Заманбап мектеп имараты бүттү

12 - Января  2018 | 6 : 5929
Заманбап мектеп имараты бүттү

 

 

 

Ноокен районуна караштуу Масы айылында 170 орунду заманбап мектеп имараты бүткөрүлдү. Былтыркы жылдын жаз айында курулушу башталган мектептин имаратынын ачылышы болуп, ага Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу Кыянбек Сатыбалдиев, имараттын курулушун толук каржылоого алган «Ас-Салам» коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.  Маалым болгондой, андагы жайга  райондогу билим берүүчү мекемелерден өтө эле алыстыкта жайгашкан айылда жашап, жол азабын тарткан окуучулар жайгаштырылат. Мекемеде заманбап шарттар түзүлгөн, интерактивдүү доскалар коюлуп,  компьютердик класс да эске алынып, балдар үчүн 20дан ашык компьютер коюлган. Ноокен райондук билим берүү башкармалыгынан алынган маалыматка караганда мектептин штат бирдигин чечүү боюнча министрликке кайрылуу каттары жөнөтүлүп, бул маселенин үстүндө иш алып барылууда. Быйылкы жылдын жаңы окуу жылынан тарта андагы  билим берүүчү жайда балдарга билим берилип баштайт.

Ыйгарымдуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жаңы имаратта эл керегине жараган билимдүү инсандар чыгышына тилектеш экенин билдирип, демөөрчүлөргө өз ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал,  жергиликтүү тургундарды ар кандай ушак айыңдарды токтотуу керектигин баса белгиледи.

- Биз демөөрчүлөргө заманбап имарат салып берген үчүн ырахмат айтышыбыз керек. Анан туугандар мектептин айланасында ар кандай айтылган ушак айыңдарды токтотолу. Демөөрчүлөр билим берүүгө кийгилишпейт, алар закат катары салып берип жатышат, андан башка саясат жок. Мектеп айыл өкмөттүн балансына өтүп жатат. Башка мектептер сыяктуу эле бирдей программада  билим берилет-деди ыйгарымдуу өкүл өз сөзүндө.

Кошумчалай кетсек, мектеп имаратына жана жатаканасына жалпысынан 51 миллион сом каражат жумшалган.

Аталган кайрымдуулук фонд ошол обьектинин жанына 180 метр тереңдиктен суу тартылып, саатына 8 тонна суу чыгара турган скважина куруп беришти жана төрт көчөгө суу тартышты. Бул үчүн жалпысынан 2,5 миллион сом каражат жумшалган.  Натыйжада 100дөн ашуун кожолук таза суу менен камсыз болушту. Жергиликтүү калк да бийлик өкүлдөрүнө, демөөрчүлөргө өз ыраазычылыктарын билдиришип, ак батасын беришти.  

Жүмагүл Шайыкова.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн  бала бакча ачылат Көк-Жаңгакта аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

Былтыркы жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Көк-Жаңгак шаарындагы  №52870 аскер  бөлүгүн расмий ачылуусуна келгенде, аскер кызматкерлеринин балдарын бакча менен камсыздоо маселеси айтылган.  Өлкө башчы...

9 - Июня  2016 | 11 : 30583
Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселеси талкууланды

Жалал-Абад шаарында электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу маселесин  ишкерлердин катышуусундагы тегерек үстөлдө талкууланды Жакында  “Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин электрондук-санарип кол...

6 - Июня  2016 | 17 : 39535
Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди Ооруканага профсоюз өкүлдөрү келди

Социалисттик Эмгектин Баатыры Шамшидин Сүйөркулов атындагы борборлоштурулган аймактык оорукананы медициналык кызматкерлердин республикалык тармактык профсоюздарынын өкүлдөрү көрүп чыкты. Мамлекетибиздин ...

6 - Июня  2016 | 17 : 421811
Төрт бөлмө жаңы  ачылды Төрт бөлмө жаңы ачылды

Тогуз-Торо районунун №4-Иса Иманбердиев атындагы орто мектептин мугалимдери мектеп окуучуларына тереңдетилген билим берүүгө умтулууда. Бул багытта мектепте өткөн жумада жаңыдан төрт класс-кабинет  ачылды. Бул...

6 - Июня  2016 | 17 : 44496
Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту Област а 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту

Бүгүнкү күнгө чейин Жалал Абад областында 7 адам ипотекалык насыядан үйлүү болушту. Мугалимдер, медиктер жана  соц кызматкерлер жеңилдетилген кредиттен үй-жайга ээ болуп келсе, эми жалпы эле бюджетте иштеген...

7 - Июня  2016 | 12 : 491302
159 миң 28 турак жай камсыздандырылды 159 миң 28 турак жай камсыздандырылды

Жалал-Абад областында 200 миң турак жай камсыздандырылыш керек болсо 159 миң 28и мамлекеттик камсыздандыруудан өтүү. Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана  айрыкча шаар жерлеринде үй жайын камсыздандыргандар...

7 - Июня  2016 | 12 : 52398
Кургак учук көбөйдү Кургак учук көбөйдү

 Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери беш бала кургак учук менен ооруду. Былтыр бул дартка тогуз бала кабылган болчу. Чоң адамдардын да  кургак учукка чалдыгуусу көбөйгөн. Быйыл беш айдан бери 35 жаран ооруса, ...

9 - Июня  2016 | 12 : 3825