«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому 2017-жылды ийгиликтүү жыйынтыктады

11 - Января  2018 | 4 : 7898
«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому  2017-жылды ийгиликтүү жыйынтыктады

 

 

 «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому 2017-жылды ийгиликтүү жыйынтыктады.  Тактап айтканда  кыргыз нефтичилери бир жылга белгиленген 85 миӊ тоннанын ордуна 102 миӊ 701 тонна нефть өндүрүп, жылдык көрсөткүчтү 121 пайызга жеткиришти. Бирок, газ өндүрүүнүн  планы аткарылбай калып, 3 миллион 957 миӊ куб метр газ аз камсыз болду. Же болбосло пландагы 30 миллиондун ордуна 26 миллион 43 миӊ метр куб газ өндүрүлдү. Мунун негизги себеби  Майлуу-Суу электр лампалар акционердик коому келишимде белгиленген 14,5  миллион метр кубдун ордуна  бар болгону 9 миллион 467 миӊ метр куб газ алышты. Завод муну ошол кезде ремонт иштеринин создуктурулуп кетиши менен түшүндүрөт.

  Ушул тапта 434 нефть өндүрүү качалкалары өндүрүмдүү иштетилип, күн сайын белгиленгенге караганда 60-70 тоннадан ашык нефть өндүрүлүүдө. Ушул тапта өндүрүлгөн нефть Жалал-Абаддагы нефтини кайра иштетүүчү «Кыргыз-Петролеум компани» заводуна жөнөтүлүп жатат.

Өндүрүштөгү мына ушундай ийгиликтери үчүн республикалык «Жетиген» журналы «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомуна «Жылдын мыкты өнөр жай ишканасы» номинациясын ыйгарды.

 

Басма сөз кызматы

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн  бала бакча ачылат Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

Былтыркы жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы  №52870 аскер  бөлүгүн расмий ачылуусуна келгенде, аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган.  Өлкө башчы...

9 - Июня  2016 | 11 : 30580
Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды

Жалал-Абад шаарында электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселесин  ишкерлердин катышуусундагы тегерек үстөлдө талкууланды Жакында  “Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин электрондук-санарип кол...

6 - Июня  2016 | 17 : 39530
Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди

Социалисттик Эмгектин Баатыры Шамшидин Сүйөркулов атындагы борборлоштурулган аймактык оорукананы медициналык кызматкерлердин республикалык тармактык профсоюздарынын өкүлдөрү көрүп чыкты. Мамлекетибиздин ...

6 - Июня  2016 | 17 : 421810
Төрт бөлмө жаңы  ачылды Төрт бөлмө жаңы ачылды

Тогуз-Торо районунун №4-Иса Иманбердиев атындагы орто мектептин мугалимдери мектеп окуучуларына тереңдетилген билим берүүгө умтулууда. Бул багытта мектепте өткөн жумада жаңыдан төрт класс-кабинет  ачылды. Бул...

6 - Июня  2016 | 17 : 44494
Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту

Бүгүнкү күнгө чейин Жалал Абад областында 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту. Мугалимдер, медиктер жана  соц кызматкерлер жеңилдетилген кредиттен үй-жайга ээ болуп келсе, эми жалпы эле бюджетте иштеген...

7 - Июня  2016 | 12 : 491301
159 миң 28 турак жай камсыздандырылды 159 миң 28 турак жай камсыздандырылды

Жалал-Абад областында 200 миң турак жай камсыздандырылыш керек болсо 159 миң 28и мамлекеттик камсыздандыруудан өтүү. Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана  айрыкча шаар жерлеринде үй жайын камсыздандыргандар...

7 - Июня  2016 | 12 : 52398
Кургак учук көбөйдү Кургак учук көбөйдү

 Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери беш бала кургак учук менен ооруду. Былтыр бул дартка тогуз бала кабылган болчу. Чоң адамдардын да  кургак учукка чалдыгуусу көбөйгөн. Быйыл беш айдан бери 35 жаран ооруса, ...

9 - Июня  2016 | 12 : 3823