Үй-бүлө ууланды

26 - Декабря  2017 | 14 : 19339
Үй-бүлө ууланды

 

 

Базар-Коргон районуна караштуу Таш-Булак айылындагы  Нурмаматовдордун үй-бүлөсүнөн төрт жаран   кышка камдалган салаттан ууланып, райондук ооруканага түштү.  Райондук ооруканадан маалым болгондой, оорулуулардын бирөөсү оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.  Салаттан ууланган үй-бүлөнүн кожоюну  Мырзабек Нурмаматовдун айтымында, 17-декабрь күнү келини палоо демдеп, үй шартында даярдалган бадыраңды кошо жешкен. Ошол эле күнү 23 жаштагы уулу ооруп, куса баштаган.

-Дароо эле Базар-Коргон аймактык ооруканасына алып келдик. Нөөмөтчү врач уулума тынчтандыруучу укол сайып, кайра бизди жөнөттү. Эртеси күнү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна келсек, аш казанда эч нерсе болгон эмес,  бөйрөктө туз бар экен деп диагноз коюп, кайра кетирип жиберишти. Дарыгер дайындаган дарылардан бир таблетка ичкенде эле баламдын абалы оорлой баштады. Кайра ооруканага алып келсек, хирург көрүп,  дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырды. Үйдө кармап олтура бергенибизде арты жакшы болбой калмак экен. Дароо кызыма байланышсам ал дагы башы ооруп, көзү тумандап жатканын айтты. Кызымды алып келгиче өзүмдүн да абалым оорлой баштады. Уулум дурус эми кызым жандандырууга түшүп калды-дейт М. Нурмаматов. Дагырлер үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы туруктуу экенин айтышууда.

Кошумчалай кетсек, дубанда жыл башынан бери 17 жаран ууланган.

Ботулизм дарты 1793-жылы катталган анда 13 жаран колбаса жешип алтоо каза таапкан. Латынча которгондо “botulus”- колбаса дегенди түшүндүрүп ошондон бери ботулизм деп диагноз коюлуп келет. Ботулизмдин бактериялары козу карында жана бир жылга чейин сакталган туздалган бадыранда жана салаттарда көп кездешет. Сатистикага таянсак жылына дүйнө жүзүндө 1000ге жакын ботулизмге уулангандар катталса, ар бир 5-адам көз жумат.    

Жумагүл ШАЙЫКОВА. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Аксыда дарыгерлер жетишсиз Аксыда дарыгерлер жетишсиз

Райондогу медициналык мекемелер менен ооруканаларга жогорку маалыматтуу, адис жыйырма врач жетишпей жатат. Акимдин орун басары З. Калматованын  билдиришине караганда бюджеттен каржыланган медициналык жогорку...

1 - Июля  2016 | 13 : 391449
Кургак учукту дарылоодо кайдыгерликке барбайлы Кургак учукту дарылоодо кайдыгерликке барбайлы

  Улуттук “Кургак учук IV” программасы иштеп жатат Кургак учук оорусунун жугуштуу коркунучун кескин түрдө азайтуу максатында Жалал-Абад областындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде...

22 - Сентября  2016 | 17 : 101708
Оорулууга дем берген борбор Оорулууга дем берген борбор

  Оорулууга дем берген борбор   Жалал-Абадда “Диабетсиз балалык” ресурстук борбору бар. Кант оорусу менен жабыркагандарга моралдык колдоо көрсөтүшөт. Азырынча түштүк...

18 - Ноября  2016 | 10 : 33869
АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ? АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?

АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?   Кыргыз табыптары ысыгы өтүшүп кетип ооругандарды 40 күнгө чейин суу ичирип оорусунан сакайтып келген. Өткөн аптада япониялык окумуштуу ачка жүрүүнүн пайдалуулугу...

23 - Ноября  2016 | 12 : 252123
Дарыгерлер бар болсун Дарыгерлер бар болсун

“Ден соолук кадырын оорукчан жан билет” дегендей мен экинчи топтогу майып катары ден соолуктун кадырын жакшы билем. Ал эми ден соолукка ара кирген инсандар – дарыгерлер. Ар дайым дарыгерлердин жардамы менен...

30 - Декабря  2016 | 9 : 11868
Төрөт үйдө эне балага аппараттар алынды Төрөт үйдө эне балага аппараттар алынды

Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнө оорулуу аялдар жана оорулуу ымыркайлардын өмүрү үчүн өтө зарыл болгон  11 даана аба өткөрүп берүүчү  концентратор алынды. Бул тууралуу   областтык...

13 - Января  2017 | 10 : 20445
ОРВИ оозду ачтырды ОРВИ оозду ачтырды

           Өткөн жылы Жалал-Абад областында ОРВИ менен ооругандардын саны 44,4 пайызга жогорулап кеткен. Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун маалыматына...

20 - Января  2017 | 11 : 58754