Электрди үнөмдөп, кирешени көбөйтүңүз

6 - Февраля  2018 | 5 : 18328
Электрди үнөмдөп, кирешени көбөйтүңүз

       Жыл өткөн сайын электр энергияга болгон муктаждык да өстү. Бир кезде бир үйдө бир эле сыналгы болсо азыр  экиден-үчтөн кезиктирүүгө болот. Электр тогу аркылуу иштей турган үй-тиричилигине керектелүүчү заттардын да саны арбыды. Мисалы муздаткыч мурун  шаарда гана колдонулуп, айылдарда дээрлик жокко эсе эле. Азыр ар бир үйдө муздаткыч, чаң соргуч, компьютер сыяктуу буюмдарды колдонуу көбөйдү. Адистердин иликтөөсүндө компьютер же башка үйдө колдонуучу тиричилик техникалар иштебей турганы менен алар розеткага  уланып турат, муну менен электр кубаты кеткен жок деп түшүнүү туура эмес. Ошондуктан электр жарыгын сарамжалдуу пайдалануу үчүн иштебей турган учурда да бул приборлорду розеткадан сууруп коюу талапка ылайык.

Өзгөчө күз-кыш айларында турак-жайларды жылытууда электр энергияны колдонууда альтернативалык жолуна өтүү керек экени сунушталып келет. Бул деген кышында жер үйлөрдө, коомдук мончолор жана кафе-ресторандар көмүр жагып, электр тогун сарамжалдуу пайдаланууга өтүшүүдө.

Ал эми күнүмдүк турмушта үй-тиричилигине колдонгон электр энергияны үнөмдүү пайдаланууну ар ким өз үйүнөн баштоо керек.

Кир жуу, тамак даярдоо, сыналгы көрүү, уюлдук телефонду заряддоо, муздаткычга азык-түлүк сактоо, турак-жайды жылытуу жана үйгө жарык берүү... Айтор күнүмдүк тиричиликти электр энергиясыз элестетүү мүмкүн болбой калды.

Ошондуктан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу күнүмдүк жашоонун актуалдуу маселелеринин бирине айланды десек жаңылышпайбыз. Бул багытта ар кандай иш-чаралар бекитилип, заманбап жаңы технологиялар ойлонуп чыгарылып, ал технологиялар ишке киргизилүүдө.

Электр энергиясын күнүмдүк тиричиликте үнөмдөө менен үй-бүлөнүн кирешесине  чоң пайда алып келсек болот.

Электр энергияны үнөмдүү пайдалануу үчүн керектүү кеңештерди сунуштайбыз.

1. Союз маалында көп ставкалык электр эсептегичтер колдонулуп келген.

Түнкү саат 23-00дөн эртең мененки 7-00гө чейин ушул тарифти киргизип электртаймерлерди коюп электр энергиясын үнөмдөөгө болот.

2. Энергияны аз пайдаланган, иштөө мөөнөтү 100000 кв.саат болгон  жарык берүүчү диоддук лампаларды колдонуу жакшы натыйжа берет.

3. Адам өз үйүнө киргендеги  кыймылын пайдаланып  акылдуу розеткаларды коюп,үйдүн ичиндеги электрприборлордун баарын кыймыл датчиктери  аркылуу башкаруу

4. Тамак даярдоодо үй тиричилигинде биз электрэнергиясын көп сарптаган электрплиткаларын пайдаланып келебиз,анын ордуна плитканын үстүндө турган казанды гана ысыта турган индукциялык плиталарды пайдаланып дагы электрэнергиясын үнөмдөө

5. Үй ичин жылытуу үчүн биз электр от казандарын пайдаланып келебиз, инфракызыл нурданууну пайдаланып үй ичинде турган предметтерди жылытуу менен дагы электрэнергиясын үнөмдөө

6. Үй тиричилик техникаларын сатып алууда анын электр энергиясын үнөмдөө таблицасына көңүл буруу керек. Эң үнөмдүүсу A+++,A+,Aдеп белгиленет, ал эми көп сарптагандарга B,C,D,E,F,G лар кирет.

Электр энергиясын үнөмдөөнүн жогоруда айтылган жолдорун пайдалануу менен үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөп, башка пайдалуу керектөөлөрүбүзгө жумшасак максаттуу болот.

 

Жипариза Уметалиева

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мекеним менин-Кыргызстан Мекеним менин-Кыргызстан

Кыргызстандагы башка аймактардан айырмаланып, Жалал-Абад жергеси  чер токойлуу келип, даңазалуу жаңгагы алма,мисте, алчасы, табигый, тарыхый эстелик жайларга бай жана  туризм тармагын өнүктүрүүгө жетиштүү...

7 - Июня  2016 | 18 : 221363
Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан

Советтик доорду канчалык  “андай эле, мындай эле” деп, сындаганыбыз менен, ал учурдун өзүнүн керемети , касиети жана идеологиясы, анан ошол системаны бекем кармап турган адамдары болгон. Коммунисттик...

7 - Июня  2016 | 18 : 293653
Жаштар –  туура кадам, таза максат үчүн! Жаштар – туура кадам, таза максат үчүн!

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү “Жаштар - туура кадам, таза максат үчүн!” аттуу республикалык жаштар форуму областта үчүнчү жолу өткөрүлдү. Активдүү жаштардын башын бириктирген иш-чара  жаңгак токою...

17 - Июня  2016 | 14 : 372187
Питерде жумушсузга иш бар Питерде жумушсузга иш бар

Областтын кырк жашка чейинки жумушсуз адамдары үчүн Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан 89 бош жумуш орун табылды. Бул максатта республиканын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын...

17 - Июня  2016 | 16 : 191270
“Аза көйнөк азабы...” “Аза көйнөк азабы...”

    Кыргыздын кылым карыткан каада - салттары бар. Ал муун улап жашап келет. Мезгил алмашып, “заман өзгөрдү” деп, айрымдарын унутта да калтырып жатабыз. А бирок,  улам жаңырып, заманбап  “түскө”...

22 - Июня  2016 | 17 : 361484
Кошуналар алчадан  сок жасайт, а биз... Кошуналар алчадан сок жасайт, а биз...

                Жалал-Абад базарында  алча  18-20 сомдон сатып алынып, Казакстанга  экспорттолуп жатат. Төрт жылдан бери алча ташыган Арзымат күнүнө анын 2-3 тоннасы Талас аркылуу Чимкентке...

24 - Июня  2016 | 19 : 482557
Эл комиссары жөнүндө баян Эл комиссары жөнүндө баян

“Тарых жана маданият жылына” карата    Шарапат эненин эскерүүсү Токсонго барып калган Шарапат байбиче Барпы аймагынан чыккан Эл комиссары Абдукадыр Абдраимов жөнүндө төмөнкүчө...

22 - Июля  2016 | 18 : 401797