Терек-Сайдан алынып келе жаткан сурьма ташы кармалды

9 - Июня  2016 | 11 : 351212
Терек-Сайдан алынып келе жаткан сурьма ташы кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнь күнү Таш-Көмүр шаарынын  түндүк аймагынын  чыга беришинен  оперативдик маалыматтын негизинде Ала-Бука районунун Терек-Сай аймагынан  7 тоннага жакын сурьма табигый асыл ташына окшогон заттарды жүктөп келе жаткан   оор жүк ташуучу унаа кармалды. Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда,  Таш-Көмүр ШИИБнин жана шаардык жол кайгуул күзөт кызматкерлери биргеликте токтотушкан. Сурьма ташы болушу мүмкүн деп күмөндөлгөн асыл таштарды   Токтогул районунун тургуну 1972-жылы туулган Ш. К аттуу атуул өзүнүн жеке менчик унаасына  документтери жок абалда, мыйзамсыз  жүктөп бара жаткан. Бул окуя ошол эле күнү Таш-Көмүр ШИИБнин кылмыш каттоо китепчесине катталып, тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан  тарабынан  тийиштүү иш мерчем жүргүзүлүп, унаа ШИИБнин аймагына киргизилди.  Ошондой эле соттук химиялык экспертиза дайындалды. Экспертизанын корутундусуна ылайык юридикалык баа берилет.

 -Алдын ала маалыматтарга караганда, сурьма ташына окшогон заттар  кытай өндүрүшөн чыккан мүшөктөргө жүктөлүп, Ала-Бука районунун Терек-Сай аймагынан алынып келе жаткан, божомолдоолорго караганда  унаадагы таштардын салмагы 7 тоннага жакын-, деп айтылат ОИИБден алынган маалыматта. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

"Кыргызнефтегаздын" айланасынан кара куурай табылды дейби?

Үстүбүздөгү жылдын 28-май күнү Ноокенде “Переро” операциясы жүргүзүлгөн. Ал иш-чара учурунда оперативдик маалыматтын негизинде Жалал-Абад ОИИБнин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн...

6 - Июня  2016 | 17 : 27584
Жараан өзүн өрттөдү Жараан өзүн өрттөдү

Жалал-Абад шаарында  өзүнө бензин чачып, ширенке менен өзүнө өрт койгон   Ала-Бука районунун тургуну Э.  Шерботоев аман калды. Ал эми саламаттыгы оор бойдон калууда.  Окуянын чоо жайына ар тараптуу кызыгып...

6 - Июня  2016 | 17 : 35493
11 жыл мурдагы “кек” 9-класстын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү... 11 жыл мурдагы “кек” 9-класстын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү...

    Учурда Сузак районуна караштуу Сымкат айылынын А. Тажибаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү боюнча түрдүү жоромолдор айтылып жатат. “Акча...

4 - Ноября  2016 | 11 : 41549
Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер

  Былтыркы жылы областтын жергиликтүү сотторунда 2074 кылмыш иши түшүп, областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 486 кылмыш иштери ачылган. Мындай маалымат областтык...

15 - Февраля  2017 | 3 : 28854
Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда

        Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан, Базар-Коргон РИИБнын КККне 167 саны менен катталган материалды карап чыгып, төмөнкүлөр аныкталган.  Базар-Коргон районунун Акман айыл...

28 - Марта  2017 | 2 : 56631
Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3... Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3...

Сузак районунун тургуну Түркияга алданып барып, сексуалдык кулчулукка кабылып, 3 ай 15 күн иштеп келген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин өкүлү Ширин Расулов облуста «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясынын жүрүшү...

7 - Сентября  2017 | 3 : 2792
Кумарпоздордун курмандыгы болдум Кумарпоздордун курмандыгы болдум

Адам сатуунун курмандыгы болгон каарманым маектешүүгө макул болбой жатып араң көндү. “Аты-жөнүмдү өзгөрт, кай жерден экенимди сураба” деген шарт менен баштан өткөн окуясын баяндоого...

7 - Сентября  2017 | 5 : 29831