Эшигинен тешиги көп имарат

9 - Февраля  2018 | 8 : 28545
Эшигинен тешиги көп имарат

 

Жалал-Абад областтык көркөм-сүрөт жатак мектебинин имараты 7 жылдан бери авариялык абалда. “Дубалдары менен шыптарынан кеткен жаракалардан имарат көчүп түшүүсү мүмкүн” дешет адистер. Бирок,  ага карабастан мугалимдер  балдарды окутууга мажбур.  Анткени,  окуу жайды кайра курууга каражат жок, башка жака көчүрүүгө да имарат жок. Эскерте кетсек имарат  өткөн кылымдын 37-жылы эксплуатацияга берилген. Аталган дубанда 36 авариялык абалда турган  мектептер бар. Алардын он үчү  жаңыдан курулуп жатат. Жалал-Абад шаарындагы кооптуу абалдагы имараттардын абалы менен Жалал-Абад областынын  ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жетекчилер менен биргеликте шаар  ичиндеги имараттар менен таанышып чыкты

Ал адегенде Жалал-Абад  облусунда  жалгыз  көркөм сүрөт жатак-мектебинин абалын көрүп чыкты.  Маданият жана маалымат министрлигинин балансында турган таланттуу балдар мектебинин   имараты  авариялык абалда. 

-Мектептин шыптары менен  дубалдарынан жарака кетип,  урап калуу коркунучунда. Балдардын өмүрлөрүнө кооптуу болгонуна карабастан мугалимдер тобокелге салып,  жети  жылдан бери окуу процессин  токтотпой келишет, - дейт областтык көркөм-сүрөт жатак -мектебинин директору  Шарабидин Орозалиев. - Мектептин чатырын жабуу керек, ичин толук капиталдык ремонттоодон өткөрүү зарыл, жатакана да оңдоп-түзөөгө муктаж. Министирлигибиз да казынада акча жок, болуп калса,  караштырып көрөбүз деген. Эми күтүп жатабыз,  качан казынада акча болот? деп. Ага карабай былтыр сурөт тартчуу бөлмөнү, кыздардын жана балдардын жатаканасын үстүртөн ремонттоого аргасыз болдук.

-Мектептин дубалдарынан тышкары  чатырынан да суу өтөт, жаан-чачында чакаларды тамчы өткөн жерлерге коюп,  сабак өтүшөт. Болбосо кааналар сууга толуп кетет , - дейт  аталган мектептин окуучусу  Айзирек Мырзакматова. - Жамгыр жааган учурда чатырлардан суу тамат, көрүнгөн жерге чака коюп сабак өтөбүз. Сүрөт тартуу - бул өзунчө искусство. Бардык шарт  болсо, сүрөттөөгө  өң-түс берүү жанданып, сүрөт маанайга жарашат кооз чыгат.

Айта кетсек,  жатак мектепте окуучулар күнүнө төрт маал тамактанып, тамак ашы маданият министрлигинен түз каржыланат. Областтагы  авариялык абалдагы 36 мектептин  25и таптакыр кооптуу, бирок аларда окуу процесси  толук жүрүүдө.  Дубанда  ушундай кейипке келген   8 бала-бакча жана балдар китепканасы да бар. Өкмөттүн областтагы өкүлү   Кыянбек Сатыбалдиев:

-Кооптуу делген имараттарда   үстүртөн ремонттоо иштери гана болуп жатат. Аталган мекеме республикалык казынадан каржыланган мектеп.  Ага карабастан жетекчилигине тапшырма берилди.  Генпланы түзүлсө, республикалык деңгээлде чечүүгө убадамды бердим. Анткени,  мындагы балдар заманбап, бардык шарты менен болгон мектепте билим алып, жогорку искусство таануучулардын   колдорунан жаралган сүрөттөрдү  да жарата деген үмүтүм чоң.

“Жараксыз деп табылган социалдык имараттарды толук жаңылоого азырынча каражат жок” дешет жергиликтуу бийлик.  “Көркөм-сүрөт жатак мектеби  үч жылдан  бери жаңыланат”  деп убада берип келет атка минээрлер.  Бирок,  “ага чейин имарат кулап калбайт”  дегенге кепилдик жок. Ага карабастан  балдар  өз өмурлөрүн тобокелге салып,  авариялык мектепте билимин улантып жатышат.

Ал эми Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүндө  жайгашкан областтык китепкана 1923-жылы салынып,  учурда кыйроо  абалда.  1926-жылы июль айында Жалал-Абад областтык китепканасы катары  түзүлгөн.

Ал алгачкы коомдук китепкана деп аталып, бир гана тейлөө бөлүмү болгон. Бир кылымга дейре тарыхы бар бул китепкананын имаратынын чатыры урап түшүү коркунучунда. Шиферлери сынып, китеп сактоочу бөлмөлөргө чейин суу өткөн учурлар кездешет. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад областтык китепканасынын фондунда 118350 нуска китеп бар. Сактоо жагын заманбап талапка жооп бербеген шартта сакталгандыктан айрым китептер ным тартып кеткен учурлар кездешет. Китепкананын жетекчиси Сейилкан Аталиева:

