Кайрат Эргешов, кардиолог дарыгер: “Жүрөктүн инфаркт оорусу жашарууда”

9 - Февраля  2018 | 7 : 121087
Кайрат Эргешов, кардиолог дарыгер: “Жүрөктүн инфаркт оорусу жашарууда”

        

Өлкөдө оорудан каза болгондордун 50 пайызга жакыны жүрөк оорусунун кесепетинен экени аныкталып,көпчүлүк  бул дарт жөнүндө билгенге жана андан сактанууга өзгөчө кызыктаар болуп турган чак. Анткени азыр оорусаң капчыгың калың болуш керек экени белгилүү. Биз ушул жагдайдын абалы жөнүндө адис дарыгер менен баарлаштык.

-Кайрат мырза, статистикага караганда өлкөдө оорудан каза болгондордун 50 пайызга жакыны жүрөк кан тамыр ооруларынын себебинен болуп жатат. Бул жаатта биздин областта абал кандай болууда?

-Бизде жүрөк кан тамыр оорулары республикалык масштап менен бирдей эле.Медицинанын кардиология тармагында иштегениме он жылдан ашып калды. Бул аралыкта менин байкоомо караганда жүрөк оорусу оголе өсүү, жашаруу абалында.Азыр жыйырма жаштагы адам инфаркт дартына чалдыгып жатат. Мындан жыйырма жыл мурун атайын медициналык адабияттарда да айтылбаган. Анткени практикада жыйырма жаштагы адам жүрөктүн инфаркт оорусуна чалдыккан эмес. Эми күлгүн курактагы баланын  ушул ооруга чалдыкканы таң калбайсың. Менин практикамда эле 4-5 жолу өтө жаш курактагы адамдар итнфаркт дартына чалдыгышкан. Буга социалдык-экономикалык абал өтө кескин таасир берип жатат. Туура эмес тамактануу, жүрөктү күчкө салуу, анан калса үйрөнүп калган адаттар арак ичүү, тамеки тартуу да жүрөк оорусуна негизги себеп болууда. Акыркы убакта ашыкча салмак маселеси чоң көйгөй жаратууда.

-Сөзүңүзгө аралжы, чынында жүрөк дартына чалдыккандар көбөйдүбү же ооруну убагында табуу мүмкүнчүлүктөрү жакшырдыбы?

-Жылдан жылга жүрөк оорусу көбөйүп, жашарап да  бара жатат жана аны убагында таап дарылоо үчүн заманбап мүмкүнчүлүктөр жакшырды десе да болот. Азыр жүрөк дартын дарылоодо биздин кардио-борбор акыркы үлгүдөгү заманбап медициналык каражаттар менен дарылайт. Дарыгерлерибиз да күчтүү. Кеп оорулуулардын өз убагында кайрылбагандыгында болуп жатат. Жүрөк оорусунун алгачкы белгилери байкалып, дарт күчөй баштаган учурда келсе аны дарылоо, айыктыруу биз үчүн да, оорулуу үчүн да оңой. Тилеке каршы мындай болбойт. Оору өтүшүп кеткен учурда келишет.

-Балким байкабай, элес албай жүргөндүктөн өтүшүп кеткен учурларда келгендер болуп жаткандыр. Жөнөкөй адам оорунун алгачкы белгилерин байкай алабы? Же атайын кардиграммадан өтүү зарылбы?

-Өз алдынча байкаса болот. Оорулардын алгачкы белгилери ар түрдүү.Жүрөктүн кысылып оорушу, калыбында сокпогону , буттун шишигени жана демигип калганы-бул дарттын  алгачкы белгилери.

-Жүрөктүн тубаса кемтиги жана кийин пайда болгон кемтиктер тууралуу а     йтсаңыз?

-Чынында азыр жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар көп болуп жатат. Аял боюнда бар мезгилде алгачкы үч айда ден соолугуна жакшылап караш керек. Ушул айда бардык органдар калыбына келип жаткан учур болот. Сасык тумоолоп калуу ар кандай дарыларды кабыл алуу өтө коркунучтуу. Беш жыл ичинде төрт жүздөн ашуун балага операция жасадык. Былтыр эле жүздөн ашык бала операция столунан чыгат. Мындан эки-үч жыл мурун Базар-Коргон, Сузак райондоруна жана Майлуу-Суу шаарына барып мектептерде изилдөө жүргүзгөнүбүздө  ал жерде балдардын эки пайызга жакыны тубаса жүрөк кемтиги менен ооруганы аныкталган. Анын ичинен операция жасоого боло турганы 0,8 пайызды түзгөн. Айрым жүрөк кемтиктери өзү бүтүп кетет. Биз татаал жүрөк кемтиктерине гана операция жасайбыз. Тактап айтканда жүрөк кемтигинин операция кыла турганы да кылбай турганы да бар. Быйыл да Баткен, Ош областарынын алыскы аймактарына  медициналык экспедиция жасоону пландаштырып жатабыз. Кудай буйруса каражат маселеси чечилсе эле мектеп окуучуларын жана айыл тургундарын медициналык көзөмөлдөн өткөрөбүз. Кийин пайда болгон жүрөк кемтиги 95 пайыз  раматизм оорусунан улам  пайда болот. Азыр мигранттар арасында бул дарт менен ооругандар көп. Эки-үч жыл мурун 120дай оорулууга операция жасасак азыр эки жүздөн ашык адамды операция жасап жатабыз.

