Аймак жанылыктары

9 - Февраля  2018 | 7 : 47695
Аймак жанылыктары

 

НООКЕН.  Масы кыштагындагы үйлөрдүн бирине “электриктин” атынан келип,  бир миллион сомдой акчалуу сейфти уурдаган эки адам Бишкектен кармалды. ОИИБдин басма сөз кызматы  алар адам өлтүргөндүгү үчүн соттолгон Ноокен районунун жана Ысык-Көл областынын тургундары экендигин билдирди. Экөө тең эч жерде иштебейт. Алар карактаган акчага жеңил автоунаа сатып алышкан. Окуяга КЖКнын 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.  Бишкек—Ош унаа жолунун четиндеги талаадан жабырлануучунун темир кутусу  ачылган абалда табылган.

  

КАРА-КӨЛ.  Алыскы айылдардан келип,  билим алган окуучулар үчүн акысыз автобус каттоодо. Билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиева айткандай, буга чейин ал окуучулар шаардагы туугандарыныкында жүрүп,  же батирде жашап,  окушчу.«Көк-Бел жана Чоң-Таш айылдарында жашаган окуучулар үйлөрүнө ата-энелеринин жардамы менен көчүрүлүп кетти. Акысыз автобус 25-январдан тартып, эртең менен жана түштө балдарды ташууда. Мындан ары окуучулар  кошумча сабактар менен ийримдерге да жол кире төлөбөй автобус менен келе башташат.

 

МАЙЛУУ-СУУ.  Мэрия кабарлагандай мүмкүнчүлүгү чектелген 12 үй-бүлө муниципалдык үйлөргө жайгаштырылды. Алардын турак жайга болгон муктаждыгы канааттандырылды.  

Алардын арасынан жети үй-бүлөгө көп кабаттуу үйлөрдөн  батир ажыратылды. Турак жайга муктаж болуп кезекте турган беш кожолукка муниципалдык жатаканалардан орун берилди.«КРнын Турак жай кодексине ылайык колдоого муктаж кожолуктар 1-2 бөлмөлүү болгон үйлөргө жайгаштырылды», - деп билдиришти  мэриядан.

 

АКСЫ. Райондун  тургунун шахтада таш басты. ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай окуя  31-январда,  Кара-Тыт айылында  көмүр казуу үчүн ачылган шахтада болду. Таштын алдында калган жаран — Жолборсту айылынын 1992-жылы туулган тургуну М.Ч. экени такталды. Издөө-куткаруу ишине  ошол эле күнү  ӨКМдин №6 - мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан он эки куткаруучу жөнөтүлдү. Алар  маркумдун жансыз денесин таап чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

 

ЧАТКАЛ.  Шамалдан жабыркаган  райондогу төрт  үй-бүлөгө 50 миң сомдон акчалай жардам берилди. Бул тууралуу  Чаткал райондук администрациясынан билдиришти. Билдирүүгө караганда буга чейин  ал үй-бүлөлөр өздөрүнүн  турак жайларын келишимдин негизинде мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна каттаткан.  Мамлекеттик камсыздандыруу мекемеси айыл-кыштактагылар бир жылга турак-жайларын 600 сомго камсыздандырса, кокус кырсык болсо, аларга 500 миң сомдон төлөнөөрүн жарыялоодо.

 

АЛА-БУКА. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында октон жараат алып, Намангандагы ооруканада дарыланган район тургуну 31-январда кайтып келди. Анын бутуна 27-январда чек арада ок тийген. Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын билдиришинче «Достук – унаа жолу» көзөмөл өткөрүү пунктуна аны  туугандары, Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн, УКМКнын, ИИМдин аймактагы бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен дарыгерлер тосуп алган. А.У. медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн дарооо ооруканага жеткирилген. Туугандарынын макулдугу боюнча эми  Бишкек шаарында дарыланат. Учурда анын абалы канааттандырарлык.

Ырысбай Абдраимов.

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Цефей” мектеби иштөөдө “Цефей” мектеби иштөөдө

      Аксы районунун борбору  Кербен шаарында 2014-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Цефей” мектеби иштеп келет. Анын түзүүчүсү Бактыбек Калиевдин айтымында 2003-жылы  “Цефей”...

6 - Июня  2016 | 18 : 19894
“Алиманын” чеберлери “Алиманын” чеберлери

     Ушул учурда бир канча жылдардан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Бурул Нармырзаева айым жетектеген “Алима” тигүү цехинин даңазасы ашып турган кез. Анткени, андагы жыйырма  чебер...

6 - Июня  2016 | 18 : 241161
Чаткал жаңылыктары Чаткал жаңылыктары

               Райондун  Чаткал айыл аймагы жергиликтүү калк арасында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү  аракетин көрүүдө. Бул максатта  Дүйнөлүк Азык Түлүк программасынын...

23 - Июня  2016 | 11 : 182054
Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат Ала-Бука районунда балдардын үч жайлоо бакчасы иштеп жатат

    Ала-Бука районундагы жайлоолордо балдар үчүн үч бакча быйыл ачылган. Ал бакчаларга бүгүнкү күндө малчы-койчулардын 47 баласы барат. Райондун борбору Ала-Бука айыл аймагына караштуу "Барчын"...

4 - Августа  2016 | 16 : 241800
Аксыда коллегия болуп өттү Аксыда коллегия болуп өттү

  Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аталган райондун быйылкы жылдын алты айында болгон согциалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын караган коллегия болуп өттү. Анда...

4 - Августа  2016 | 16 : 301260
Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү Ала-Букада мектептер ремонттолуп бүттү

  Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунда мектептер менен балдар бакчалардын имараттары толугу менен оңдолуп бүттү. Аларды 1-август күнү район тарабынан түзүлгөн атайын комиссия текшерип чыгып,...

4 - Августа  2016 | 16 : 371346
Токтогул кабарлары Токтогул кабарлары

   Райондун акимиинин орун басары Айна Набат кызынын берген маалыматына караганда жыл башынан бери райондо 12 жаъы обьект ачылып, 70 жумуш орду түзүлгөн. Калктын  социалдык турмуш абалын жакшыртуу...

19 - Августа  2016 | 17 : 272105