- Үч кабаттуу жаңы имарат тургузуу  максатында 2006-жылдан бери Эл аралык уюмдарга сметалык баасы 60млн сомдук болгон проектини сунуш кылып келебиз. Бирок,  министрлик жаңы имарат куруу мүмкүн эместигин,  чатырын гана алмаштырууга көмөк көрсөтөөрүн айткан. Чатырынын сметалык баасы 2млн сомдун тегерегинде болчу. Бирок, чатырын алмаштыруу жагы да токтоп турат. Ага карабастан быйыл китепкананын кызматкерлеринин күнүнө карата 10-юбилейлик китепкана форуму областтык китепканада өткөнү жатат. Форумга даярдык көрүп жатабыз жана жетекчиликтерге кайрылуу да жолдогонбуз, быйыл жок дегенде сметалык баасы  700 миң сомдук  болгон имараттын полдук тактайларын алмаштырып алсакпы дегенбиз. Анын 300 миң сомун министрлик каржыласа,  калган каражат өкүлчүлүк тараптан бөлүнүп берилсе деп кат жолдогонбуз.

-14 миңден ашуун окурманы бар, 16 китепкана кызматкери эмгектенген бул жайды көрүп, өтө зээним кейиди. Анткени бөлмөлөр өтө суук, китептер желдеткичи жок сакталып, жамгыр жааган маалда кай жеринен тамчы тамат деп,  шыбын аңдып олтурушуп,  күн кечиришет экен. Ошондуктан кызматкерлерге алкыш айтуудан башка эч нерсе деп айта албайм. Ал эми имарат жагына кайрыла турган болсок,  жаңы,  заман талабына жооп берген имарат куруп берүү керек. Болгондо да борбордук көчөдө орун алгандыктан шаарга жаңы имараттарды салуу зарылчылыгы келип турат. Жетекчиси жаңы,  үч кабаттуу китепкананын долбоору менен бир жолу кайрылган.  Ошондон тарта өзүмдүн көзөмөлүмө алуу менен имарат курууну  Өкмөттүк деңгээлде чечүүнү сунуштайбыз - деди Өкмөттүн областтагы өкүлү К. Сатыбалдиев.

Эскерте кетсек областтык китепкананын алгачкы фонду  892 нуска китеп болгон.  50-60 гана окурманды тейлеген   бир  кызматкер эмгектенген. Кийин китепканада уюштуруу иштери жүргүзүлүп,  фондго китептерди топтоо башталган. 1938-жылы Н.В. Гоголь атындагы Жалал-Абад шаардык китепкана болуп негизделген. 1939-жылы 21-ноябрда Жалал-Абад областы  түзүлгөндө китепкана ошо жылдан 1959-жылга чейин областтык борбордук китепкана болуп турган. Ал эми 1993-жылдан баштап, шаардык борбордук китепкананын базасында Жалал-Абад областтык китепкана негизделген. Учурда ал областтын аймагындагы 192 китепканага усулдук жардам көрсөтөт.

 

Элиза АКЖОЛТОЕВА

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майда эмес маселелер арбын Майда эмес маселелер арбын

Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүндө өткөн коллегияда жарандарды турак жай менен камсыз кылуу, административдик башкаруунун  абалы  ошондой эле  тарых жана маданият жылындагы аткарылып жаткан иштер...

6 - Июня  2016 | 18 : 71018
ВИЧ илдети баш ооруга айланууда ВИЧ илдети баш ооруга айланууда

  Област аймагында бүгүнкү күндө  708 атуул ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алган, анын 76сын жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт. Мындай маалымат областтык саламаттыкты сактоонун координациялык кеңешменин Ноокен...

6 - Июня  2016 | 18 : 111302
Секелектердин тагдыры сестентет Секелектердин тагдыры сестентет

Областта акыркы үч жылда 15-17 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу көбөйдү.  Ага мисал иретинде 2013-жылы 146 кыз үй-бүлө курган. Андан кийинки жылы 205 кыз мектепти бүтпөй турмуш жолуна аттанган. Былтыр  212 өспүрүм кыз...

6 - Июня  2016 | 18 : 42833
Үй курганга жер берчи Үй курганга жер берчи

2009-жылы республикада сугат аянттарды турак-жай үчүн бөлүп берүүгө мораторий жарыяланган. Ага чейин өлкө аймагында 38  миң  адам  айыл чарба жерлеринин сугат жайларына 42 миӊ турак  жай куруп алган. Бирок,...

7 - Июня  2016 | 12 : 451023
Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады Шаардыктар көчөнү кеңейтүүнү каалады

Жалал-Абад шаарынын  Ленин көчөсүн кеңейтүүнүн  экинчи этабы башталды. Борбордук жолду кеңейтүү  жумушун колго алган шаар бийлигинин  аракетин  шаар жашоочулары гана эмес,  областтын  калкы да...

10 - Июня  2016 | 16 : 40531
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН? ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭСКИ ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫН ЖАНА ЖЕРИН КИМ САТКАН?

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы быйылкы 17-майда Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 26-июнундагы №41 жер аянтын сатуу жана сатып алуу...

15 - Июня  2016 | 10 : 31318
Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө Бизнес-форум – дыйкан менен ишкерге көпүрө

Жалал-Абад шаарында  21-22-июнь күндөрү  айыл чарба азыктарын жарнамалоону жана областка инвестиция тартууну көздөгөн  II Эл аралык  бизнес форум   болуп өттү.  Анда  айыл чарба азыктарынын...

27 - Июня  2016 | 12 : 221655