Аймак жаңылыктары

23 - Января  2018 | 11 : 56417
Аймак жаңылыктары

 

ЖАЛАЛ-АБАД. Шаарда болгон  жыйында бир топ маселелер  козголду. Мэриянын маалыматтык борбору билдиргендей көчөлөрдү кеңейтүү, мектептерди жана балдар бакчаларын куруу, мугалимдерди социалдык жактан колдоо, чет элде качып жүргөн К.Батыровго тиешелүү мүлктөрдү  муниципалдык менчикке алуу жөнүндө кеп жүрдү. 2017-жылы Жалал-Абад 3 миллиард 67 миллион 200 миң сомдук өнөр жай өнүмдөрүн иштеп чыгарган. Ишкерлер 641,6 миллион сомдук продукция өндүрүшкөн. Шаар жетекчилери сунуш-пикирлер 2018-жылдагы бюджетти кароодо  эске алынарын убада кылышты.

 

СУЗАК. Областтык ички иштер башкармасынын кызматкерлери каракчылыкка шектүү төрт адамды кармады.ОИИБдин басма сөз кызматы иш-чара  Сузак районунун Гулистан айылынын  тургунунун арызы боюнча жүргүзүлгөнүн кабарлады. Арыз ээси былтыр 13-январда  үйүнө кирген беткапчан  адамдар тапанча менен коркутуп, колу-бутун байлап, акча, алтын буюмдарын талап кылгандыгын жазган. Жабырлануучу  өмүрүнөн кооптонуп, кылмышкерлердин талабын орундаткан. Бул факты боюнча КЖКнын 168-беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Териштирүү иши жүрүүдө.

БАЗАР-КОРГОН. Көк-Алма айылына жаңы спорт зал курулууда. Айыл аймактын башчысынын орун басары С. Нурсеитовдун билдиришинче былтыр ага мамлекеттик бюджеттен 16 млн сом каралган. Курулуш иштери июль айында башталган. Май айында курулушу бүтөөр имаратка  6 млн сом сарпталды. Көк-Алма айылында 3 миңге жакын калк жашайт.

НООКЕН. “Ассалам” кайрымдуулук кору райондо эң жакыр деп эсептелген 78 үй-бүлөгө 25 тонна көмүр таркатты. Акимдин орун басары Н. Бекжигитованын тастыктоосу боюнча бир үй-бүлөгө 320 килограмм көмүр тийди. Райондо жакырчылыктын деңгээли 12, 3 пайызга барабар, ал былтыркы жылы 2, 4 пайызга азайган. Райондо жакырлардын тизмесинде 3022 үй-бүлө бар. 

АКСЫ.  Итагар айылында мектептин бакчасында өстүрүлгөн кара өрүктөн түшкөн 80 миң сомго 50 орундуу бала бакча ачылды. Мектеп директору А. Батыркуловдун айтымында балдар эки нөөмөттө тарбияланууда. Бакча Итагар орто мектебинин балансында турат. Имаратта бардык шарттар бар. Буга чейин бул айылда бала бакча болгон эмес.

ЧАТКАЛ. Волейбол боюнча  окуучулар арасында өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Райондук мамлекеттик администрация кабарлагандай мелдешке  райондогу 15 мектептин окуучулары катышты. Оюн мектептер аралык ынтымакты чыңдоо жана жаштар арасындагы кылмыштуулукту азайтуу максатын көздөдү. Анда С.Байдөөлөтов атындагы орто мектебинин окуучулары жеңүүчү болуп, ар кандай спорттук белектер менен сыйланышты. Буга дейре чана жана лыжа тебүү боюнча да жарыш уюштурулган.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Цефей” мектеби иштөөдө “Цефей” мектеби иштөөдө

      Аксы районунун борбору  Кербен шаарында 2014-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Цефей” мектеби иштеп келет. Анын түзүүчүсү Бактыбек Калиевдин айтымында 2003-жылы  “Цефей”...

6 - Июня  2016 | 18 : 19894
“Алиманын” чеберлери “Алиманын” чеберлери

     Ушул учурда бир канча жылдардан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Бурул Нармырзаева айым жетектеген “Алима” тигүү цехинин даңазасы ашып турган кез. Анткени, андагы жыйырма  чебер...

6 - Июня  2016 | 18 : 241161
Чаткал жаңылыктары Чаткал жаңылыктары

               Райондун  Чаткал айыл аймагы жергиликтүү калк арасында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү  аракетин көрүүдө. Бул максатта  Дүйнөлүк Азык Түлүк программасынын...

23 - Июня  2016 | 11 : 182054
Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат

    Ала-Бука районундагы жайлоолордо балдар үчүн үч бакча быйыл ачылган. Ал бакчаларга бүгүнкү күндө малчы-койчулардын 47 баласы барат. Райондун борбору Ала-Бука айыл аймагына караштуу "Барчын"...

4 - Августа  2016 | 16 : 241800
Аксыда коллегия болуп өттү Аксыда коллегия болуп өттү

  Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аталган райондун быйылкы жылдын алты айында болгон согциалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын караган коллегия болуп өттү. Анда...

4 - Августа  2016 | 16 : 301260
Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү

  Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунда мектептер менен балдар бакчалардын имараттары толугу менен оңдолуп бүттү. Аларды 1-август күнү район тарабынан түзүлгөн атайын комиссия текшерип чыгып,...

4 - Августа  2016 | 16 : 371346
Токтогул кабарлары Токтогул кабарлары

   Райондун акимиинин орун басары Айна Набат кызынын берген маалыматына караганда жыл башынан бери райондо 12 жаъы обьект ачылып, 70 жумуш орду түзүлгөн. Калктын  социалдык турмуш абалын жакшыртуу...

19 - Августа  2016 | 17 : 272105