштеп жаткан трансформатордук пункттардагы трансформаторлорду жогорку кубаттуулуктагы трансформаторлорго алмаштыруу иштери колго алынып, жыйынтыгында 46 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулады. Авариялык өчүрүүлөр дагы жыл өткөн сайын саны кыскарууда.

 Мисалга 2017-жылдын он бир  ай ичинде 6-10 кВ электр орнотмолорунда 1347 авариялык өчүүлөр катталып, 2016-жылдын 11 айына салыштырмалуу 252 өчүүлөргө кыскарган.

-Авариялык өчүүлөрдүн кыскарышына электр орнотмолорундагы капиталдык жана утурумдук оңдоолордун сапатынын такай көзөмөлгө алынгандыгынын жана оңдоолорду өз убагында аткаруунун  негизинде жетише алдык. Узап бара жаткан жылдагы жетишкендиктери катары 35/10 кВ “Рахманжан” жана “Ленинская” көмөк  чордондорундагы 4000 кВА трансформаторлору 6300 кВА трансформаторлоруна алмаштыруу иштеринин жүргөнүн айтууга болот. Андан сырткары  ВЛ-35 кВ Шакафтар-Терек-Сай аба электр чубалгысына СК-22 маркадагы 21 даана жана У-35 маркадагы 5 даана таянычтар орнотулуп, 5,0 км тилкеси реконструкцияланган кадамды да сөз кылууга арзыйт.

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында электр эсептегичтеринин мамлекеттик текшерүү мөөнөтү аяктаган мекеме-ишканаларга, коммерциялык багыттагы керектөөчүлөргө электр энергиясын пайдалануусун жана төлөмдөрүн интернет аркылуу такай көзөмөлдөп туруу үчүн керектөөчүлөрдүн эсебинен 572 даана GSM электр эсептегичтери орнотулду. Ошондой эле өзүбүздүн акционердик  коомдун  балансындагы 35/10 кВ чыңалуудагы көмөк чордондордо 6 даана GSM электр эсептегичтери орнотулду - деп билдирет басма сөз кызматы.

 

Жаңы имарат, жакшы шарт...

 

Жылды жакшы көрсөткүч менен жыйынтыктап жатышкан  энергетиктерде саамалыктуу да иштер болду. Тактап айтканда, 21-декабрь күнү  Аксы  райондук электр тармактар ишканасы эки кабаттуу жаңы имаратка ээ болушту. Заманбап жабдыктар менен кошо жабдылып тапшырылган имараттын ачылуу аземине "Жалалабатэлектро" ААКнын директору Кеңешбек Маматканов, район акими Масалбек Мырзамамытов катышты. К. Маматканов  ары оор ары түйшүктү кесип ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

-Элге жылуулук, жарык берип келебиз. Бул кесипти аркалоо биз үчүн сыймык. Бул имараттын бүтүүсү бизди да кубандырып турат. Сиздерге дагы областка келген унаалардын бирөө берилет - деди ал.

Электр тармактарында эмгектенип, пенсия  жашындагы ардагерлер учурунда имаратты көрсөтүүдөн, олтуруудан уялып жүрүп иштешкендигин, эми түзүлгөн шартта жумушту колго алуу керектигин айтышты.

Аксы райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Өмүрзак Байназаровдун айтымында мындагы кызматкерлер 60 жылдан бери имараттуу болууну самап келишкен. Анткени,  100дөн ашуун кызматкер  олтурган имараттын эскилиги жеткендиги жана тардыгы аларды түйшөлтүп келген болчу.

 

-Мурда биз олтурган жер участка катары  чакан болуп түшкөндүктөн кызматкерлер кыйналып келишти. Олтурчу жайыбыздын тардыгынан уялчу элек, бир орунга үч кызматкер олтуруп,  эл жүгүн аркалап келдик. Ошентсе да,  район-шаарлардагы электр тармактар ишканалар арасында өз ишмердиктерибиз боюнча алдыңкы төрт орундуктун катарында келе жатабыз.   Буйруса,  кызматкерлер үчүн шарт түзүлдү,  жаңы дем күч менен жумушубузду уланта беребиз - дейт Аксы райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Өмүрзак Байназаров.