-Көпчүлүк жарандар жүрөккө операция жасатуу өтө кымбат жеңилдиктери жокко эсе деп нааразы болгонун угуп калабыз. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-Ооба жүрөктүн  операциясы кымбат. Жакынкы кошуна өлкөлөргө караганда бизде арзан. Алыскы мамлекеттерге караганда бизде жасалуучу операция өтө арзан. Жеңилдиктер жок эмес, жогорку технологиялык фонддон эки жарым миллион сом гана бөлүнүп берилип айрым жардамга муктаж оорулууларга жумшайбыз. Анын ичинен  атайын медициналык каражаттарды европадан сатып алабыз.

-Сиздердин жаңы имаратка көчүүңүздөр тууралуу сөз козголду эле...

-Бизге берилген имараттын биринчи кабатын толук оңдоп түзөөдөн өткөргөнбүз. Ал жерге ангиографиялык аппарат жайгаштырабыз. Азыр толук ишке кирүүгө шартыбыз келбей жатат. Буйруса кыш ичи маселелерибизди чечип жаз алды менен ишке киришебиз деп турабыз.

-Жүрөк оорусунун алдын алуу үчүн  адамдар эмне кылыш керек жана эмне кылбаш керек?

- Өтө оңой,туура тамактанып ашыкча жебеш керек. Алтыдан кийин тамактанууга дегеле болбойт. Семирип кетүүнун алдын алып, көп кыймылда болгон оң. Жаман адаттардан алыс болуу да керек. Колдон келген ушул нерсени аткарсак эле жүрөк оорусуна алып келүүчү факторлорду азайькан болобуз.

                                              Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Аксыда дарыгерлер жетишсиз Аксыда дарыгерлер жетишсиз

Райондогу медициналык мекемелер менен ооруканаларга жогорку маалыматтуу, адис жыйырма врач жетишпей жатат. Акимдин орун басары З. Калматованын  билдиришине караганда бюджеттен каржыланган медициналык жогорку...

1 - Июля  2016 | 13 : 391448
Кургак учукту дарылоодо кайдыгерликке барбайлы Кургак учукту дарылоодо кайдыгерликке барбайлы

  Улуттук “Кургак учук IV” программасы иштеп жатат Кургак учук оорусунун жугуштуу коркунучун кескин түрдө азайтуу максатында Жалал-Абад областындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде...

22 - Сентября  2016 | 17 : 101708
Оорулууга дем берген борбор Оорулууга дем берген борбор

  Оорулууга дем берген борбор   Жалал-Абадда “Диабетсиз балалык” ресурстук борбору бар. Кант оорусу менен жабыркагандарга моралдык колдоо көрсөтүшөт. Азырынча түштүк...

18 - Ноября  2016 | 10 : 33868
АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ? АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?

АЧКАЧЫЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?   Кыргыз табыптары ысыгы өтүшүп кетип ооругандарды 40 күнгө чейин суу ичирип оорусунан сакайтып келген. Өткөн аптада япониялык окумуштуу ачка жүрүүнүн пайдалуулугу...

23 - Ноября  2016 | 12 : 252123
Дарыгерлер бар болсун Дарыгерлер бар болсун

“Ден соолук кадырын оорукчан жан билет” дегендей мен экинчи топтогу майып катары ден соолуктун кадырын жакшы билем. Ал эми ден соолукка ара кирген инсандар – дарыгерлер. Ар дайым дарыгерлердин жардамы менен...

30 - Декабря  2016 | 9 : 11868
Төрөт үйдө эне балага аппараттар алынды Төрөт үйдө эне балага аппараттар алынды

Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнө оорулуу аялдар жана оорулуу ымыркайлардын өмүрү үчүн өтө зарыл болгон  11 даана аба өткөрүп берүүчү  концентратор алынды. Бул тууралуу   областтык...

13 - Января  2017 | 10 : 20445
ОРВИ оозду ачтырды ОРВИ оозду ачтырды

           Өткөн жылы Жалал-Абад областында ОРВИ менен ооругандардын саны 44,4 пайызга жогорулап кеткен. Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун маалыматына...

20 - Января  2017 | 11 : 58754