Аймак жаңылыктары

23 - Января  2018 | 11 : 54351
Аймак жаңылыктары

 

ЖАЛАЛ-АБАД.. Шаарда Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарынын окуучулары үчүн «менин кирешелүү чарбам» аттуу семинар болуп өттү. Аны балдарды эмгекке үйрөтүү максатында Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматы уюштурду. Буга дейре Финляндия өкмөтүнүн каржылоосу менен  Ош, Чүй, Баткен областтарындагы алыскы 14 мектептин окуучуларына тренинг өткөрүлгөн. «Сууну натыйжалуу пайдалануу — бул туруктуу жамааттарды түзүүнүн негизи» долбоорунун ассистенти А. Токтосуновдун айтымында сууну натыйжалуу пайдалануу, жашылча-жемиштерди өстүрүүнүн негизги ыкмалары жөнүндө  маалыматтарды элге жеткиргендиги үчүн окуучуларга сертификаттар тапшырылды.

СУЗАК. Мундуз айылында  №11 - үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жамааты жаңы имараттуу болду. Имараттын ачылышына  аким Э. Омошев жана айыл эли катышты

Курулушка кайрымдуулук фонд 6 миллион сом, жергиликтүү бюджет 600 миң сом жумшап, заманбап жабдыктар алынган. -Буга чейин имаратыбыз тар болуп, ыңгайсыздык жаралчу. Эми чоң, жарык имараттуу болдук. Оорулуулар үчүн стамотология, анализ чыгарууга атайын лаборатория жана башка шарттар жакшырды, - дейт  башкы дарыгер Т. Кенжебаев.

СУЗАК. 10-январда райондун Ынтымак айылында кичи автобус менен жеңил автоунаа кагышты. Кырсыктын айынан жети адам оор жараат менен областтык ооруканага жеткирилди. Алардын ичинен жеңил унаанын айдоочусу каза тапты. Окуя «Жалал-Абад-Казарман» жолунун экинчи чакырымында болгондугун областтык жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмү ырастады.

ТОКТОГУЛ.  Жолдогу коопсуздукту көзөмөлдөө кызматынын жаңы имараты курулду. ОИИБдин басма сөз кызматы курулушту бүтүрүүгө жергиликтүү бийлик менен район тургундары жардамдашканын кабарлады.  Имарат 2017-жылдын жаз айында ашар ыкмасы менен райондук милициянын демилгеси аркылуу  башталган. Аймакта  алты миңге жакын унаа катталган. Жолдогу коопсуздукту көзөмөлдөөчү бул  кызмат Бишкек—Ош унаа жолунун 137 чакырымын тейлейт. Анда  жети кызматкер иштейт.

ТОГУЗ-ТОРО. Райондо тармак-тармак боюнча өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылууда. Акимдин орун басары Г. Султангазиева кабарлагандай былтыр инвестиция тартуу тармагында өсүү болду. Көп жылдан бери көйгөйлүү маселе болуп келе жаткан райондук оорукананын чатырлары толук жаңыланып, дарыгерлер сүйүндү. Ага мамлекеттин эсебинен 8, 3 миллион сом каражат жумшалды.

ЧАТКАЛ.  Терек-Сай айыл өкмөтүндөгү төрөт бөлүмүнө  кошумча жаңы имарат курулду. Бул тууралуу  райондук мамлекеттик администрациянын башчысы -  аким  К. Эшалиев билдирди. Анын блдиргенине караганда жаңы  курулуш  жети  миллион  сомго тургузулду. Ал жакынкы күндөрү  пайдаланууга берилет. Оорукананын башка бөлүмдөрүндөгү абал текшерилип, бейтаптарга түзүлгөн шарттар каралды.

 

 

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Цефей” мектеби иштөөдө “Цефей” мектеби иштөөдө

      Аксы районунун борбору  Кербен шаарында 2014-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Цефей” мектеби иштеп келет. Анын түзүүчүсү Бактыбек Калиевдин айтымында 2003-жылы  “Цефей”...

6 - Июня  2016 | 18 : 19826
“Алиманын” чеберлери “Алиманын” чеберлери

     Ушул учурда бир канча жылдардан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Бурул Нармырзаева айым жетектеген “Алима” тигүү цехинин даңазасы ашып турган кез. Анткени, андагы жыйырма  чебер...

6 - Июня  2016 | 18 : 241102
Чаткал жаңылыктары Чаткал жаңылыктары

               Райондун  Чаткал айыл аймагы жергиликтүү калк арасында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү  аракетин көрүүдө. Бул максатта  Дүйнөлүк Азык Түлүк программасынын...

23 - Июня  2016 | 11 : 181951
Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат

    Ала-Бука районундагы жайлоолордо балдар үчүн үч бакча быйыл ачылган. Ал бакчаларга бүгүнкү күндө малчы-койчулардын 47 баласы барат. Райондун борбору Ала-Бука айыл аймагына караштуу "Барчын"...

4 - Августа  2016 | 16 : 241760
Аксыда коллегия болуп өттү Аксыда коллегия болуп өттү

  Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аталган райондун быйылкы жылдын алты айында болгон согциалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын караган коллегия болуп өттү. Анда...

4 - Августа  2016 | 16 : 301246
Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү

  Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунда мектептер менен балдар бакчалардын имараттары толугу менен оңдолуп бүттү. Аларды 1-август күнү район тарабынан түзүлгөн атайын комиссия текшерип чыгып,...

4 - Августа  2016 | 16 : 371326
Токтогул кабарлары Токтогул кабарлары

   Райондун акимиинин орун басары Айна Набат кызынын берген маалыматына караганда жыл башынан бери райондо 12 жаъы обьект ачылып, 70 жумуш орду түзүлгөн. Калктын  социалдык турмуш абалын жакшыртуу...

19 - Августа  2016 | 17 : 272022