Маалым болгондой жаңы мекеме  «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун каржылоосунда бүткөрүлгөн.  Тактап айтканда  мекеме куруу үчүн 10 миллион сомго тендер жарыяланып,  «Мега континент» ЖЧКсы  8 миллион сомго  утуп алган. 2016-жылы курулушу иши башталган жай өткөн апта толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

 

Темир тулпарлар тапшырылды

Үстүбүздөгү жылдын 22-декабрында   «Жалалабатэлектро» ААКсы да кесиптик майрамды жогорку деңгээлде белгилешти. Ага  Улуттук Энергетикалык холдинг башкармалыгынын электр энергия жана жылуулук бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Рустам Садыков жана област  жетекчилери катышты. Өмүрүн энергетика тармагына арнаган кызматкерлер Энергохолдингдин медалдары жана ардак грамоталары менен сыйланышты.

Салтанат аягында эки “ УАЗ”  үлгүсүндөгү жана  “Лабо” маркасындагы автоунаалар тапшырылды. Алар алыскы тоолуу райондордогу электр тармактар ишканаларына берилет. Башкача айтканда “УАЗ”  Кочкор-Ата шаарына, Токтогул районуна, “Лабо” үлгүсүндөгү машиналары  Жалал-Абад, Көк-Арт РЭСине жана Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасына берилди. Бул кызматтык  унаалардын баары тең ачык акционердик коомдун өз каражаты менен алынган.  Аталган коомдун жетекчилиги кызматкерлерге шарт түзүү, унаалар менен камсыздоо кадамдары мындан ары да жандана берээрин билдиришүүдө. Ылайым эле ошондой болсун.

 

 Жумагүл ШАЙЫКОВА, «Акыйкат». 

 

 

  

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мекеним менин-Кыргызстан Мекеним менин-Кыргызстан

Кыргызстандагы башка аймактардан айырмаланып, Жалал-Абад жергеси  чер токойлуу келип, даңазалуу жаңгагы алма,мисте, алчасы, табигый, тарыхый эстелик жайларга бай жана  туризм тармагын өнүктүрүүгө жетиштүү...

7 - Июня  2016 | 18 : 221367
Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан

Советтик доорду канчалык  “андай эле, мындай эле” деп, сындаганыбыз менен, ал учурдун өзүнүн керемети , касиети жана идеологиясы, анан ошол системаны бекем кармап турган адамдары болгон. Коммунисттик...

7 - Июня  2016 | 18 : 293655
Жаштар –  туура кадам, таза максат үчүн! Жаштар – туура кадам, таза максат үчүн!

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү “Жаштар - туура кадам, таза максат үчүн!” аттуу республикалык жаштар форуму областта үчүнчү жолу өткөрүлдү. Активдүү жаштардын башын бириктирген иш-чара  жаңгак токою...

17 - Июня  2016 | 14 : 372188
Питерде жумушсузга иш бар Питерде жумушсузга иш бар

Областтын кырк жашка чейинки жумушсуз адамдары үчүн Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан 89 бош жумуш орун табылды. Бул максатта республиканын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын...

17 - Июня  2016 | 16 : 191272
“Аза көйнөк азабы...” “Аза көйнөк азабы...”

    Кыргыздын кылым карыткан каада - салттары бар. Ал муун улап жашап келет. Мезгил алмашып, “заман өзгөрдү” деп, айрымдарын унутта да калтырып жатабыз. А бирок,  улам жаңырып, заманбап  “түскө”...

22 - Июня  2016 | 17 : 361484
Кошуналар алчадан  сок жасайт, а биз... Кошуналар алчадан сок жасайт, а биз...

                Жалал-Абад базарында  алча  18-20 сомдон сатып алынып, Казакстанга  экспорттолуп жатат. Төрт жылдан бери алча ташыган Арзымат күнүнө анын 2-3 тоннасы Талас аркылуу Чимкентке...

24 - Июня  2016 | 19 : 482557
Эл комиссары жөнүндө баян Эл комиссары жөнүндө баян

“Тарых жана маданият жылына” карата    Шарапат эненин эскерүүсү Токсонго барып калган Шарапат байбиче Барпы аймагынан чыккан Эл комиссары Абдукадыр Абдраимов жөнүндө төмөнкүчө...

22 - Июля  2016 | 18 : 401797